Мазмунун көрсөтүү

30-ОКТЯБРЬ, 2020
ИНДИЯ

«Жаңы дүйнө котормосу» Индиядагы үч тилде жарык көрдү

«Жаңы дүйнө котормосу» Индиядагы үч тилде жарык көрдү

2020-жылдын 25-октябрында, жекшемби күнү, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» Индиядагы гужарати, каннада жана панжаби тилдеринде чыкканы жарыяланган. Алдын ала жазылган баяндамада бул тилдердеги Ыйык Китептер электрондук түрдө чыкканы кулактандырылган. Жарчылар жолугушуунун программасын онлайн көрүшкөн. Алар өздөрүнүн тилиндеги Ыйык Китепти программа бүтөр замат жүктөп алышкан.

Гужарати

Бир эсептөөгө ылайык, гужарати тилинде дүйнө жүзү боюнча 61 миллион киши сүйлөйт.

Бул тилдеги «Жаңы дүйнө котормосун» 2 топтон турган 6 котормочу 7 жылда которуп бүткөн. Алардын бири мындай деп бөлүшкөн: «Ыйык Китептин чыкканына аябай кубанып жатабыз. Ал жөнөкөй тил менен которулду. Аны атүгүл кичинекей бала да түшүнө алат».

Дагы бир котормочу мындай деген: «Бул Ыйык Китепте Жахабанын ысмы түп нускада каякта турушу керек болсо, ошол жерлердин баарына коюлду. Ишенимдештерибиз аны өздүк изилдөөсүндө окуп-изилдеп, ишеними бекемделет деп үмүттөнөбүз».

Түшүнүүгө оңой бул котормо «мүнөзү жумшак» окурмандардын акылына терең таасир этип, аларга Жахабанын жолдорун таанып-билүүгө жардам берет деп ишенебиз (Забур 25:9).

Каннада

Каннада тилинде оозеки тил менен адабий тил аябай эле айырмаланат. Оозеки тил да ар кайсы аймактарда ар башкача. Ошол себептен котормочуларга Ыйык Китептеги ойду бурмалабай, ошол эле учурда табигый жана жөнөкөй сөздөрдү колдонуу кыйынга турду.

Бул тилдеги Ыйык Китепти которууга 7 жылдан ашык убакыт кеткен. Долбоордун үстүнөн 10 котормочу эмгектенген. Котормочулардын бири: «Мен COVID-19 пандемиясынын айынан Ыйык Китеп 2021-жылга чейин чыкпайт го деп ойлогом. Бирок бул котормонун жарык көргөнү Жахабанын ишин эч нерсе токтото албай турганын айкын көрсөтүп турат»,— деген.

Котормо тобунда эмгектенген дагы бир ишенимдешибиз: «Каннада тилинде сүйлөгөндөр эми Жахабанын сөздөрүн өз эне тилинде окуй алышат. Анын ысмын Ыйык Китептин кайсы жеринде турушу керек болсо, ошол жерде турганын да көрө алышат. Ушуну ойлогондо жүрөгүм кубанычка толот!» — деп айткан.

«Жаңы дүйнө котормосу» Индиянын филиалынын аймагында кызмат кылган, каннада тилинде сүйлөгөн 2 800дөн ашуун жарчыга чоң жардам болот деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ал тилде сүйлөгөн 46 миллионго жакын кишиге да кабар айтууда жакшы курал болорунан шектенбейбиз. Ошонун аркасында алар «Кудайдын байлыгы,.. акылмандыгы, билими» канчалык терең экенин түшүнө алат (Римдиктер 11:33).

Панжаби

Панжаби тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосун» 6 котормочу 12 жыл бою которгон. Ыйык Китептин бул котормосу Индиядагы, ага коңшу өлкөлөрдөгү жана дүйнө жүзүндөгү башка жерлердеги ошол тилде сүйлөгөн 100 миллиондон ашуун кишиге пайдасын тийгизери күмөнсүз.

Котормочулардын бири мындай деген: «Чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша колубуздан келгенди кылдык. Жахаба жардам бербесе, бул ишти өз күчүбүз менен бүтүрө алмак эмеспиз. Бул Ыйык Китеп бир туугандарыбыздын ишенимин бекемдеп, санаага баткан жүрөктөрүн тынчтандырып, алдыдагы кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам берет деп ишенебиз».

«Ак пейил адамдарга бул котормо, өзгөчө, андагы ыр түрүндөгү китептер жагат болуш керек. Ыйык Китептеги изилдөөгө арналган бөлүктөрү да пайдалуу болору шексиз»,— деп ой бөлүшөт дагы бир котормочу.

Биз да бул ишенимдештерибиздин кубанычына ортоктош болуп, Жахабага эсеп жеткис «кереметтери» үчүн ыраазычылык билдиребиз (Забур 40:5).