Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 7-МАРТ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Түштүк Корея Доң-хёк Шинге адилетсиз мамиле кылууда

Түштүк Корея Доң-хёк Шинге адилетсиз мамиле кылууда

Түштүк Корея өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан жүздөгөн эркектерди түрмөгө камоодо. Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан, өкмөттүн куралдуу күчтөрүнүн запасында турган жарандарды да жазалоодо.

Түштүк кореялык Доң-хёк Шин аскерге чакырыларын бала кезинен эле билчү. Аскерге чакыруу кагазы келгенде ал аскер кызматын өтөп, 2005-жылы мыкты жоокер катары өкмөттүн куралдуу күчтөрүнүн запасында турган жарандардын катарына кошулган. Буга ылайык, ал сегиз жыл бою аскердик машыгуудан өтүп турууга милдеттүү болгон.

Шин мырза кызматын өтөп үйүнө кайтып келгенден көп өтпөй Ыйык Китепти изилдей баштаган. Кудайдын согушка карата көз карашын билгенден кийин анын абийири аскердик кызматтан баш тартууга түрткү берген. 2006-жылдын март айында аскердик машыгууга чакырылганда, ал аскер кызматындагы бийлик өкүлдөрүнө абийири жол бербегендиктен машыгууга катыша албай турганын билдирген.

Абийирине ылайык иш кылгандардын укугу тебеленүүдө

Түштүк Корея абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун сыйлабай келет. Учурда куралдуу күчтөрдүн запасында турган, бирок абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан 40тан ашуун Жахабанын Күбөсү дагы деле аскердик машыгууга чакырылып жатат.

Аскер кызматындагы бийлик өкүлдөрү Шин мырзанын аскердик машыгуудан баш тартканына карабай, 2006-жылы ага аскердик машыгууга чакыруу кагазын 30 жолу жөнөтүшкөн. Ошентип, чакыруу кагазы Шин мырзага жети жыл бою келе берген. 2006-жылдын мартынан 2013-жылдын декабрына чейин ага, баш-аягы, 118 чакыруу кагазы келген a. Шин мырза ар бир жолкусунда машыгууга катышпай турганын сылыктык менен билдирип турган. Натыйжада ага каршы 49 жолу кылмыш иши козголгон. Иши сотто каралып, жогорку баскычтагы сотторго 69 жолу доо арыз менен кайрылган. Анын ишине байланыштуу, баш-аягы, 35 чечим чыгарылган.

«Башка аргасы жок»

Соттор Шин мырзанын аскер кызматынан абийиринен улам баш тартканына шектенишпейт. 2014-жылдын 7-октябрында Услан райондук соту чыгарган чечимде мындай деп айтылган: «Жахабанын Күбөсү болгондон кийин абийиринин жана диний ишениминин негизинде аскердик кызматты өтөй албагандыктан, [Доң-хёк Шиндин] кылмышкер катары жаза алгандан башка аргасы жок».

Райондук сот Шин мырзанын жагдайы канчалык оор экенин түшүнгөнгө аракет кылса да, Түштүк Кореянын соттору аскердик кызмат өтөөгө байланыштуу мыйзамдын талаптарын аткарууга мажбур болуп жатышат. Шин мырза 16 миллион вондон ашык (13 332 АКШ доллары) айып пул төлөп, бери дегенде, алты айлык мөөнөткө алты жолу кесилген. Бирок алар шарттуу жазага алмаштырылган. Бир жолкусунда соттун чечими менен ал 200 саат коомдук жумушка иштөөгө милдеттендирилген.

Шин мырза мындай дейт: «Ушунун баары санаага батырып, катуу тынчымды алды. Кыйынчылыктын аягы бүтпөчүдөй сезилген. Сотко кайра-кайра эле чакырыла бергенимдин айынан үйдөгүлөрүм да аябай кыйналды. Ошол тогуз жылдын ичинде мен канча кыйналсам, апам да ошончо кыйналды. Мени ойлоп сарсанаа боло бергендиктен, ден соолугу да начарлап кетти. Апамдын кыйналганын көрүп, ого бетер жүрөгүм ооруй берчү. Акча жагынан да аябай кыйналдым. Сотко улам-улам чакырылып, иш козголуп, камакка алына бергенге байланыштуу жумуштан көп суранууга туура келчү. Ошонун айынан жети жолу жумуш котордум».

