Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 20-АВГУСТ
ТАИЛАНД

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» лаос тилинде жарык көрдү

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» лаос тилинде жарык көрдү

2019-жылдын 16-августунда Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» Таиланддын Нонгкхай шаарында өткөн региондук жыйынында лаос тилинде жарык көрдү. Ыйык Китептин жарык көргөнүн Таиланддагы филиалдын комитетинин мүчөсү Палагон Пестаньи бир тууган кулактандырды.

Бул долбоордун үстүнөн бир жарым жыл бою үч кишиден турган котормо тобу иштеди. Котормочулардын бири мындай деген: «Биргелешип эмгектенүүнүн аркасында Ыйык Китепте жазылгандар карапайым эл сүйлөгөн тилде берилди, ошол эле учурда түп нускадагы ойлор так которулду. Эми Ыйык Китепти окугандар „Кудайдын терең сырларын“ оңой түшүнө алышат» (Аюп 11:7).

Ал котормодо белгилүү бир аяттарды табууга жардам берген индекс жана Ыйык Китептеги сөздөрдүн маанисин түшүндүргөн сөздүк сыяктуу изилдөө куралдары камтылган. Долбоорго көмөк кылган дагы бир котормочу: «Бул котормону башкаларды окутууда колдонгонубузда алар маанилүү ойлорду мурдагыга караганда оңоюраак түшүнүп, ал ойлор жүрөктөрүнө терең таасир этери күмөнсүз. Бул аларга Жахаба менен ынак мамиле түзүүгө жардам берет»,— деп айткан.