Мазмунун көрсөтүү

29-ОКТЯБРЬ, 2019
АЗЕРБАЙЖАН

Адам укуктары боюнча Европа Соту Азербайжандагы абийири аскердик кызматты өтөөгө жол бербеген беш Жахабанын Күбөсүнүн пайдасына чечим чыгарды

Адам укуктары боюнча Европа Соту Азербайжандагы абийири аскердик кызматты өтөөгө жол бербеген беш Жахабанын Күбөсүнүн пайдасына чечим чыгарды

2019-жылдын 17-октябрында Адам укуктары боюнча Европа Соту (АУЕС) Азербайжандагы абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Жахабанын Күбөлөрү кылмышкер катары жазага тартылбашы керек деген чечим кабыл алган. Ошондой эле ал сот кимдир бирөөнү абийирине каршы келген ишти кылуудан баш тартканы үчүн жазалоо анын абийир, ой-пикир жана дин тутуу эркиндигине байланыштуу укугун тебелегендикке жатарын дагы бир ирет тастыктаган. Бул АУЕСтин Азербайжандагы Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чыгарган биринчи чечими болду.

Ал чечим беш ишенимдешибиздин 2008ден 2015ке чейинки жылдар аралыгында жөнөтүлгөн төрт доо-арызына байланыштуу болгон. Алар: Мушфиг Маммадов, Самир Гусейнов, Фарид Маммадов, Фахраддин Мирзаев жана Камран Мирзаев. Ал беш Жахабанын Күбөсү аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн соттолуп, түрмөгө отуруп чыккан. Ал ишенимдештерибиз аскер кызматынан «Кудайга чын жүрөктөн ишенгени» үчүн баш тарткандыктан, АУЕС Азербайжан бийлигинин аларга каршы чара колдонгону Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузгандыкка жатат деп жарыялаган. Андан тышкары, альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө диний кызматчылар жана диний окуу жайларында окугандарга эле эмес, ар бир жаран укуктуу экенин баса белгилеген. АУЕС Азербайжан өкмөтүн ал Жахабанын Күбөлөрүн камакка алганы үчүн акчалай компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ошондой эле чечимде Азербайжан 2001-жылы Европа Кеңешинин мүчөсү катары катталганда өлкөдө альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу мыйзам иштеп чыгууну убада кылганы айтылган. Айта кетчү нерсе, Азербайжан мамлекетинин Конституциясы да диний ишениминен улам аскердик кызматтан баш тарткандарга альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө кепилдик берет. Анткен менен бийликтегилер альтернативалык кызматка байланыштуу мыйзамды азырынча чыгара элек. Ошол себептен абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тарткан ишенимдештерибизге каршы дагы деле кылмыш иши козголууда.

АУЕСтин чечиминин аркасында Азербайжандын өкмөтү альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу мыйзамды карап чыгууну тездетет деп үмүттөнөбүз. Ал убакыт аралыгында Азербайжандагы ага-инилерибиз Жахаба Кудайга кайраттуулук менен кызмат кыла бериши үчүн тиленип турабыз (Забур 27:14).