Мазмунун көрсөтүү

Натонин тоолуу провинциясы жер көчкүдөн кийин

2019-ЖЫЛ, 14-АВГУСТ
ФИЛИППИН

Катуу жаан-чачындан улам Филиппин кыйроого учурады

Катуу жаан-чачындан улам Филиппин кыйроого учурады

2019-жылдын август айынын башында Филиппинде көз ачырбай жааган жаан-чачындан, катуу шамалдан улам сел жүрүп, айрым жерлерде жер көчкү болгон. Өкүнүчтүүсү, Натонин деген тоолуу провинцияда атайын пионер катары убактылуу кызмат кылган бир ишенимдешибиз каза тапкан. Ошондой эле убактылуу атайын пионер болуп кызмат кылган дагы бир ишенимдешибиз ошол эле жер көчкүдөн бир аз жаракат алган. Дагы башка жерде 10 жаштагы бала урандылардан улам жараат алып, тийиштүү медициналык жардам алган.

Бир туугандардын эч кимисинин үйү чоң кыйроого учураган эмес. Бирок Батыш Негростогу Падышалык залынын шыбы катуу шамалдан улам түшүп калган.

Филиппиндеги филиалдын өкүлдөрү жергиликтүү райондук көзөмөлчү менен бирге кырсыктан жабыр тарткан ишенимдештерибизди жана алардын үй-бүлөлөрүн Ыйык Китептин негизинде сооротуп-жубатып, үмүтүн бекемдеп жатышат.

Оор жоготуу менен коштолгон бул кырсык бизди кайгыртпай койгон жок. Биз каза тапкан сүйүктүү ишенимдешибиздин күйүт тартып жаткан жакындары үчүн тиленип турабыз. Баарыбыз азапка салган нерселер «мындан ары эскерилбей» турган күндү эңсеп күтүп жатабыз (Ышая 65:17).