21-СЕНТЯБРЬ, 2023
ОРУСИЯ
Ишенимдешибиз, Александр Николаев, Орусиянын түрмөсүнөн бошотулду
2023-жылы 19-сентябрда ишенимдешибиз, Александр Николаев, дээрлик эки жыл отургандан кийин түрмөдөн бошотулду. Аны Кудай кошкон бир туугандары, жубайы Евгения жана беш баласы кучак жайып тосуп алышты.
2021-жылдын башында Федералдык коопсуздук кызматы жана полиция кызматкерлери Александрдын үйүн тинтишкен. Анын үй-бүлөсү жана достору менен Ыйык Китепте жазылгандарды талкуулаганын «кылмыш» деп табышып, ага каршы иш козгошкон.
Александрга берилгендигин сактаганга эмне жардам берген? Түрмөгө камалганга чейин ал мындай деген: «Мен бир нерсени байкадым. Адамдардан корксоң жана эртең эмне болот деп сарсанаа боло берсең, тунук ой жүгүртө албай калат экенсиң. Ошон үчүн коркунучтун мени басып алышына жол берген жокмун. Жахабадан: „Сага толугу менен таянганга жардам бере көр“,— деп көп тилендим. Анын жооп бергени, мага күч берип жатканы кадимкидей сезилип жатты».
Александрдын азаттыкка чыгып, үй-бүлөсүнүн кашында отурганына абдан кубанып жатабыз. Адилетсиздик менен беттешкенде ишениминен тайбаган, кайратынан жазбаган кызматчыларын көрүп Жахаба абдан кубанат. Буга шек жок (Забур 149:4).