Мазмунун көрсөтүү

Полиция Томск шаарындагы үйлөрдө диний жолугушуулар өткөрүлгөн-өткөрүлбөгөнүн текшерүү үчүн рейд жүргүзүүдө

2018-ЖЫЛ, 20-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө агрессивдүү рейд жүргүзүлүп, көптөр камалды

Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө агрессивдүү рейд жүргүзүлүп, көптөр камалды

Орусиянын бийлик өкүлдөрү акыркы айдын ичинде экстремизмге каршы күрөшүп жатабыз деген шылтоо менен Жахабанын Күбөлөрүн коркутуп-үркүтүп, айрымдарын кармап кетишсе, айрымдарын камакка алышкан. Полиция кызматкерлери Биробижандагы, Хабаровскдогу, Магадандагы, Оренбургдагы, Набережные Челныдагы, Пермдеги, Псковдогу, Саратовдогу жана Томсктогу Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө рейд жүргүзүшкөн. Алар дагы 15 Жахабанын Күбөсүн кармап кетишкен. Мурунураак эле тергөө камак жайында отургузулгандарды кошкондо, жалпы саны 20га жетти. Дагы экөө үй камагында отурат. Бери дегенде, 15 Жахабанын Күбөсүнөн аймактан сыртка чыкпай турганын билдирген документке кол коюуну талап кылышкан. Алардын арасында 70-80 жаштан өтүп калгандар да бар. Орусия бийлик өкүлдөрү 2018-жылдын 14-июнунан тартып 40тан ашык Жахабанын Күбөсүнө кылмыш ишин козгогон. Алар күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин түрмөгө кесилишет.

Орусиядагы рейд жүргүзүлгөн жерлер

Орусия өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарынын жоюлганы жеке ар бир Жахабанын Күбөсүнүн дин тутуу эркиндигине таасир этпейт деп сот учурунда берген кепилдемесин ачыктан ачык бузууда. Орусия Жахабанын Күбөлөрүн «экстремисттик» уюмдун иштерине аралашууда, уюштурууда жана каржылоодо деп айыпташ үчүн ошол кепилдемесин толугу менен бузуп, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесин туура эмес колдонуп жатат. Чынында, Орусия экстремизм менен күрөшпөй эле, Кудайга тынчтыкта сыйынып жаткан жарандарын куугунтуктоодо.

Жакында болгон рейддер жана камакка алынгандар

2018-жыл, 12-июнь, Саратов. Полиция кызматкерлери рейд жүргүзүп, бир нече Жахабанын Күбөсүнүн үйлөрүн тинтишкен жана, бери дегенде, 10 Жахабанын Күбөсүн суракка алуу үчүн полиция участогуна алып кетишкен. Бир үйдү тинтип жаткан маалда бийликтегилер мурунураак Орусиянын соттору тыюу салган диний адабиятты таштап коюшкан. 5 Жахабанын Күбөсүн алып кетип, камап салышкан. Кийинчерээк алардын экөөсү бошотулган, бирок үчөөнү камакта калтырышкан. Константин Баженов менен Феликс Махаммадиевге «экстремисттик уюмдун ишин уюштурган» деген айып коюлган. Ал эми Алексей Буденчукка каршы кылмыш иши козголгон-козголбогону белгисиз. 2018-жылдын 14-июнунда Саратовдогу Фрунзе райондук соту Константин Баженов менен Феликс Махаммадиев 2018-жылдын 12-августуна чейин тергөө камак жайында отурсун деген чечим чыгарган. Ошол эле сот Алексей Буденчук да тергөө камак жайында отурсун деген чечим чыгарган, бирок Буденчуктун кайсы убакка чейин отурары белгисиз. Полиция дагы бир Жахабанын Күбөсүнө аймактан сыртка чыкпай турганын билдирген документке кол койдурган.

2018-жыл, 3-июнь, Томск. Эртең мененки саат 10до полиция кызматкерлери менен Орусиянын Аскердик атайын күчтөрүндө кызмат кылгандар (спецназдар) Сибирдеги Томск шаарында жашаган эки Жахабанын Күбөсүнүн үйүнө рейд жүргүзүшкөн. Алар 30дай Жахабанын Күбөсүн, анын ичинде 83 жаштагы улгайган аялды кармап кетишкен. Полиция Жахабанын Күбөлөрүнүн үйүндөгү буюм-тайымдарын, унааларын тартып алган. Өздөрүн болсо автобустарга салып, Экстремизмге каршы күрөшүү борборуна кайтаруучулардын коштоосунда алып барышкан.

Ал жактан Иван Ведренцев, Александр Иванов жана Вячеслав Лебедев деген тергөөчүлөр аларды суракка алып, айрымдарын түнкү 2ге чейин кармашкан. Тергөөчүлөр алардын бирин жумуштан чыгып каласың деп коркутушкан. Сурак жүрүп жаткан маалда Экстремизмге каршы күрөшүү борборуна Тез жардам бир нече жолу чакырылып, бери дегенде, бир Жахабанын Күбөсү ооруканага жаткырылган.

