Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Владимир Букин, Михаил Бурков, Валерий Слащёв, Сергей Юферов

26-ЯНВАРЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 27-ИЮНЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ |Тындадагы ишенимдештерибизге башкаларга жардам берүү жана Жахабага таянуу күч берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ |Тындадагы ишенимдештерибизге башкаларга жардам берүү жана Жахабага таянуу күч берүүдө

2023-жылы 23-июнда Амур облусундагы Тында райондук соту Владимир Букинди, Михаил Бурковду, Валерий Слащёвду жана Сергей Юферовду айыптуу деп тапты. Михаил алты жыл эки ага кесилди. Владимир, Валерий жана Сергей алты жыл төрт айга эркинен ажыратылышты. Төртөөнү тең сот залынан дароо түрмөгө алып кетишти.

2022-жылдын 27-декабрында Амур облусунун облустук соту Владимирдин, Михаилдин, Валерийдин жана Сергейдин ишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, кылмыш ишин кайра карап чыгууну талап кылды. Ишенимдештерибиз камактан бошотулуп, кылмыш ишинин кайра каралышын күтүүдө. Бирок эки жакка чыгууга тыюу салышты.

2022-жылдын 25-октябрында Амур облусундагы Тында райондук соту Владимир Букинди, Михаил Бурковду, Валерий Слащёвду жана Сергей Юферовду айыптуу деп таап, Владимирди, Валерийди жана Сергейди алты жарым жылга кескен. Михаил болсо алты жыл эки айга эркинен ажыратылган. Төртөөнү тең сот залынан дароо эле түрмөгө алып кетишкен.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 17-ноябрь

    Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ушул аймактагы сегиз Жахабанын Күбөсүнүн, анын ичинде жогорудагы төрт ишенимдешибиздин үйүн тинтишкен

  2. 2019-жыл, 18-ноябрь

    Тергөөчүлөр төрт ишенимдешибизге экстремисттик иштерге катышты деген айып коюшкан. Аларга өздөрү жашаган аймактан башка жакка чыгууга тыюу салынган

  3. 2021-жыл, 26-июль

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Жахабанын бул ишенимдештерибизге жана бардык ишенимдүү кызматчыларына «мээримдүүлүк көрсөтө береринен» шектенбейбиз (Башталыш 39:21).