Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 5-АВГУСТ
ФИЛИППИН

Филиппинде жер силкинди

Филиппинде жер силкинди

2019-жылдын 27-июлунда Филиппиндин Манила шаарынын түндүгүнөн 690 километрдей алыстыкта жайгашкан Итбаят деген чакан аралда эки жер титирөө болду. Жер титирөөлөрдүн кубаттуулугу 5,4 жана 6,4 баллды түзүп, 9 кишинин өмүрүн алып кетти. Ошондой эле 64 киши жапа чегип, 266 үй талкаланды. Бийлик өкүлдөрү жер титирөөлөрдөн 2 968 киши жабыркаганын билдирди.

Бактыга жараша, бир туугандардын эч кимиси каза тапкан жок. Бирок бир ишенимдешибиз анча-мынча зыян тарткан. Андан тышкары, эки ишенимдешибиздин үйү катуу талкаланып калган.

Филиал Кырсык болгондо жардам берүү комитетин түзүп, бир туугандарды тамак-аш, суу сыяктуу зарыл нерселер менен камсыз кылууда. Ошондой эле филиалдын өкүлдөрү кырсыктан жабыр тарткан бир туугандарды сооротуп-жубатып, зарыл жардам көрсөтө баштайт.

Жер титирөөдөн зыян тарткан бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз. Биз «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайыбыз» Жахабанын ишенимдештерибизге мындан ары да кам көрө береринен шектенбейбиз (2 Корунттуктар 1:3).