Кармалып кеткендердин бири, Сергей Климов, бошотулган эмес. 2018-жылдын 5-июнунда Томск шаарындагы Октябрь райондук соту ага «экстремисттик уюмдун ишин уюштурган» деген айып коюп, 2018-жылдын 4-августуна чейин тергөө камак жайында отурсун деген чечим чыгарган. Сот анын үй камагында отурушун же күрөөгө бошотулушун сурап кайрылган өтүнүчүн орундаткан жок.

2018-жыл, 3-июнь, Псков. Полиция кызматкерлери Псковдо жашаган бир нече Жахабанын Күбөсүнүн үйүнө рейд жүргүзүшкөн. Бир үйдө отургандардын баарын, алар менен бирге Жахабанын Күбөсү болбогон эки кишини кармап кетип, суракка алышкан. Бир нече Жахабанын Күбөсүн, анын ичинде Генадий Шпаковскийди Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) Псков облусу боюнча региондук башкармалыгына алып барып, суракка алышкан. Полиция участогуна алып барылгандардын айрымдарына Шпаковскийге каршы көрсөтмө берүүгө кысым көрсөтүшкөн. Бийликтегилер «экстремисттик уюмдун ишин уюштурган» деген айып менен ага каршы кылмыш ишин козгошкон. Ал кийинчерээк бошотулган. Ошентсе да полиция кызматкерлери, кайсы учурда болбосун, ага каршы кылмыш ишин козгошу мүмкүн.

2018-жыл, 30-май, Хабаровск. Полиция кызматкерлери Иван Пуйданын үйүнө кирип барып, баарын тинтишкенден кийин аны кармап кетишкен. Аны кайтаруучулардын коштоосунда Магаданга алып барып камап салышкан. 2018-жылдын 1-июнунда Железнодорожный райондук соту Иван Пуйдага «экстремисттик уюмдун ишин уюштурган» деген айып коюп, 2018-жылдын 30-июлуна чейин тергөө камак жайында отурсун деген чечим чыгарган.

2018-жыл, 30-май, Магадан. Беткап кийген, куралчан полиция кызматкерлери Магадандагы үйлөргө рейд жүргүзүп, Константин Петровду, Евгений Зябловду жана Сергей Еркинди кармап кетип, камап салышкан. 2018-жылдын 1-июнунда Магадан шаардык соту Константин Петров менен Евгений Зябловго «экстремисттик уюмдун ишин уюштурган» деген айып койгон. Ошол эле күнү Магадан райондук соту Сергей Еркинге да ошондой эле айып таккан. Үчөө тең 2018-жылдын 29-июлуна чейин тергөө камак жайында отурсун деген чечим чыгарылган.

Дмитрий Михайлов

2018-жыл, 29-май, Шуя (Иванов облусу). Бийликтегилер Дмитрий Михайловду экинчи жолу камакка алууда. 20-апрелде жүргүзүлгөн рейдден кийин полиция кызматкерлери аны «экстремисттик уюмдун иштерине катыштыгы бар» деп айыптап, андан аймактан сырткары чыкпай турганын билдирген документке кол коюну талап кылышкан. 29-майда ага «экстремисттик уюмдун ишин каржылаган» деген дагы бир айып коюлган. 2018-жылдын 3-июнунда Шуя шаардык соту ал 2018-жылдын 19-июлуна чейин тергөө камак жайында калсын деген чечим чыгарган.

2018-жыл, 27-май, Набережные Челны (Татарстан). ФККнын кызматкерлери түндө 10 үйгө рейд жүргүзүшүп, электрондук каражаттарын, чөнтөк телефондорун жана паспортторун тартып алышкан. Ильхам Каримовду, Константин Матрашовду жана Владимир Мякушинди кармап кетип, камап коюшкан. 2018-жылдын 29-майында Набережночелнинский райондук соту үч кишини «экстремисттик» уюмдун ишин уюштурган, киши чогулткан жана иштери менен алектенген деген айып койгон. Сот алар 2018-жылдын 25-июлуна чейин тергөө камак жайында отурсун деген чечим чыгарган. Кийинчерээк Айдар Юльметьевди да кармап кетишкен жана сот 2018-жылдын 31-майында тергөө камак жайында калсын деген чечим чыгарган.

2018-жыл, 22-май, Пермь. Александр Соловьёв менен жубайы Анна экөө Молдавиядан Пермь шаарына кайтып келатышканда, автобекеттен полиция кызматкерлери тосуп алышкан. Алар Александр Соловьёвдун колуна кишен тагып, аялы экөөнү эки башка машинеге салып, полиция участогуна алып кетишкен. Соловьев камакта отурганда, полиция кызматкерлери анын үйүн тинтип, аялын суракка алышкан. 2018-жылдын 24-майында Свердловск райондук соту Александр Соловьёвго «экстремисттик уюмдун иштерине катыштыгы бар» деген айып коюп, үй камакта отурсун деген чечим чыгарган.

