Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

Бул китепте Иса Машаяктын жашоосундагы Ыйык Китепте баяндалган окуялардын баары камтылат.

КИРИШ СӨЗ

Жол, чындык, өмүр

Инжилде Иса Машаяктын насааты, иштери жөнүндө жазылган. Инжилде жазылгандар сенин жашооңду өзгөртүшү мүмкүн.

1-БӨЛҮМ

Кудайдан келген эки кабар

Жебирейил периште ишенүүгө кыйын болгон кабарларды айткан.

2-БӨЛҮМ

Төрөлгөнгө чейин эле урмат көрсөтүлүшү

Элизабет менен курсагындагы баласы Иса Машаякка кантип урмат көрсөтүшкөн?

3-БӨЛҮМ

Жол даярдай турган кишинин төрөлүшү

Закарыяга кереметтүү түрдө тил бүтөрү менен келечекке байланыштуу маанилүү сөздөрдү айткан.

4-БӨЛҮМ

Күйөөгө чыга элек, бирок кош бойлуу кыз

Мариям Жусупка башка бирөөдөн эмес, ыйык рухтан боюна бүткөнүн айтканда, ал ишенгенби?

5-БӨЛҮМ

Иса каякта жана качан төрөлгөн?

Иса Машаяктын 25-декабрда төрөлбөгөнүн кайдан билебиз?

6-БӨЛҮМ

Кудайдын убадасы боюнча төрөлгөн ымыркай

Жусуп менен Мариям Исаны ибадатканага алып барышканда, бир карыя менен бир апа Исанын келечеги жөнүндө алдын ала айтышат.

7-БӨЛҮМ

Жылдыз төлгөчүлөрдүн Исага барышы

Чыгышта пайда болгон «жылдыз» эмне үчүн төлгөчүлөрдү түз эле Исага эмес, канкор Ирод падышага алпарган?

8-БӨЛҮМ

Зөөкүр падышадан качышы

Исанын ымыркай кезинде Машаякка байланыштуу үч пайгамбарлык аткарылган.

9-БӨЛҮМ

Назарет шаарында чоңоюп-өсүшү

Исанын канча бир тууганы болгон?

10-БӨЛҮМ

Иерусалимге сапар тартышы

Жусуп менен Мариям Исаны таба албай айласы кетет. Бирок Иса ата-энесинин анын каякта экенин билбегенине таң калат.

11-БӨЛҮМ

Чөмүлдүрүүчү Жакандын жол даярдашы

Садукейлер менен фарисейлер келгенде, Жакан аларды айыптайт. Эмне үчүн?

12-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын чөмүлүшү

Иса эч качан күнөө кетирбесе да, эмне үчүн чөмүлгөн?

13-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын Шайтанга каршы турушу

Иса Машаяктын чөлдө азгырыкка туш болгонунан Шайтан тууралуу эки нерсени билүүгө болот.

14-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын алгачкы шакирттерди тандашы

Иса пайгамбардын алгачкы 6 шакирти анын Машаяк экенине эмнеден улам ынанган?

15-БӨЛҮМ

Биринчи кереметин жасашы

Иса Машаяк апасына асмандагы Атасынан башка эч ким ага кызматын мындай же тигиндей аткар деп айтууга укугу жок экенин билдирген.

16-БӨЛҮМ

Таза сыйынууну ынталуулук менен коргошу

Кудайдын Мыйзамы боюнча, курмандык чалууга малды Иерусалимден сатып алууга жол берилчү. Анда Иса пайгамбар ибадатканадагы соодагерлерге эмне үчүн ачууланган?

17-БӨЛҮМ

Түн ичинде Никедим менен сүйлөшүшү

«Кайрадан төрөлүү» деген эмнени билдирет?

18-БӨЛҮМ

Машаяктын зоболосу көтөрүлөт

Чөмүлдүрүүчү Жакан Иса Машаяктын зоболосу көтөрүлгөнүнө сүйүнсө, анын шакирттеринин ичи тарыган.

