Мазмунун көрсөтүү

Суу каптаган аймактардын бири Гужарат штатындагы Вадодара шаары

2019-ЖЫЛ, 16-АВГУСТ
ИНДИЯ

Индиянын батышын суу каптады

Индиянын батышын суу каптады

Жаңылыктардан берилген маалыматка ылайык, Индиянын батыш тарабындагы Гужарат, Махараштра, Карнатака, Керала штаттарын суу каптап, бери дегенде, 169 киши каза тапты.

Индиядагы филиал бир туугандарыбыздын баары аман-эсен экенин, эч кимиси кырсыктан жаракат албаганын билдирди. Ошондой эле төмөнкү маалыматты жөнөттү.

Гужарат: Вадодара шаарында суу ташкынынан жалпысынан 145 жарчы зыян тарткан. Вадодара шаарынан орун алган, адабияттар гужарати тилине которулган алыскы котормо кеңсеси зыянга учураган эмес.

Махараштра: Мумбайда алты үй-бүлөнүн үйү кыйроого учураган. Мумбайдын түштүк-чыгышынан 378 километр алыстыкта жайгашкан Сангли шаарындагы 25 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Коңшу шаардагы бир туугандар аларды убактылуу баш калкалаар жай менен камсыз кылышкан.

Карнатака: Кырсыктан улам алты үй-бүлө башка жакка көчүрүлгөн. Бул штатта жайгашкан филиал жаан-чачындан же суу ташкындан зыян тарткан эмес.

Керала: 100гө жакын үй-бүлө бийик жерлерге качкан. Учурда алар башка Жахабанын Күбөлөрүнүн үйүндө жашап жатышат. Кырсык болгондо жардам берүү комитети жагдайды таразалоодо.

Филиал кырсыктан жабыр тарткан аймактарда жардам берүү иштерин көзөмөлдөп жатат. Райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүнүн талаа кызматчылары жагдайды таразалап, жабыркаган бир туугандарга жардам бериш үчүн күжүрмөн эмгектенүүдө. Алардын иши өз ичине бир туугандарды зарыл нерселер менен, алсак, таза суу менен камсыз кылууну жана Ыйык Китептин негизинде жубатып-сооротууну камтыйт.

Биз Жахабадан суу ташкындан зыян тарткан бир туугандарды колдошун сурап тиленип турабыз. Баарыбыз табигый кырсыктар болбой турган, «мол тынчтык» өкүм сүрө турган заманды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Забур 37:11).