«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Сентябрь, 2013

Бул санда канткенде туура чечимдерди чыгара аларыбыз, Кудай менен болгон мамилебизди кантип бекемдей аларыбыз жана анын эскертүүлөрүнө кулак кагуу кандайча өзүбүзгө эле пайда алып келери талкууланат.

Бири-бирине карама-каршы коюлган ойлордун таасири

Иса Машаяк бири-бирине карама-каршы коюлган ойлорду көп колдонгон. Башкаларга Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүүдө ошондой ойлорду кантип колдонсок болорун окуп көргүлө.

Жахабанын насааттары ишеничтүү

Жахаба өз элин дайыма насааттары аркылуу жетектейт. Анын насааттарына эмне себептен кулак кагышыбыз керек?

Жахабанын насааттары жүрөгүңдүн кубанычы болсун

Жахабанын көрсөтмөлөрүнө кубаныч менен баш иебизби же кээде аларды оор жүктөй көрөбүзбү? Канткенде анын насааттарынын тууралыгына бекем ишеним өрчүтө алабыз?

Сен өзгөрдүңбү?

Эмне үчүн баарыбыз өзгөрүшүбүз керек? Өзгөрүү өз ичине эмнени камтыйт жана бул жагынан канткенде ийгиликке жете алабыз?

Чечимдерди акылдуулук менен чыгар

Чечимдерибиз Кудайдын эркине келер-келбесин кайдан билебиз? Чыгарган чечимибизге ылайык иш кылууга эмне жардам берет?

Пионердик кызмат Кудай менен болгон мамилебизди бекемдейт

Пионердик кызмат кайсы сегиз жол аркылуу Кудай менен болгон мамилебизди бекемдей турганын окуп көргүлө. Сыймыктуу кызматыңды уланта берүүгө эмне жардам берет?

Окурмандардын суроолору

Жакан 11:35те айтылгандай, Иса Машаяк Лазарды тирилтерде эмне үчүн көзүнө жаш алган?