Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бейиште жашайсың сен дагы

Бейиште жашайсың сен дагы

Жүктөп алуу

  1. 1. Көзүм жумуп элестетем

    Ажайып кооз бейиш заманды.

    Мени менен

    Элестет

    Сен дагы.

  2. 2. Кыял эмес ал жаңы дүйнө.

    Кудайдын ниети жүзөгө

    Ашканын

    Көрөсүң

    Сен дагы.

    КАЙЫРМА

    Карачы,

    Бөлөнгөн баары кубанычка.

    Жахаба

    Ушундай болушун ниет кылган.

  3. 3. Өлүм уйкусунда жаткандар

    Ойгонушту, азыр жаныбызда.

    Көрдүңбү

    Аларды

    Сен дагы?

  4. 4. Калды тарых барактарында

    Азапка салган оору, ый, муң-зар.

    Ал күндү

    Элестет

    Сен дагы.

    КАЙЫРМА

    Карачы,

    Бөлөнгөн баары кубанычка.

    Жахаба

    Ушундай болушун ниет кылган.

  5. 5. Жахабанын убадалары

    Аткарылат, бекем ишенем.

    КӨПҮРӨ

    Сен дагы

    Шектенбе.

    Биз эңсеген

    Бейиш жакында келет,

    Ишен.

  6. 6. Элестет көзүң жумуп

    Жаңы заманды кыял куруп.

    Ал жакта

    Жашайсың

    Сен дагы.