19-БӨЛҮМ

Самариялык аялга кабар айтышы

Иса пайгамбар самариялык аялга, калыбы, буга чейин эч кимге ачык айта элек нерсени ачып берет.

20-БӨЛҮМ

Каанадагы экинчи керемети

Иса Машаяк 25 чакырымдай алыс жерде жашаган уланды айыктырат.

21-БӨЛҮМ

Назареттеги синагогада

Иса пайгамбардын кайсы сөздөрүнөн улам жердештери аны өлтүргүсү келген?

22-БӨЛҮМ

Төрт шакирттин адам уулоочу болушу

Иса Машаяк шакирттерин балык уулоо ишин таштап, адам уулоочу болууга чакырат.

23-БӨЛҮМ

Капернаумдагы ажайып иштери

Иса Машаяк жиндерди кууп чыгып жатканда, аларга анын Кудайдын Уулу экенин айтууга тыюу салчу.

24-БӨЛҮМ

Бүт Галилеяны кыдырып кабар айтышы

Эл Иса Машаякка ооруларынан айыгыш үчүн эле келчү, бирок ал аларга андан да маанилүү бир ишти аткарышы керектигин түшүндүргөн.

25-БӨЛҮМ

Боору ооруп, пес оорулуу кишини айыктырышы

Иса пайгамбардын жөнөкөй, бирок таасирдүү сөздөрү анын оорулуу кишилерди айыктырууга дилгир экенин тастыктап турат.

26-БӨЛҮМ

«Күнөөлөрүң кечирилди»

Иса пайгамбар күнөө менен оорунун ортосунда байланыш бар экенин кантип көрсөткөн?

27-БӨЛҮМ

Матайдын Иса Машаяктын шакирти болушу

Иса пайгамбар эмне үчүн күнөөкөрлөр катары белгилүү болгон кишилер менен чогуу тамактанат?

28-БӨЛҮМ

Эмне үчүн шакирттер орозо кармашпайт?

Жооп бериш үчүн Иса Машаяк чаначтар жөнүндө мисал келтирет.

29-БӨЛҮМ

Ишемби күнү жакшы иш кылууга болобу?

Жүйүттөр 38 жылдан бери ооруп жүргөн кишини айыктырганы үчүн Иса Машаякты эмнеге жемелешкен?

30-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын Атасы менен болгон мамилеси

Жүйүттөр Машаякты өзүн Кудайга теңеп жатат деп ойлошкон, бирок ал Кудайга баш иерин ачык көрсөткөн.

31-БӨЛҮМ

Ишемби күнү буудайдын башын үзүп жешет

Иса Машаяк эмне үчүн өзүн «ишембинин Мырзасы» деп атаган?

32-БӨЛҮМ

Ишембиде эмнелерди кылууга болот?

Бири-бири менен тирешип келген садукейлер жана фарисейлер бир максатка жетиш үчүн, адатта, бириге калышчу.

33-БӨЛҮМ

Ышая пайгамбардын айткандары аткарылат

Эмне үчүн Иса пайгамбар айыктырган кишилерге өзү жана иштери жөнүндө айтпоону буйручу?

34-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын 12 элчисин тандашы

Шакирттер менен элчилердин айырмасы кандай?

35-БӨЛҮМ

Тоодо айтылган белгилүү насаат

Иса пайгамбардын тоодо айтылган насаатынын негизги ойлору жөнүндө окугула.

36-БӨЛҮМ

Ишеними күчтүү жүз башы

Иса пайгамбар жүз башынын эмнесине таң калган?

37-БӨЛҮМ

Жесир аялдын уулун тирилтиши

Иса пайгамбардын жигитти тирилткенин көргөндөр маанилүү бир нерсени түшүнүшкөн.

38-БӨЛҮМ

Машаяк жөнүндө өз оозунан уккусу келет

Чөмүлдүрүүчү Жакан Иса пайгамбардан Машаяк экенин сурайт. Жакан буга шектенди беле?

