«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Ноябрь, 2019

Бул санда 2019-жылдын 30-декабрынан 2020-жылдын 2-февралына чейин изилдене турган макалалар камтылат.

Дүйнөнүн акыры келгиче, достугубузду чыңдайлы

Жеремия пайгамбарга достору Иерусалимдин талкаланарына аз калган коогалаңдуу убакта аман калганга жардам беришкен. Анын башынан өткөндөрдөн көп нерсеге үйрөнө алабыз.

Ыйык рух бизге кантип жардам берет?

Кудайдын ыйык руху кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет. Бирок ал бизге толук таасир этиши үчүн, төрт нерсени кылышыбыз керек.

«Чоң ишеним калканыңар» жакшы абалдабы?

Ишенимибиз калкан сымал бизди коргойт. Ишеним калканыбызды жакшы абалда күтүш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Лебилер китебинен эмнелерди үйрөнө алабыз?

Лебилер китебинде Жахабанын байыркы ысрайыл элине берген мыйзамдары камтылат. Исанын жолдоочулары болгондуктан биз ал мыйзамдарга карманбайбыз, бирок алардан пайда ала алабыз.

Баштаган ишиңерди аягына чыгаргыла

Туура чечим чыгарган күндө да, аны ишке ашыруу дайыма эле оңой боло бербеши мүмкүн. Баштаган ишиңерди аягына чыгарууга жардам бере турган кеңештерди окуп көргүлө.

Билесиңерби?

Байыркы убактагы үй башкаруучулары кандай милдет аткарчу?