«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Январь, 2019

Бул санда 2019-жылдын 4-мартынан 7-апрелине чейин изилдене турган макалалар камтылат

«Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын»

Кыйынчылыктарга кабылганда да тынчсызданбаганга жардам бере турган үч нерсе жөнүндө окуп көргүлө.

Жыйналышта Жахабаны даңктап-макта

Жыйналыштан жооп берүү сен үчүн кыйынбы? Ошондой болсо, бул макала сага жооп бергенден эмне үчүн коркоруңду аныктаганга жана коркунучуңду жеңгенге жардам берет.

Жүрөгүңдү кантип сактай аласың?

Шайтан жүрөгүбүздү бузууга кантип аракет кылат жана биз аны кантип коргой алабыз?

Жөнөкөй кечеден асмандагы Падышабыз тууралуу эмнени билүүгө болот?

Жөнөкөй өткөрүлгөн Эскерүү кечесинен Исанын момундугу, кайраттуулугу, сүйүүсү тууралуу эмнени билебиз?

Жолугушууларга барганыбыз биз жөнүндө эмнени айтып турат?

Сүйүү, момундук, кайраттуулук жыйналыш жолугушууларына барып турушубузга кандай таасир этет?

Жетектөөчү Кеңештин жаңы мүчөсү

Кеннет Кук бир тууган жөнүндө окуп көргүлө