39-БӨЛҮМ

Тоң моюн муундун башына каран түн түшөт

Иса пайгамбар Сот күнү Капернаум шаарынын, ал бир аз жашап кеткен шаардын, жазасына караганда Содомдун жазасы жеңилирээк болорун айткан.

40-БӨЛҮМ

Кечиримдүү болуу эмнени билдирет?

Калыбы, сойку болгон аялдын күнөөлөрүн кечиргенде Иса пайгамбар Кудайдын мыйзамдарын буза берсе болот дегендей кылды беле?

41-БӨЛҮМ

Кереметтерди кимдин күчү менен кылган?

Иса пайгамбардын бир туугандары аны акылынан айнып калды деп ойлошкон.

42-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын фарисейлерди ашкерелеши

Жунус пайгамбардын жышааны деген эмне?

43-БӨЛҮМ

Падышалык жөнүндөгү мисалдар

Иса Машаяк асман Падышалыгынын ар кандай өзгөчөлүктөрүн ачып берген жети мисал айтып берген.

44-БӨЛҮМ

Машаяктын деңиздеги шамалды тыйышы

Иса Машаяк шамал менен жаалданган толкундарды тынчытканда Падыша катары келечекте эмнелерди кыларын көрсөткөн.

45-БӨЛҮМ

Түмөндөгөн жиндерди кууп чыгарышы

Бир кишини бир нече жин бийлеп алышы мүмкүнбү?

46-БӨЛҮМ

Машаяктын кийимине тиери менен айыгат

Иса пайгамбар кан агуудан азап чеккен аялды айыктырганда күчтүү, боорукер экенин көрсөткөн.

47-БӨЛҮМ

Кыздын тирилиши

Иса пайгамбар өлгөн кызды уктап жатат деп айтканда, эл шылдыңдап күлгөн. Алар эмнени билген эмес?

48-БӨЛҮМ

Кереметтерди жасаса да, ишенбей коюшат

Назареттиктер Иса пайгамбарга окуулары же кереметтери үчүн эмес, башка себептен улам ишенишкен эмес.

49-БӨЛҮМ

Галилеяда кабар айтып, элчилерин окутушу

«Асман Падышалыгы жакындап калды» деген сөздөр эмнени билдирет?

50-БӨЛҮМ

Куугунтукка карабай кабар айтууга даярдайт

Иса Машаяк элчилерине өлүмдөн коркпошу керектигин айтып коюп, эмне үчүн куугунтукталганда башка жакка качкыла деген?

51-БӨЛҮМ

Туулган күндө бирөөнүн өмүрүнүн кыйылышы

Саломенин бийлегени Иродго аябай жагып калгандыктан эмне сураса, ошонун баарын берерин убада кылат. Саломенин сураганы эмне үчүн төбө чачты тик тургузган нерсе болгон?

52-БӨЛҮМ

Миңдеген кишилерди тойгузушу

Иса Машаяктын керемети ушунчалык зор мааниге ээ болгондуктан, ал тууралуу 4 Инжилде тең жазылган.

53-БӨЛҮМ

Табият күчтөрүн да башкарган падыша

Иса Машаяк суунун үстү менен басып, шамалды токтоткондо, элчилер эмнени түшүнүшкөн?

54-БӨЛҮМ

Иса Машаяк — «өмүр наны»

Эл Иса Машаякты издеп табыш үчүн аракет кылса да, эмне үчүн ал аларды ашкерелеген?

55-БӨЛҮМ

Машаяктын көптөрдү аң-таң кылышы

Иса пайгамбардын таң калыштуу сөздөрүн түшүнбөгөн көптөгөн шакирттер аны таштап кетишет.

56-БӨЛҮМ

Адамды чынында эмне арам кылат?

Оозго эмнелер кирет, ал эми ооздон эмнелер чыгат?

