Мазмунун көрсөтүү

3-СЕНТЯБРЬ, 2020
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

Дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу онлайн өткөрүлгөн жыйын

Дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу онлайн өткөрүлгөн жыйын

2020-жылдын июль жана август айларында миллиондогон адамдар, ишенимдештерибиз жана Ыйык Китепте айтылгандарга кызыккандар, 2020-жылдын региондук жыйынынын программасын бир учурда көрүштү.

Чыдамсыздык менен күтүп келген «Дайыма кубангыла»! деген бул жыйыныбыз 240 өлкөдө жыйын залдарында, чоң жолугушуулар өткөрүлчү жайларда, стадиондордо өткөрүлмөк. Бирок делегаттардын саламаттыгын көздөп, Жетектөөчү Кеңеш аны жер шары боюнча онлайн өткөрүүнү чечти. 1897-жылдан бери уюмубуз көп эл чогулган жолугушууну биринчи жолу ушундай жол менен өткөрдү.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Кеннет Кук бул туурасында мындай деди: «Региондук жыйындарыбызды коомдук жайларда өткөрбөй турганыбызды чечип жатканда дүйнө жүзү боюнча бардыгы бир эле учурда бир программаны көрө алышын кааладык. Албетте, ал үчүн аны төрт айга жетпеген мезгил аралыгында жүздөгөн тилдерге которуш керек болорун түшүнүп жаттык. Адатта, мындай долбоорду пландаштырып, ишке ашырыш үчүн бир жылдан ашык убакыт кетет. Ошого карабай Кудайыбыз батасын берип, 2020-жылдын 6-июлунда жыйындын программасынын биринчи бөлүгү 400дөй тилде чыкканда маңдай жарыла кубандык. Программа которулган тилдердин саны 511 жетет деп күтүлүүдө!»

Үч баласын жалгыз тарбиялап жаткан бир эне жыйындын ушундайча өткөрүлгөнүнүн пайдасы жөнүндө мындай деди: «Албетте, досторубуз менен жолуга албай калганыбызга жаман болдук, өзгөчө балдарым кыйналды. Анткен менен программанын бөлүк-бөлүк болуп чыкканы аларга аны көбүрөөк көңүл топтоп укканга жардам бергенин байкадым. Чарчашканда эс алып жаттык. Ошентип программанын бир да мүнөтүн өткөрүп ийген жокпуз. Жума күнкү бөлүгүндө балдар жебелерге салыштырылып, аларга Жахабага кубаныч менен кызмат кылганга жардам беришибиз керектиги баса белгиленгени жакты. Ушундай форматта өткөрүлгөн бул жыйын мага так ушуну кылганга жардам берди» (Забур 127:4).

Жыйыныбызды биринчи жолу ушундайча өткөргөнүбүз эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын да көз жаздымында калган жок. Кошмо Штаттардагы жалпыга маалымат берүү үстөлүндө жүргүзүлгөн ишке көзөмөл кылган Роберт Хендрик мындай дейт: «Журналисттер онлайн өткөрүлгөн жыйыныбыз тууралуу жабалактап жазып чыгышты. Алар уюмубуздун коопсуздукка чоң маани берүү менен бирге жыйындын программасын калың элге жеткириш үчүн акыркы технологияларды колдонгонун белгилеп өтүштү».

2020-жылдын «Дайыма кубангыла»! деп аталган тарыхый бул жыйыны Улуу Насаатчыбыздын таалим-тарбия берүүнүн жаңы, кубаныч тартуулаган жолун тапканын көрсөттү (Ышая 30:20).