Эл аралык келишимдин шарттары бузулуп жатат

Шин мырза ага каршы козголгон сот иштерин карап берүүнү суранып Түштүк Кореянын сотторуна кайрылган, бирок эч кандай натыйжа болгон эмес. Жогорку Сот болсо анын доо арызын кароодон 4 жолу баш тарткан. Түштүк Кореянын соттору анын өтүнүчүн канааттандырбагандыктан, 2016-жылдын июнунда ал БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине даттануу менен кайрылган. Түштүк Корея өкмөтү аны аскердик машыгууга кайра-кайра чакыруу, кылмыш ишин козгоо, камакка алуу менен Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын шарттарын бузганын айгинелеген. Дат арызында төмөнкү үч нерсеге көңүл бурулган:

  • Эл аралык мыйзамда ачык-айкын жазылгандай, ар бир адамдын иши сотто адилеттүүлүк менен каралышы керек. Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын аскер кызматына кайра-кайра чакырыла бергени жана баш тартканы үчүн кайра-кайра жазаланганы алардын ушул укугунун бузулуп жатканын көрсөтүп турат.

  • Аскердик машыгууга кайра-кайра чакыруу жана баш тарткандарга каршы кылмыш ишин козгоо өкмөттүн жарандарды аскердик кызматты өтөөгө мажбурлоону көздөп жатканын айгинелеп турат. Шин мырзаны соттон-сотко сүйрөп, жашоосун оордотушкан. Диний ишеними үчүн кылмыш иши козголгону, басынтылып, кылмышкер деп табылганы анын кадыр-баркын түшүргөн жаза болгон.

  • Шин мырза аскер кызматынан диний ишеними үчүн баш тарткандыктан, абийир эркиндиги менен дин тутуу эркиндигинин бузулушу ага даттанууга негиз болгон.

Адилеттүү чечим чыгарына үмүттөнүү

Шин мырза БУУнун Адам укуктары боюнча комитети анын дат арызын карап чыгарына үмүттөнүүдө. Себеби ал комитет Түштүк Корея өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун сыйлоого милдеттүү экени баса белгиленген бир нече чечим чыгарган b. Шин мырза куралдуу күчтөрдүн запасында турган жарандардын жагдайы эске алынып, туура чечим чыгарыларын чыдамсыздык менен күтүп жатат. Ал мындай дейт: «Диний ишенимиме жана абийириме ылайык иш кылганым үчүн өкүнбөйм. Бирок мага туура эмес мамиле жасалганына нааразы экенимди билдирем. Түштүк Корея өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тарткандардын укугун коргойт деп үмүттөнөм». Түштүк Кореядагы жана дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү да ушуга үмүттөнүүдө.

a Доң-хёк Шин аскердик машыгууга 2006-жылы 30 жолу, 2007-жылы 35 жолу, 2008-жылы 15 жолу, 2009-жылы 9 жолу, 2010-жылы 17 жолу, 2011-жылы 12 жолу чакырылган. Шин мырза 2012, 2013-жылдары аскердик машыгууга чакырылган эмес. Бирок аны мурунку жылдар үчүн дагы деле аскердик машыгууга чакыра беришкен.

b The UN Human Rights Committee has issued five Views finding that South Korea violated Article 18, “the right to freedom of thought, conscience and religion”: Yeo-bum Yoon and Myung-jin Choi v. Republic of Korea, Communication No. 1321-1322/2004, U.N. Doc. CCPR/C/88/D/1321-1322/2004 (November 3, 2006); Eu-min Jung et al. v. Republic of Korea, Communication No. 1593-1603/2007, U.N. Doc. CCPR/C/98/D/1593-1603/2007 (March 23, 2010); Min-kyu Jeong et al. v. Republic of Korea, Communication No. 1642-1741/2007, U.N. Doc. CCPR/C/101/D/1642-1741/2007 (March 24, 2011); Jong-nam Kim et al. v. Republic of Korea, Communication No. 1786/2008, U.N. Doc. CCPR/C/106/D/1786/2008 (October 25, 2012); and Young-kwan Kim et al. v. Republic of Korea, Communication No.  2179/2012, U.N. Doc. CCPR/C/112/D/2179/2012 (October 15, 2014).