57-БӨЛҮМ

Кызды жана дүлөй кишини айыктырышы

Иса пайгамбар финикиялыктарды күчүктөргө салыштырганда, ошол элден болгон аял эмне үчүн таарынган эмес?

58-БӨЛҮМ

Элди тойгузушу, ачыткы жөнүндө айтышы

Шакирттер Иса пайгамбардын ачыткы жөнүндөгү сөздөрүнүн маанисин түшүнүшөт.

59-БӨЛҮМ

Адам Уулу деген ким?

Падышалыктын ачкычтары деген эмне? Алар кимге берилмек жана кантип колдонулмак?

60-БӨЛҮМ

Машаяктын көрүнүшүнүн өзгөрүшү

Машаяктын көрүнүшүнүн өзгөрүшү эмнени билдирген?

61-БӨЛҮМ

Жин бийлеп алган баланы айыктырышы

Иса пайгамбар айткандай, бала ишенимдин аздыгынан айыккан эмес. Кимдин ишеними аз болгон? Баланынбы, атасынынбы же шакирттердинби?

62-БӨЛҮМ

Шакирттерин момун болууга үйрөтүшү

Чоң кишилер кичинекей балдардан маанилүү бир нерсеге үйрөнө алышат.

63-БӨЛҮМ

Маанилүү кеңештер

Иса Машаяк бир туугандардын ортосундагы олуттуу пикир келишпестиктерди чечүүнүн үч кадамы жөнүндө айткан.

64-БӨЛҮМ

Кечирүүнүн маанилүүлүгү

Иса Машаяк ырайымсыз кул жөнүндө мисал келтирип, Кудайдын башкаларды айкөлдүк менен кечиришибизди талап кыларын көрсөткөн.

65-БӨЛҮМ

Иерусалимге баратканда көп нерсени үйрөтүшү

Иса пайгамбар үч киши менен кыскача сүйлөшкөндө анын жолун жолдоого эмнелер тоскоолдук кыларын ачык көрсөткөн.

66-БӨЛҮМ

Иерусалимдеги алачык майрамы

Иса пайгамбарды угуп тургандар анын ичине жин кирип алган деп эмне үчүн ойлоп алышкан?

67-БӨЛҮМ

«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»

Жүйүттөрдүн жогорку сотунун дээрлик бардык мүчөлөрү Иса пайгамбарга каршы болушкан. Бирок алардын бири тайманбай, аны жактаган.

68-БӨЛҮМ

Кудайдын Уулу — «дүйнөнүн жарыгы»

Иса пайгамбар: «Чындык силерди эркин кылат»,— деген. Эмнеден эркин кылмак?

69-БӨЛҮМ

Алардын атасы Ыбрайымбы же Ибилиспи?

Машаяк өзүнүн Атасы жана Ыбрайым пайгамбардын балдары ким экенин кантип аныктаса болорун айтат.

70-БӨЛҮМ

Тубаса сокур кишини айыктырышы

Шакирттер: «Эмне үчүн бул киши сокур болуп калган? Өзү күнөө кылганбы? Же ата-энесиби?» — деп сурашат. Машаяк аны айыктырганда, эл ар кандай ойдо болот.

71-БӨЛҮМ

Фарисейлердин сокур кишини суракка алышы

Сокур кишинин калыстык менен айткан сөздөрү фарисейлердин жинин келтирет. Ата-энеси корккондой эле, фарисейлер аны синагогадан чыгарып салышат.

72-БӨЛҮМ

70 шакиртин кабар айтууга жөнөтүшү

Машаяк Жүйүт жеринде жүргөндө 70 шакиртин Падышалык жөнүндө кабар айтууга жөнөтөт. Алар синагогаларда кабар айтышканбы же үйлөрдү кыдырышканбы?

73-БӨЛҮМ

Кайрымдуу самариялык киши

Иса пайгамбар элге маанилүү бир нерсеге үйрөтүш үчүн кайрымдуу самариялык киши жөнүндөгү мисалды кантип колдонгон?

