30-ДЕКАБРЬ, 2021
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ДОО АРЫЗЫ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ | Дүрбөлөңгө түшпөгөнгө Александр бир тууганыбызга Жахабага таянганы жардам берип келет
2022-жылдын 20-октябрында Краснодар крайынын соту Александр Николаевдин доо арызын четке какты. Ал дагы деле түрмөдө отурат.
Жагдайдын өрчүшү
2021-жыл, 23-декабрь
Краснодар крайынын Абинск райондук соту Александрды айыптуу деп таап, 2 жарым жылга түрмөгө камады
2021-жыл, 30-сентябрь
Тергөө камак жайына камалган
2021-жыл, 4-август
Иши сотто карала баштаган
2021-жыл, 26-май
Достору, үй-бүлөсү менен Ыйык Китептеги ойлорду талкуулаганы үчүн айыпталган. Тергөөчүлөр ал иш-аракетти «мамлекеттин конституциялык тартибине жана коопсуздугуна коркунуч туудурган кылмыш» катары эсептеген
2021-жыл, 7-апрель
Федералдык коопсуздук кызматкерлери полиция кызматкерлери менен бирге таңкы саат 6да Александрдын үйүн тинтишкен. Алар Александрды суракка алып кетип, кайра коё беришкен
2021-жыл, 31-март
Александрга каршы кылмыш иши козголгон
Жеке маалымат
Александр бир тууганыбыз жана Орусиядагы, Крымдагы ишенимдештерибиз Жахабага таянганы үчүн чоң бата аларынан кымындай да шектенбейбиз (Жеремия 17:7).