Мазмунун көрсөтүү

Канаданын Нунавут аймагындагы Баффин аралында жайгашкан Икалиуттагы Апекс кыштагы

17-АПРЕЛЬ, 2020
КАНАДА

2020-жылдын Эскерүү кечеси. Канада

Планетабыздын түндүгүндө Эскерүү кечесин белгилөө

2020-жылдын Эскерүү кечеси. Канада

Канаданын арктикалык архипелагындагы «Икалиут» жыйналышындагы 27 жарчы Эскерүү кечесин видео байланыш аркылуу белгилешти. Ал жыйналыштагы Ыйык Китепти изилдеген 55 кишинин он экиси Эскерүү кечесинин баяндамасын уга алганына аябай сүйүндү.

Кызыгуучулардын көбүнө Эскерүүгө катышуу абдан кыйын болмок, айрымдар катыша алмак да эмес. Алар Киммируттан Канаданын түндүгүндөгү Грис-Фьордго чейин 2 миллион чарчы чакырымды камтыган жыйналыштын аймагынын эң алыскы жерлеринде жашашат.

«Икалиут» жыйналышындагы Исаак Демеестер деген аксакал мындай дейт: «Быйыл кызыгуучуларыбыз биринчи жолу Эскерүү аземин көрө алышты. Грис-Фьорддо жашаган бир кызыгуучу кечеге төрт кишини чакырган. Ошентип, планетабыздын эң чокусунда жашаган беш киши биз менен чогуу Эскерүү аземине катыша алышты».

COVID-19 пандемиясынан улам пайда болгон чектөөлөр «Икалиут» жыйналышындагы көп бир туугандарга ылайыкташа билүүнүн пайдасын көрүүгө шарт түздү.

Кэти Буречайло деген ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүшөт: «Биз телефон аркылуу Арктиканын батышынын учу-кыйырына чейин кабар айтып чыктык. Аймагыбыздагы эң алыс жашаган бир нече киши менен сонун маек курдук. Адамдардын баары үйүндө отурат, алар сооротууга муктаж».

Лаура Макгрегор деген бир тууганыбыз: «Биз, Икалиуттагылар, обочо жашагандыктан, пандемиянын айынан пайда болгон туруксуздуктан жана акчанын тартыштыгынан улам өзгөчө стресс болдук»,— деген. «Биринчи жолу үй-бүлөбүз менен Эскерүү кечесине нан жасап, аябай сонун убакыт өткөрдүк. Бул аземдин ушунчалык жөнөкөй экенине жана нан менен шарапты оңой эле тапса болоруна ыраазы болуп, Эскерүү кечесин ого бетер баалап калдык».

Демеестер бир тууганыбыз мындай деп корутундулайт: «Коронавирус бизди көп жагынан алыстатып койсо да, Эскерүү маалында жыйналыштагылардын бири-бирине ого бетер жакын болуп калганын көрүү абдан кубантты. Быйылкы Эскерүү кечеси жашообузду өзгөрттү!»

«Икалиут» жыйналышы жакында жагдай-шарт жол берсе, өздөрүнүн Падышалык залынын куруларын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ага чейин Жахабанын планетабыздын эң алыскы жерлеринде, Канаданын түндүгүндөгү аймактарда, кабар айтып жүргөн бир туугандардын жумшаган аракетине батасын берерине шектенбейбиз (Элчилер 1:8).