Мазмунун көрсөтүү

1-ДЕКАБРЬ, 2020
ПАПУА-ЖАҢЫ ГВИНЕЯ

«Жаңы дүйнө котормосу» хири-моту тилинде жарык көрдү

«Жаңы дүйнө котормосу» хири-моту тилинде жарык көрдү

Папуа-Жаңы Гвинеядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Кегавале Бияма Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» хири-моту тилинде жарыкка чыкканын кулактандырды. Программа Порт-Морсбидеги Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалында алдын ала жаздырылган. Ал 2020-жылдын 28-ноябрында трансляцияланып, ага 7 000ден ашуун киши катышкан.

Папуа-Жаңы Гвинея тилдердин көптүгү боюнча алдыңкы өлкөлөргө кирет. Ал жакта жашагандар 840тай тилде сүйлөшөт. Хири-моту — өлкөдөгү 3 расмий тилдин бири. Ал тилде болжол менен 140 000 киши сүйлөйт.

Филиалдын комитетинин мүчөсү Кукуна Жэк мындай деген: «Хири-моту тилинде сүйлөгөндөр Ыйык Китепти көптөн бери күтүп келатышкан. Аларга „Жаңы дүйнө котормосу“ аябай жагат деп ишенем. Анткени ал жөнөкөй, түшүнүктүү болуп которулду».

6 котормочудан турган топ бул китепти 10 жылдын ичинде которушту. Бир котормочу: «Окурмандар Башталыштан Аян китебине чейинки китептерден Кудайдын ысымын көргөндө сүйүнөрү шексиз. Жахабага бул белеги үчүн абдан ыраазыбыз!» — дейт.

Көшөгөнүн артында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө Ышая пайгамбардын сөздөрүнө ортоктош болобуз. Ал: «Оо, Жахаба, сен бизге тынчтык тартуулайсың, анткени иштерибиздин баары сенин колдооң менен аткарылып жатат»,— деген (Ышая 26:12).