74-БӨЛҮМ

Меймандостук жана тиленүү

Иса пайгамбар Мариям менен Мартаныкына конокко барат. Ал меймандостукка байланыштуу эмнени баса белгилейт? Кийин шакирттерине тиленгенди кантип үйрөтөт

75-БӨЛҮМ

Адамды эмне чындап бактылуу кылат?

Машаяк каршылаштарына Кудайдын манжасы жана Падышалыктын алар күтпөгөн маалда келгенин айтат. Ал канткенде чыныгы бакытка жетсе болорун да айтат.

76-БӨЛҮМ

Фарисейдин үйүнө конокко барышы

Иса пайгамбар фарисейлердин жана китепчилердин эки жүздүү экенин ачыкка чыгарат. Алар элге кандай оор жүк артышкан?

77-БӨЛҮМ

Байлыкка байланыштуу кеңеш

Иса пайгамбар чоң кампаларды курган бай киши жөнүндө мисал айткан. Ал байлыкка умтулуунун кооптуу экенин дагы кантип баса белгилеген?

78-БӨЛҮМ

Ишенимдүү башкаруучу, даяр бол!

Машаяк шакирттеринин рухийлигине кызыкдар болгон. Буга байланыштуу кызматчы кандай милдетти аткармак? Даяр болуу керектигине байланыштуу кеңешке кулак кагуу эмне үчүн маанилүү?

79-БӨЛҮМ

Өкүнбөгөндөр жок болот

Иса пайгамбар элге, эгер өкүнүшпөсө, жок болушарын айтат. Алар пайгамбардын Кудайдын алдында жакшы атка ээ болуу керектиги жөнүндө айткандарын жүрөктөрүнө түйүп алышабы?

80-БӨЛҮМ

Жакшы Койчу жана кой короолор

Койчу жана койлор жөнүндөгү мисалдан Машаяк жолдоочуларына кандай мамиле кыларын билсе болот. Алар анын окууларынын чындык экенин баамдап, жетегине баш иеби?

81-БӨЛҮМ

Атасы менен бир, бирок Атасы андан улук

Машаяктын каршылаштары аны өзүн Кудайга теңеп жатат деп айыпташат. Машаяк алардын айыбы негизсиз экенин кантип көрсөтөт?

82-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын Переядагы кызматы

Машаяк куткарылуу үчүн эмне кылуу керек экенин айтат. Анын кеңеши ошол учурда абдан маанилүү болгон. Бүгүнчү?

83-БӨЛҮМ

Кудай тамакка кимдерди чакырат?

Машаяк фарисейдин үйүндө отурганда чоң той жөнүнө мисал келтирет. Муну менен ал Кудайдын элине кандай маанилүү ойду айткан?

84-БӨЛҮМ

Шакирт болуу — чоң жоопкерчилик

Машаяктын жолдоочусу болуу — чоң жоопкерчилик. Машаяк бул эмнени билдирерин ачык эле айтат. Бул айрымдардын төбө чачын тик тургузат.

85-БӨЛҮМ

Өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн кубанышат

Фарисейлер менен китепчилер Машаякты, карапайым эл менен мамилелешкени үчүн, сынга алышат. Ал Кудайдын күнөөкөрлөргө кандай караарын мисалдар менен түшүндүрөт.

86-БӨЛҮМ

Жоголгон уулдун кайтып келиши

Машаяктын жоголгон уул жөнүндөгү мисалынан эмнеге үйрөнө алабыз?

87-БӨЛҮМ

Эртеңкини ойлоп, акылдуулук менен иш кыл

Машаяк амалкөй үй башчысы жөнүндөгү мисалдын жардамы менен эмнеге үйрөткүсү келген?

88-БӨЛҮМ

Бай киши менен Лазардын жагдайы өзгөрөт

Иса Машаяктын мисалындагы негизги каармандар кимдерди билдирерин билсек, мисалдын маани-маңызын түшүнөбүз.

