«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

Бул адабият сага мындан ары да Ыйык Китептеги принциптерди колдонуп, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет.

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши Жахабаны сүйгөндөрдүн баарын Атасынын сүйүүсүнөн айрылбаган Исадан үлгү алууга үндөйт.

1-БӨЛҮМ

Кудайды сүйүү деген эмнени билдирет?

Ыйык Китепте Кудайды сүйөрүбүздү кантип көрсөтө аларыбыз жөнөкөй жол менен түшүндүрүлөт.

2-БӨЛҮМ

Канткенде абийирибизди таза сактай алабыз?

Өзүбүзгө таза эле сезилген абийирибиз Кудайдын көз алдында таза эмес болуп калышы мүмкүнбү?

3-БӨЛҮМ

Кудай сүйгөн адамдарды сүйгүлө

Жахаба досторду кылдаттык менен тандайт. Биз да ошондой кылышыбыз керек.

4-БӨЛҮМ

Эмне үчүн бийликти урматтоо керек?

Ыйык Китептен Кудай бизден жашоонун кайсы негизги үч тармагында бийликти урматтоону талап кыларын биле алабыз.

5-БӨЛҮМ

Бул дүйнөгө таандык болбо

Ыйык Китептен бул дүйнөдөн болбоонун кандай 5 жолу бар экенин биле алабыз.

6-БӨЛҮМ

Көңүл ачуунун пайдалуу түрлөрүн танда

Туура чечим чыгарууга сага үч суроо жардам берет.

7-БӨЛҮМ

Өмүрдү Кудай баалагандай баалайсыңбы?

Өмүрдү баалоо деген киши өлтүрбөөнү эле билдиреби?

8-БӨЛҮМ

Кудай таза адамдарды сүйөт

Ыйык Китеп сага Кудайдын көз алдында таза эмес деп эсептелген иштерден оолак болууга жардам берет.

9-БӨЛҮМ

«Бузуктуктан кач»

Жыл сайын Кудайдын миңдеген кызматчылары жыныстык адеп-ахлаксыздыкка барышат. Сен канткенде андай тузактан кача аласың?

10-БӨЛҮМ

Нике — мээримдүү Кудайдын белеги

Келечекте жарың менен бактылуу жашаш үчүн эмне кылсаң болот? Эгер үй-бүлөлүү болсоң, кармашкан колуңар үзүлбөшү үчүн эмне кылсаң болот?

11-БӨЛҮМ

«Никени баала»

Өзүңдү текшерүү үчүн берилген алты суроо никеңди бекемдөөгө жардам берет.

12-БӨЛҮМ

«Бекемдей турган сөздөрдү» сүйлө

Сөзүбүз башкаларды бекемдейт же жаралайт. Сүйлөө жөндөмдүүлүгүн канткенде Жахаба ниет кылгандай колдоно аларыбыз жөнүндө окуп көр.

13-БӨЛҮМ

Кудайга жакпаган майрамдар

Айрым майрамдар менен каада-салттар Кудайды даңктагандай көрүнүшү мүмкүн, бирок, чынында, алар аны капалантат.

14-БӨЛҮМ

Бардык жагынан чынчыл бол

Башкаларга чынчылдык менен мамиле кылардын мурун эмне кылышыбыз керек?

15-БӨЛҮМ

Эмгектенүүдөн кубаныч ал

Кайсы бир жумуштун ылайыктуу же ылайыксыз экенин аныктоого 5 суроо жардам берет.

16-БӨЛҮМ

Ибилиске жана анын айла-амалдарына каршы тур

Биз Шайтандын күчтүү экенин билсек да, ал жөнүндөгү окуяларды айта бербешибиз керек. Эмне үчүн?

17-БӨЛҮМ

«Өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле»

Ишенимиңди бекемдеп, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого сага үч нерсе жардам берет.

ТИРКЕМЕ

Жыйналыштан чыгарылгандарга кандай мамиле кылышыбыз керек?

Жыйналыштан чыгарылгандар менен болгон мамилени толук үзүш керекпи?

ТИРКЕМЕ

Аял киши кайсы учурда жана эмне үчүн башына бир нерсе кийип алышы керек?

Ыйык Китепте ушул суроого жооп алууга үч нерсе жардам берери көрсөтүлгөн.

ТИРКЕМЕ

Желекке таазим кылуу, добуш берүү, альтернативалык жарандык кызмат

Ыйык Китептеги кайсы кеңештер сага бул маселелерде абийириңди таза сактоого жардам берет?

ТИРКЕМЕ

Кандын фракциялары жана хирургиялык процедуралар

Бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо менен дарыланууга байланыштуу кыйынчылыктарды ийгиликтүү көтөрө аласың.

ТИРКЕМЕ

Мастурбациялоо адатын таштай аласың

Канткенде бул ыпылас адатты таштай аласың?

ТИРКЕМЕ

Ажырашууга жана бөлөк жашоого Кудай кандай карайт?

Ыйык Китепке ылайык, ажырашкан кишинин кандай жагдайда кайра турмуш курууга укугу бар?

ТИРКЕМЕ

Ишкердик мамилелерге байланышкан талаштарды кантип чечүү керек?

Жахабанын кызматчысы ишенимдешин сотко берсе болобу?