«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Июнь, 2019

Бул санда 2019-жылдын 5-августунан 1-сентябрына чейин изилдене турган макалалар камтылат.

«Сак болгула, кимдир бирөө... силерди тузакка түшүрүп албасын»!

Шайтан адамдарды адаштырууга маш. Ал бизге таасир этип, Жахабадан баш тарттырыш үчүн эмнелерди кылат?

Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган түшүнүктөрдүн баарын талкалагыла!

Башыбыздан өткөндөр, маданиятыбыз, билимибиз ой жүгүртүүбүзгө таасир этет. Акылыбыздагы бекем чеп сыяктуу түптөлүп калган терс ойлордон кантип арыла алабыз?

Кыйынчылык учурунда Жахабага таянгыла

Катуу же узак убакытка тынчсыздануу ден соолугубузга, эмоциялык абалыбызга терс таасир этет. Жахабанын мурун кызматчыларына кантип жардам бергенин карап чыгуунун аркасында көп нерсени биле алабыз.

Кыйналып жаткандарга колдоо көрсөтөлү

Лот, Аюп, Наами Жахабанын берилген кызматчыларынан болушкан. Бирок алар да кыйынчылыктарга кабылышкан. Алардын башынан өткөндөрдөн эмнелерди үйрөнө алабыз?

Канткенде Шайтандын тузагына түшпөйбүз?

Кудайдын көптөгөн кызматчылары порнографиянын тузагына түшүүдө. Канткенде андай ыпылас нерседен кача алабыз?

Байыркы түрмөктүн «жайылышы»

1970-жылы археологдор Израилден күйүп калган түрмөк табышкан. Адистер 3D сканеринин жардамы менен ал түрмөктү «жайышкан». Сканерлөөнүн натыйжасында эмне айкын болгон?