89-БӨЛҮМ

Жүйүт жерине баратып, Переяда кабар айтышы

Кимдир бирөө бизге каршы кайра-кайра күнөө кылса, кайсы сапат кечиримдүү болууга жардам берет.

90-БӨЛҮМ

«Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»

Машаяктын: «Ким мага ишенип жашаса, ал эч качан өлбөйт?» — деген сөздөрү эмнени билдирет?

91-БӨЛҮМ

Лазардын тирилиши

Ушул окуядагы эки нерседен улам Иса пайгамбардын каршылаштары кереметти жокко чыгара алышкан эмес.

92-БӨЛҮМ

Бирөө гана ыраазычылык билдирет

Айыккан киши Иса Машаякка эле эмес, дагы бирөөгө ыраазычылык билдирет.

93-БӨЛҮМ

Адам Уулу ачыла турган күн

Кандайча Машаяктын келиши жарк эткен чагылган сыяктуу болот?

94-БӨЛҮМ

Тиленүү жана момундук

Адилетсиз сот жана жесир аял жөнүндөгү мисалдан Машаяк маанилүү бир сапатты баса белгилеген.

95-БӨЛҮМ

Ажырашуу жана балдар жөнүндөгү насаат

Иса пайгамбардын балдарга карата көз карашы шакирттериникинен кескин айырмаланган. Эмне үчүн?

96-БӨЛҮМ

Машаяктын бай жигит менен сүйлөшүшү

Иса пайгамбар эмне үчүн: «Байдын Кудайдын Падышалыгына киришине караганда, төөнүн ийненин көзүнөн өтүшү оңоюраак»,— деп айткан?

97-БӨЛҮМ

Жүзүмзардагы жумушчулар жөнүндөгү мисал

Кандай мааниде »биринчилердин көптөрү акыркы, ал эми акыркылар биринчи болот»?

98-БӨЛҮМ

Кайра эле биринчи болууга умтулушат

Жакып менен Жакан Падышалыкта жогорку орундарды ээлөөнү каалашкан. Бирок буга алар гана умтулушкан эмес.

99-БӨЛҮМ

Сокурларды айыктырышы, Закайга жолугушу

Үч Инжилдеги Иса пайгамбардын Жерихонун жанында эки кайырчыны айыктырганы жөнүндөгү билдирүүлөр бири-бирине карама-каршы келген сыяктанат. Бирок ал билдирүүлөрдүн бири-бирине карама-каршы келбей турганына кандай далил бар?

100-БӨЛҮМ

Он мина жөнүндөгү мисал

Иса пайгамбардын: «Кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, андан өзүндө болгон нерсеси да тартылып алынат»,— деген сөздөрү эмнени билдирет?

101-БӨЛҮМ

Бетаниядагы Симондун үйүнө конокко барышы

Лазардын бир тууганы Мариям Иса пайгамбардын башына жыттуу май куят. Буга шакирттер нааразы болушат. Бирок пайгамбар Мариямга болушат.

102-БӨЛҮМ

Падышанын Иерусалимге кодик минип кириши

Иса Машаяк 500 жыл мурун айтылган пайгамбарлыкты аткарган.

103-БӨЛҮМ

Ибадаткананы дагы бир жолу тазалашы

Иерусалимдеги соодагерлер мыйзамды бузбагандай эле көрүнүшкөн. Анда эмне үчүн Иса пайгамбар аларды каракчылар деп атаган?

104-БӨЛҮМ

Кудайдын үнүн уккан жүйүттөр ишенишеби?

Иса Машаякка ишенүү жана ошол ишенимдин негизинде иш кылуунун ортосунда кандай айырма бар?

105-БӨЛҮМ

Ишеним жөнүндө айтышы

Иса Машаяк шакирттерине бекем ишенимдин аркасында тоону да жылдыруу мүмкүн экенин жана Кудайдын ысрайыл элин эмне үчүн четке какканын айткан.

