Мазмунун көрсөтүү

Ар кайсы жакта баш корголоп жүргөн ишенимдештерин бекемдеп жаткан бир туугандарыбыз

23-МАЙ, 2022
УКРАИНА

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 8 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Согуш уланып жаткан аймактарда аксакалдар ишенимдештерин сооротуп-жубатышууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 8 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Украинадагы оор жагдай дагы деле курчуп турганына байланыштуу жергиликтүү филиалдагы жооптуу бир туугандар өлкөнүн ар кайсы жагына кетүүгө аргасыз болгон ишенимдештерин жубатып-бекемдөөгө бүт күчүн жумшоодо. Мындай күч-аракеттин акыбети кайтпай койгон жок. Алсак, филиалдын комитетинин мүчөсү Украинанын батышына качкан боордошторунун ал-жайын билиш үчүн ал жакка барган. Ал барып кеткенден кийин, Ужгороддогу Падышалык залына 30дай киши менен баш калкалап жаткан бир бир тууган: «Жахаба мени колуна алып, бооруна кыскандай эле болду»,— деп айткан.

Кырсык болгондо жардам берүү боюнча (КБЖБК) 27 комитеттеги 100гө жакын ишенимдешибиз да бул жагынан колунан келгенди кылып жатышат. КБЖБКнын мүчөсү Игорь мындай дейт: «КБЖБКда кызмат кылууга дайындалганымда үйүбүздү калтырып, коопсузураак жакка кеткенге туура келгендиктен, аялым экөөбүз ишенимдештерибиздикинде баш калкалап жүргөнбүз. Чынын айтсам, аябай чарчап, эзилип калганбыз. Ошондо филиалдын комитетинин мүчөсү убактысы тар болгонуна карабай, бизге келип, жекече көңүл буруп, бизди кунт коюп укту. Анын биз үчүн чынында эле тынчсызданып жатканын сездик». Андан ары ал: «Өзүбүздү жарга такалгандай, жагдайга эч бир жол менен таасир эте албаган кибиреген ымыркайдай сезгенде, Жахабадан тиленип, анын жетектешин сурап жаттык. Биз анын тиленүүбүзгө жооп берип, жардамга келгенин көп ирет сездик»,— дейт.

Согуш жүрүп жаткан жердеги Падышалык залдары тууралуу айта турган болсок, төртөө толугу менен жарактан чыгып калды. Сегизөөнүн бир топ жери талкаланды, ал эми 33 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды.

Солдо: Киевдеги Падышалык залы (2019-жыл); оңдо: бүгүнкү күндө

2022-жылдын 17-майына чейин Украинадан төмөнкүдөй билдирүүлөр келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиз тарабынан тастыкталган маалыматка негизделет. Бирок өлкөнүн бардык аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жаткандыктан, согуштан жабыр тарткандардын саны көбүрөөк болушу мүмкүн.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 37 жарчы каза болду

  • 74 жарчы жаракат алды

  • 45 253 жарчы үй-жайын таштап, өлкөнүн коопсузураак жерине качууга аргасыз болушту

  • 418 үй жарактан чыгып калды

  • 466 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 1 213 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 4 Падышалык залы жарактан чыгып калды

  • 8 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учурады

  • 33 Падышалык залынын анча-мынча жери талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Украина боюнча 27 КБЖБК түзүлдү

  • КБЖБК 48 806 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү

  • 21 786 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат