Мазмунун көрсөтүү

Картада Канаданын батышындагы кайсы аймактарды сел каптаганы көрсөтүлдү

26-НОЯБРЬ, 2021
КАНАДА

«Атмосфералык дарыядан» улам Канаданын батышын сел каптады

«Атмосфералык дарыядан» улам Канаданын батышын сел каптады

2021-жылдын 13—15-ноябрында Канаданын батышында жайгашкан Британ Колумбиясына «атмосфералык дарыя» деп аталган табияттагы кубулуштан улам жаан нөшөрлөп төктү. 20 аймакта күнүмдүк нормадан ашык жаан жаады. Айрым жерлерде үч күндүн ичинде жаан чачындын өлчөмү 250 миллиметрге чейин жеткен. Нөшөрдүн айынан сел каптап, жерлер көчкөн. Чоң жолдор жабылып калып, жолдо бараткандар ортодо калып калган. Ошол аймакта жашагандарды шашылыш түрдө башка жакка көчүрүүгө туура келген.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Ишенимдештерибиздин эч кимиси жабыр тарткан жок

  • 144 жарчыны башка жакка көчүрүүгө туура келген

  • Бери дегенде 35 үй жабыркаган

Жардам берүү иштери

  • Канададагы филиал Кырсык болгондо жардам берүү комитетин (КБЖКБ) уюштурган

  • Эвакуацияланган ишенимдештерибизди кошуна шаарларда жашаган туугандары жана башка Жахабанын Күбөлөрү үйүнө алышкан

  • Райондук көзөмөлчүлөр менен аксакалдар кырсыктан жабыр тарткандарды сооротуп, бекемдөөдө

  • Мамлекет тарабынан коопсуз деп жарыяланган аймактарда КБЖБК Жергиликтүү курулуш/долбоор тобу менен бирге ишенимдештерибиздин үйлөрү канчалык жабыркаганын жана оңдоп-түзөш үчүн эмнелер керек экенин аныктап жатышат

  • Бардык жардам көрсөтүү иштери COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чаралары менен бирге аткарылууда

Ошол аймактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн көбүнө 3 ай мурун да үйлөрүн таштап, башка жакка кетүүгө туура келген. Себеби 2021-жылдын августунда ал жакты өрт каптаган болчу. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү, табигый кырсыктар улам сайын көбөйүп бараткандыктан Жахабанын эли жетекчиликке баш ийип, зарыл нерселери салынган баштыктарын даярдап койгонунун пайдасын көрүп жатышат.

Жаратылыш кырсыктарынын айынан кыйынчылыктар мындан да көп болушу мүмкүн. Бирок биз куткаруучу күчкө ээ Жахабага толугу менен таянабыз (Хабакук 3:17, 18).