Окууга жана үйрөтүүгө дилгир бол. Видеолор

Абдан керектүү эл алдында окуу жана окутуу чеберчилигин өрчүткүлө.

1-САБАК

Натыйжалуу кириш сөз

Угуучуларыңар сөзүңөрдү кызыгып угушу үчүн, эмне кылсаңар болот?

2-САБАК

Сүйлөшүү стили

Кантип сүйлөгөнүңөрдө угуучулар өздөрүн эркин сезишет?

3-САБАК

Суроолорду колдонуу

Угуучулар менен талкуу жүргүзүш үчүн, алардын кызыгуусун арттырыш үчүн жана маанилүү ойлорду баса белгилеш үчүн суроолорду кантип колдонсоңор болот?

4-САБАК

Аятты окуурдун алдындагы кириш сөз

Угуучулар окула турган аяттардан толук пайда алышы үчүн, алардын жүрөгүн кантип даярдасаң болот?

5-САБАК

Так-даана окуу

Текстти үн чыгарып так-даана окуганга жардам берген айрым негизги ойлор.

6-САБАК

Аяттын эмне үчүн окулганын айкын кылуу

Угуучуларыңарга аят эмне үчүн окулуп жатканын түшүнүүгө жардам бериш үчүн аятты окуп жатканда жана андан кийин эмне кылышыңар керек?

7-САБАК

Так жана ынандырарлык маалымат

Чындыкты бурмалабай жеткирип жатканыңа кантип ынансаң болот?

8-САБАК

Мисалдарды колдонуп окутуу

Улуу Окутуучудай болуп, мисалдарды канткенде натыйжалуу колдоно аласың?

9-САБАК

Көрсөтмө куралдарды орундуу колдонуу

Угуучуларга негизги ойлорду түшүнүүгө жардам бериш үчүн сүрөттөрдү жана башка көрсөтмө куралдарды кантип колдонсоң болот?

10-САБАК

Интонация

Ойду түшүнүктүү кылып жеткириш үчүн жана угуучуларыңдын сезимдерин козгош үчүн интонацияңды кантип өзгөртсөң болот?

11-САБАК

Шыктануу

Угуучуларды иш-аракет кылууга түрткү бериш үчүн канткенде шыктануу менен сүйлөй аласың?

12-САБАК

Жылуу сезим жана сезимталдык

Угармандарга жылуу сезимдерибизди жана сезимтал экенибизди кантип көрсөтсөк болот?

13-САБАК

Маалыматтын пайдалуулугун айкын көрсөтүү

Канткенде угуучулар маалыматтын пайдалуулугун айкын түшүнүп, иш-аракет кылганга түрткү алышат?

14-САБАК

Негизги ойлорду баса белгилөө

Угуучуларга айтылгандарга көңүл топтогонго, түшүнгөнгө жана эстеп калганга оңой болуш үчүн негизги ойлорду баса белгилөө зарыл.

15-САБАК

Ишенимдүү сүйлөө

Эл алдында же кабар айтып жүргөндө кантип ишенимдүү сүйлө алабыз?

16-САБАК

Дем-күч бергидей жана оң маанайда сүйлөө

Башкаларга дем-күч бергидей жана оң маанайда сүйлөгөнгө жардам берген үч маанилүү нерсе кайсы?

17-САБАК

Түшүнүктүү сүйлөө

Угармандарга жеткиргиңер келген ойду айтып жатканда кандай тузактардан сак болушуңар керек?

18-САБАК

Мазмундуу маалымат

Угуучуларга канткенде ой жүгүрткөнгө түрткү бере аласыңар? Канткенде алар керектүү маалымат укканын сезгидей болушат?

19-САБАК

Жүрөктү козгоого умтулуу

Угуучуларга туура иш кылганга канткенде түрткү бере алабыз?

Сизге булар да кызыктуу болушу мүмкүн

КИТЕПТЕР ЖАНА КИТЕПЧЕЛЕР

Окууга жана үйрөтүүгө дилгир бол

Бул китепче эл алдында окуу, сүйлөө, үйрөтүү чеберчилигиңди арттырууга жардам берүү максатында чыгарылды.