106-БӨЛҮМ

Жүзүмзар жөнүндөгү эки мисал

Уулдарына жүзүмзарга барып иштегиле деп айткан киши жөнүндөгү жана жүзүмзарын ыймансыз багбандарга ижарага берген киши жөнүндөгү мисал.

107-БӨЛҮМ

Падышанын тойго келе тургандарды чакырышы

Иса Машаяктын мисалы пайгамбарлык мааниге ээ.

108-БӨЛҮМ

Душмандардын арам ою ишке ашпайт

Иса Машаяк адегенде фарисейлердин, анан садукейлердин, акырында эки топтон тең биригип алып келген кишилердин жаагын жап кылат.

109-БӨЛҮМ

Диний жетекчилерди ашкерелеши

Иса Машаяк элден бөтөнчөлөнгөн фарисейлерди эмне үчүн ашкерелеген?

110-БӨЛҮМ

Машаяктын ибадатканага акыркы жолу барышы

Машаяк жарды жесир аялды мисалы кылып, маанилүү ойду айтат.

111-БӨЛҮМ

«Кайсы белгиден билүүгө болот?»

Машаяктын пайгамбарлыктарынын айрым бөлүктөрү 1-кылымда аткарылган. Алар кийинчерээк бүт жер жүзү боюнча да аткарылат беле?

112-БӨЛҮМ

Сергек турган кыздар

Иса Машаяк жолдоочуларынын жарымы акылдуу, жарымы акылсыз болорун айткысы келгенби?

113-БӨЛҮМ

Таланттарды иштеткен кулдар

Таланттар жөнүндөгү мисал Иса пайгамбардын: «Кимде бар болсо, ага дагы берилет»,— деген сөздөрүнүн маанисин түшүнүүгө жардам берет.

114-БӨЛҮМ

Машаяктын койлорду эчкилерден бөлүшү

Иса Машаяк ойлондурарлык мисал келтирип, адамдардын эмненин негизинде соттолорун ачып берген.

115-БӨЛҮМ

Акыркы Пасахка аз калды

Диний жетекчилердин Жүйүт Искариотко 30 күмүш тыйын берүүгө макул болгону эмне үчүн көңүлгө аларлык?

116-БӨЛҮМ

Акыркы Пасахта момун болууга үйрөтүшү

Иса пайгамбар кул аткара турган ишти кылып, элчилерин таң калтырган.

117-БӨЛҮМ

Мырзабыздын кечки тамагы

Иса Машаяк Эскерүү кечесин негиздеген. Анын жолдоочулары бул аземди жыл сайын 14-нисанда белгилешет.

118-БӨЛҮМ

Кимибиз чоңбуз деп талаша кетишет

Элчилер Иса Машаяктын ошол эле күнү бир аз мурунураак аларды момун болууга үйрөткөнүн унутуп коюшкан.

119-БӨЛҮМ

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

Иса пайгамбар Кудай менен кантип ынак мамиле түзсө болорун үйрөтүп, маанилүү чындыкты ачып берген.

120-БӨЛҮМ

Жемиш берген бутактар, Машаяктын достору

Иса Машаяктын шакирттери кандайча жемиш беришмек?

121-БӨЛҮМ

«Кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»

Иса пайгамбарды бул дүйнөдө жашаган адамдар өлүм жазасына тартышкан. Анда ал дүйнөнү кандайча жеңген?

122-БӨЛҮМ

Үстүнкү бөлмөдөгү акыркы тиленүүсү

Иса Машаяк адамзатты куткаргандан да маанилүү ишти аткарганын айткан.

123-БӨЛҮМ

Жан дүйнөсү кыйналып, жалындуу тилениши

Иса эмне үчүн: «Бул чөйчөктү менден алыстата көр»,— деп тиленген.

124-БӨЛҮМ

Жүйүт Мырзасын душмандарга салып берет

Жүйүт түн ортосу болгонуна карабай Иса Машаякты издеп тапкан?

