Мазмунун көрсөтүү

Галина Абросимова

10-МАЙ, 2022
ОРУСИЯ

Галина Абросимова коркунуч сезимин жеңүүдө

Галина Абросимова коркунуч сезимин жеңүүдө

2022-жылдын, 11-августтунда Нижний Новгород облустук соту Галина Абросимованын доо арызын четке какты. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 6-майында Нижний Новгород шаарынын Советский райондук соту Галина Абросимованы айыптуу деп таап, 6 жылга шарттуу соттоду.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 4-июнь

    Тергөөчүлөр Нижний Новгород облусундагы бир нече Жахабанын Күбөсүнө каршы кылмыш ишин козгогон. Аларга жолугушууларды өткөрүүдө, ыктыярдуу тартууларды чогултууда жана тыюу салынган уюмга башкаларды да тартууда деген айып коюлган

  2. 2019-жыл, 17-июль

    Жахабанын Күбөсү болгон 35 үй-бүлөнүн үйү тинтүүгө алынган. Галинаны кармап кетип, 2 күнгө убактылуу тергөө камак жайына камап коюшкан

  3. 2021-жыл, 19-октябрь

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Жахабанын Орусиядагы ишенимдештерибизге мындан ары да «башкаруучулар менен падышалардын алдына» барып, «аларга күбөлөндүрүш» үчүн кайраттуулук берерине шектенбейбиз (Марк 13:9).