«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Март, 2014

Бул санда өзүмчүл болбоого, өзүбүз жөнүндө туура көз карашта болууга эмне жардам берери, кары ишенимдештер менен туугандарга кантип кам көрсөк болору айтылат.

Ишенимдеш эмес туугандарыңарга жардам бергиле

Иса Машаяктын туугандарына кылган мамилесинен эмнени биле алабыз? Бөлөк динди туткан же Кудайга такыр эле ишенбеген туугандарыбызга кантип кабар айта алабыз?

Өзүмчүл болбоого эмне жардам берет?

Жан аябас болууга тоскоолдук кылган бир душман бар. Бул макалада ошол душман ким экени жана аны жеңүү үчүн Ыйык Китепти кантип колдонсок болору талкууланат.

Өзүбүз жөнүндө туура көз карашта болууга эмне жардам берет?

Көптөр эмне үчүн өзү жөнүндө туура эмес ойдо болушат? Бул макалада өзүбүз жөнүндө туура көз карашта болууга Ыйык Китеп кандайча жардам берери каралат.

Үй-бүлө менен сыйынуу кечи. Кантип кызыктуу өткөрсө болот?

Ар кайсы өлкөдөгү бир туугандардын сыйынуу кечинде колдонгон ыкмалары тууралуу окуп көргүлө.

Араңардагы кары бир туугандарды сыйлагыла

Кудай карыларга кандай карайт? Балдардын улгайган ата-энелеринин алдында кандай милдети бар? Жыйналыштагылар карыларды сыйлаарын кантип көрсөтө алышат?

Карыларга кам көрүү

Ата-энелер менен балдар «оор күндөр» келгенге чейин даярданып, айрым чечимдерди чыгара алышат. Алар кээ бир кыйынчылыктарды кантип жеңе алат?

«Ооба» деп, кайра «жок» дебейсиңби?

Кудайдын кызматчысы «ооба» деп, кайра «жок» дебей, сөзүнө турушу керек. Макулдашкан нерсени өзгөртүүгө туура келсечи? Пабыл бул жагынан кандай үлгү калтырган?