2018-жыл, 17-май, Биробижан. «Сот күнү» деп аталган операцияда 150 полиция кызматкерлери менен ФККнын кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн 22 үйүнө рейд кылышкан. Полиция алардын планшеттерин, чөнтөк телефондорун, акчаларын тартып алган. Полиция рейд учурунда изделген 34 Жахабанын Күбөсүнүн бири болгон Алам Алиевди кармап кетип, камап коюшкан. 18-майда Биробижан райондук соту аны «экстремисттик уюмдун иштерин уюштурган» деп айыптап, 2018-жылдын 13-июлуна чейин тергөө камак жайында отурсун деген чечим чыгарган. 2018-жылдын 25-майында Еврей автономия облусунун аппеляциялык соту А. В. Сизова Алам Алиевдин өтүнүчүн орундатып, тергөө камак жайында калсын деген чечимди жокко чыгарган.

2018-жыл, 16-май, Оренбург. Полиция кызматкерлери үйлөргө рейд кылып, тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Алар Александр Суворовду, Владимир Кочневди жана Владислав Колбановду кармап кетишкен. 18-майда Промышленный райондук соту Владислав Колбановго «экстремисттик иштерди каржылаган» деп айып койгон. Сот аны бошоткон, бирок үй камагында отурсун деген чечим чыгарган. Кийинки күнү ошол эле сот Александр Суворов менен Владимир Кочневге «экстремисттик уюмдун иштерин уюштурган» деп айыптап, 2018-жылдын 14-июлуна чейин тергөө камак жайында отурсун деген чечим чыгарган. Ошондой эле тергөөчү дагы жети Жахабанын Күбөсүнөн тергөө иши жүрүп жаткан маалда шаардан чыкпай турганын билдирген документке кол коюну талап кылган.

Солдо: Александр Суворов; оңдо: Владимир Кочнев

Эл аралык сынга алынганы таасир этеби?

Европа Бирлиги да, Кошмо Штаттар да Орусиянын эркиндикке байланыштуу негизги укуктарды сыйлабастыкка жаткан мындай иш-аракети туура эмес экенин билдирген расмий билдирүү жарыялашкан. Европа Бирлиги Орусияны «дин тутуу эркиндигине, ой эркиндигине жана чогулуу эркиндигине кепилдик берген эл аралык милдеттенмелерди сыйлоого» чакырды. Мындан сырткары, Кошмо Штаттар Орусияны «дин тутуу эркиндигине ылайык иш кылганы үчүн эле түрмөдө отургандардын баарын тезинен бошотууга» үндөдү.

Жахабанын Күбөлөрүнүн сот иштери боюнча башкы кеңешчиси Филип Брамли мындай дейт: «Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Орусиядагы ишенимдештеринин катуу куугунтукка алынып жатканына абдан тынчсызданууда. Бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөлөрү да, коммунисттик режимдин тушундагыдай эле, репрессиянын курмандыгы болууда. Ушундай иш-аракеттерди кылып, барган сайын кысымын күчөтүү менен Орусия өзү кепилдик берген, адамдын негизги укуктарын сыйлабай турганын көрсөтүүдө».

Тергөө камак жайына мурунураак камалган Жахабанын Күбөлөрү: a

  • Деннис Кристенсен

    45 жашта, Орёл шаары. 2017-жылдын 25-майынан бери тергөө камак жайында отурат жана 2018-жылдын 1-августуна чейин тергөө камак жайында калсын деген чечим чыгарылган.

  • Валентин Осадчук

    42 жашта, Владивосток шаары. 2018-жылдын 19-апрелинен бери тергөө камак жайында отурат жана 2018-жылдын 20-июнуна чейин тергөө камак жайында калсын деген чечим чыгарылган.

  • Виктор Трофимов

    61 жашта, Полярный шаары. 2018-жылдын 18-апрелинен бери тергөө камак жайында отурат жана 2018-жылдын 11-октябрына чейин тергөө камак жайында калсын деген чечим чыгарылган.

  • Роман Маркин

    44 жашта, Полярный шаары. 2018-жылдын 18-апрелинен бери тергөө камак жайында отурат жана 2018-жылдын 11-октябрына чейин тергөө камак жайында калсын деген чечим чыгарылган.

  • Анатолий Вилиткевич

    31 жашта, Уфа шаары. 2018-жылдын 10-апрелинен бери тергөө камак жайында отурат жана 2018-жылдын 2-июлуна чейин тергөө камак жайында калсын деген чечим чыгарылган.

a Көбүрөөк маалымат алыш үчүн jw.org/ky сайтына чыккан «Орусияда Жахабанын Күбөлөрүн коркутуп-үркүтүү өнөктүгү башталды» деген макаланы карагыла.