Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Арсен Аванесов, Вилен Аванесов жана Александр Парков

12-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Тергөө камак жайында узак убакыттан бери отурган үч ишенимдешибиз

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Тергөө камак жайында узак убакыттан бери отурган үч ишенимдешибиз

2022-жылдын 23-июнунда Жалпы юрисдикциянын төртүнчү кассациялык соту Вилен Аванесовдун жана Александр Парковдун доо арызын экинчи жолу четке какты. Айыптоочу Арсен Аванесовдун ишин кайра биринчи баскычтагы сотко кайтарууну талап кылды. Бул Арсенге катаалыраак өкүм чыгышы мүмкүн дегенди билдирет. Үч ишенимдешибиз тең дагы деле түрмөдө.

2021-жылдын 6-декабрында Ростов облустук соту Вилен Аванесовдун жана Александр Парковдун доо арызын четке каккан. Алар түрмөдөн бошотулган эмес.

2021-жылдын 29-июлунда Ростов-на-Донудагы Ленинск райондук соту Арсен Аванесов менен Александр Парковду алты жарым жылга, ал эми Вилен Аванесовду алты жылга кесип жиберген. Бул үч бир тууганыбыз тергөө камак жайында эки жылдан ашык убакыт отурушкан. Соттун чечиминен кийин түрмөдө калышат.

Жеке маалымат

Арсен Аванесов

  • Туулган жылы: 1983 (Баку, Азербайжан)

  • Кыскача таржымалы: Инженердик окуу жайын аяктап, курулуш жаатында иштеген. Бала кезинде регби ойногонду жакшы көрчү. Англис жана француз тилинде сүйлөйт

    Ата-энеси Ыйык Китепти жакшы көрүүгө үйрөткөн. 2005-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон

Вилен Аванесов

  • Туулган жылы: 1952 (Баку, Азербайжан)

  • Кыскача таржымалы: Электрик, куруучу болуп иштеген. Тамак жасаганды, нан бышырганды жана китеп окуганды жакшы көрөт. Жаш кезинде баарынан да Ыйык Китепти окуганды жакшы көрчү

    1980-жылы Стелла деген кыз менен үй-бүлө курган. Экөө Арсен менен Элина деген уул-кыздуу болушкан. Алар 1988-жылы Арменияга качкын болуп барышкан. Ошол эле жылы Арменияда катуу жер титиреп, өлкөдө каатчылык күч алгандыктан, жан багыш үчүн башка өлкөгө кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондуктан Вилен үй-бүлөсү менен Ростов-на-Донуга көчүп кеткен. 2006-жылы чөмүлгөн

Александр Парков

  • Туулган жылы: 1967 (Спасск, Кемерово облусу)

  • Кыскача таржымалы: Бала кезинен эле мал багып, эмгекке үйрөнгөн. Трактор айдап жана жез уста болуп иштеген

    Галина менен 1990-жылы баш кошкон. Экөө Ыйык Китепти чогуу изилдей баштаган. Александр 1992-жылы чөмүлгөн. Жубайы экөө үч кызды тарбиялашкан. 2 небереси бар

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 22-майында полиция кызматкерлери Ростов-на-Донудагы бир нече Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Ошондо Вилен Аванесов менен анын уулу Арсенди жана Александр Парковду кармап кетишип, тергөө камак жайына камап коюшкан. Алар тергөө камак жайында 2 жылдай отурушкан. 2021-жылдын март айында үчөөнү тең башка тергөө камак жайына которушкан.

Вилендин жубайы Стеллага күйөөсү, уулу менен көрүшүүгө чектөөлөр коюлган. Жумушсуз да калган. Александрдын жубайы Галина да ишеними үчүн куугунтукталууда. Ал 2 жыл 3 айга шарттуу соттолгон.

Дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз ушундай адилетсиздикке абдан капа болууда. Баарыбыз тең мындан ары да түрмөдө отургандарды, өзүбүз да «алар менен түрмөдө отургандай», эсибизден чыгарбайлы (Еврейлер 13:3).