125-БӨЛҮМ

Адегенде Анаска, анан Каяпага алпарышат

Иса Машаяктын соту барып турган адилетсиздик болгон.

126-БӨЛҮМ

Петирдин Мырзасынан баш тартышы

Ишеними бекем, берилгендигинен жазбаган элчи Петир Мырзасынан эмне үчүн бат эле баш тартып кеткен?

127-БӨЛҮМ

Синедрион, анан Пилат суракка алат

Жүйүттөрдүн диний кызматчыларынын ниети ачыкка чыккан.

128-БӨЛҮМ

Пилат да, Ирод да күнөөсүз деп табат

Пилат Иса Машаякты Иродго эмне үчүн жөнөткөн? Пилаттын Иса Машаякты соттоого бийлиги жок беле?

129-БӨЛҮМ

«Мына, адам!»

Иса Машаяктын теңдешсиз сапаттарына атүгүл Понтий Пилат баа берген.

130-БӨЛҮМ

Машаякка өлүм өкүмүнүн чыгарылышы

Иса пайгамбар боздоп ыйлап бараткан аялдарга: «Мен үчүн ыйлабагыла. Өзүңөр үчүн, балдарыңар үчүн ыйлагыла»,— деп эмне үчүн айткан?

131-БӨЛҮМ

Бейкүнөө Падышанын устунга кадалышы

Бейкүнөө Падыша устунка кадалып, азап чегет.

132-БӨЛҮМ

«Бул киши, чын эле, Кудайдын Уулу болгон экен»

Түшкө маал караңгылык каптаганы, катуу жер титирөө болгону, ибадатканадагы көшөгөнүн айрылып, экиге бөлүнүп калганы маанилүү бир нерсени тастыктаган.

133-БӨЛҮМ

Машаяктын сөөгү коюлат

Эмне үчүн жүйүттөр Иса Машаяктын сөөгүн күн баткыча коюуга шашышкан?

134-БӨЛҮМ

Машаяк тирилип, мүрзө бош калат

Иса тирилгенде биринчи жолу элчилерге эмес, анын жолун жолдогон аялдарга көрүнгөн.

135-БӨЛҮМ

Тирилгенден кийин көптөргө көрүнөт

Иса Машаяк тирилгенин шакирттерге кантип далилдеген?

136-БӨЛҮМ

Галилея деңизинин жээгинде

Мырзасы элчи Петирге аны абдан жакшы көрөрүн далилдеш үчүн бир нерсе кылышы керектигин үч жолу айткан.

137-БӨЛҮМ

Жүздөгөн шакирттерге көрүнөт

Тирилип, асманга кеткенге чейин Иса Машаяк шакирттерине жакында ыйык рух аларын жана анын жетекчилигине ылайык иш кылышы керектигин көп жолу баса белгилеген.

138-БӨЛҮМ

Иса Машаяк Кудайдын оң жагына отурат

Душмандарды жок кыла турган убакытты күтүп жаткан мезгилде Иса Машаяк эмне кылмак?

139-БӨЛҮМ

Машаяк тапшырылган ишти соңуна чыгарат

Иса Машаяк Падышалыкты Кудайына жана Атасына тапшырып бергиче дагы көп иштерди бүтүрүшү керек.

Иса Машаяктан үлгү ал

Иса пайгамбар жашоосунда 8 сонун сапатты чагылдырган.

Аяттардын индекси

Ушул индекстин жардамы менен Инжилдеги ар бир аят талкууланган бөлүмдү таба аласыңар.

Мисалдардын индекси

Индекстин жардамы менен мисалдар талкууланган бөлүмдөрдү таба аласыңар.

Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктар

Исанын жашоосундагы окуялар менен анын Машаяк экенин далилдеген Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды салыштыргыла жана ошол окуялар жазылган бөлүмдөрдү окугула.

Иса Машаяк жашаган жана кабар айткан жерлер

Бул картада Иса пайгамбар кабар айткан жерлер көрсөтүлдү.