Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 5-СЕНТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Багам аралдарын «Дориан» куюну талкалады

Багам аралдарын «Дориан» куюну талкалады

2019-жылдын 1-сентябрында Атлантика океанында болгон эң күчтүү куюндардын бири деп сыпатталган 5-категориядагы «Дориан» куюнунан улам Багам аралдарынын түндүгүндө жайгашкан Чоң Абако аралында сел жүрдү. «Дориан» куюну жай жылгандыктан жана катуу шамал, нөшөрлөгөн жаан менен коштолгондуктан, өзгөчө коркунучтуу болуп саналат. Куюн Ливорд аралдарында, Пуэрто-Рикодо жана Виргин аралдарында тропикалык шамалды пайда кылган. Бирок зыянга учуратканы тууралуу эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес.

Кошмо Штаттардагы филиал куюндун бир туугандарга жана филиалга таандык мүлктөргө кандай таасир эткенин аныкташ үчүн дагы деле маалымат чогултууда. Буга чейин Чоң Абако аралындагы эки жыйналышта кызмат кылган 46 жарчынын кимдир бирөө жабыр тартканы тууралуу билдирүү келген эмес. Бирок аралдагы бир Падышалык залы зыянга учураган.

Чоң Багам аралында 4 жыйналыш жана 364 жарчы бар. Алгачкы билдирүүгө ылайык, 196 бир тууганыбыз башка жакка көчүрүлгөн жана алардын 22 үйү зыян тарткан. Үч үй болсо талкаланып калган.

Куюн башталганга чейин эле филиал ошол аймактардагы райондук көзөмөлчүлөргө жана аксакалдарга зарыл көрсөтмөлөрдү берген. Филиал аркылуу бир туугандардын баарын борбор калаа Нассауга жана баш калкалоочу башка жайларга көчүрүү билдирилген.

Биз бул куюндан жабыр тарткан ишенимдештерибиз үчүн тиленип турабыз. Жахабанын алардын кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканын билеринен жана оор учурда аларга күч-кубат береринен шектенбейбиз (Забур 46:1, 2).