Мазмунун көрсөтүү

Вениамин Генджиев

3-ФЕВРАЛЬ, 2021
ТҮРКМӨНСТАН

Аскерге барбаганы үчүн Вениамин Генджиев 2 жылга түрмөгө камалды

Аскерге барбаганы үчүн Вениамин Генджиев 2 жылга түрмөгө камалды

Өкүм

2021-жылдын 19-январында Түркмөнстандын соту абийиринен улам аскерге барбаганы үчүн Вениамин Генджиевди 2 жылга түрмөгө кести.

Жеке маалымат

Вениамин Генджиев

  • Туулган жылы: 2000 (Сейди шаары)

  • Кыскача таржымалы: Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгон. 15 жашында чөмүлө элек жарчы болуп, 19унда чөмүлгөн. Мүнөзү жумшак, башкалар менен оңой тил табышып кетет

    Автомеханиктин окуусун бүткөн. Гитара ойногонду жакшы көрөт. Классташтары аны диний көз карашы үчүн шылдыңдашчу. Ишенимин коргогонду билет

Иштин чоо-жайы

2018-жылы, июль айында абийиринен улам аскерге барбаганы үчүн 1 жылга камакка алынган. 2019-жылы, 25-июнда түрмөдөн бошотулган.

2020-жылдын декабрь айында аны прокуратурага чакырышкан. Бийлик башчылары эмне үчүн аскерге барбай турганын кагазга жазып беришин айтышкан. 2020-жылдын 30-декабрында болсо прокуратура ага экинчи жолу кылмыш иши козголгонун билдирген. Алар анын паспортун тартып алышкан.

Биринчи жолу түрмгө камалганын эстеп Вениамин мындай деген: «Мен Жахабанын колдоосун сезип жаттым. Бул мага күч берип, ишенимимди бекемдеди. Көңүлүм чөккөн учурларда Жахабадан тиленгеним жана абакта отурган башка адамдарга кабар айтканым бир топ жардам берип жатты».

Ал: «Түрмөдө отурганда, ата-энем келип, келе албаган ишенимдештеримдин ысык салам жолдоп ийишкенин айтышчу. Бул мага мөөнөтүмдүн аягына чейин туруктуу болгонго көмөк болду»,— деп кошумчалаган.

Вениаминге күч берген өзгөчө аят — Ышая 54:17. Ал аяттын башында: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деп жазылган. Ушул сыяктуу аяттар жана биздин тиленүүбүз ага ишенимин сынаган бул оор кыйынчылыкты туруктуулук менен көтөрүп кеткенге жардам берет.