Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Накыл сөздөр 24:16да: «Адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат»,— деп жазылган. Бул жерде кайра-кайра күнөө кылып, бирок Кудай кечирген киши жөнүндө айтылып жатабы?

Чынында, бул аят мындай маанини туюнтпайт. Аятта үстөкө-босток кыйынчылыкка, кырсыкка кабылган жана ошонун баарына карабай, баш көтөрүп кете алган адам жөнүндө айтылган.

Эмесе, ушул аятка чейинки жана кийинки аятты талдап көрөлү. Аларда мындай деп жазылган: «Ыймансыздай болуп, адил адамдын үйүнө каршы арамдык ойлобо, анын турак жайын бүлдүрбө. Анткени адил адам жети жолу жыгылышы мүмкүн, бирок сөзсүз кайра турат. Ал эми ыймансыздар алаамат учурунда кулайт. Душманың куласа, кубанба. Ал мүдүрүлсө, жүрөгүң сүйүнбөсүн» (Накыл 24:15—17).

Кээ бирлер 16-аятта күнөө кылган, бирок кайра өкүнүп, Кудай менен мамилесин оңдогон адам жөнүндө айтылып жатат деп ойлошот. Британиялык эки дин кызматчы «байыркы учурдагы да, азыркы учурдагы да кабар таратуучулар бул аятты ушинтип түшүндүрүп келишкенин» жазган. Ошондой эле алар «мындай көз караш жакшы киши кайра-кайра чоң күнөөгө батса да, эч качан Кудайдын сүйүүсүнөн айрылып калбайт жана өкүнгөндүктөн ар бир жолкусунда кайра эле бутуна турат» дегенди билдирерин айтышкан. Мындай түшүнүк күнөөгө азгырылганда өз каалоосу менен күрөшкүсү келбегендерге майдай жагышы мүмкүн. Андай киши утур-утур күнөө кылса да, Кудай кечире берет деп ойлоп алышы ыктымал.

Бирок 16-аятта таптакыр башка нерсе жөнүндө айтылган.

16, 17-аяттагы «жыгылуу», «кулоо» деп которулган еврей сөзү ар кандай мааниде колдонулат. Ал сөз түзмө-түз мааниде жыгылууну же кулоону, мисалы, буканын жолдо жыгылып калганын же кимдир бирөөнүн чатырдан кулап кеткенин билдириши мүмкүн (Мыйз. 22:4, 8). Ал сөз каймана мааниде да колдонулат. Буга бул аят мисал боло алат: «Жахаба адамдын кадамдарын туруктуу кылат, анын жолу Ага ырахат тартуулайт. Ал жыгылып баратса да, кулабайт, анткени Жахаба аны колунан кармап турат» (Заб. 37:23, 24).

Анткен менен Эдвард Пламптер деген профессордун айтканы көңүлгө аларлык. Ал: «„Жыгылуу“ же „кулоо“ деп которулган еврей сөзү эч качан күнөө кылганга карата колдонулбайт»,— деген. Ошондуктан дагы башка бир окумуштуу бул аяттын маанисин мындай деп берген: «Кудайдын элине жамандык кылуу куру бекер убара, анткени андан эч кандай майнап чыкпайт. Алар баары бир деле ийгиликке жетет. Ал эми ыймансыздар туруштук бере албайт!»

Ооба, Накыл сөздөр 24:16да күнөө кылып «жыгылуу» эмес, улам бир кыйынчылыкка туш болуу жөнүндө айтылган. Азыркы ыймансыз дүйнөдө адил адам ден соолугу же башка жагынан кыйынчылык тартышы мүмкүн. Кудайга сыйынганы үчүн бийликтегилер атүгүл аны куугунтукташы ыктымал. Бирок адил киши Кудайдын колдоосуна жана жардам берерине ишенип, ага толук таянса болот. Кудайга кызмат кылган адамдардын ийгиликке жетип жатышканын көп эле көрүп жүрөт чыгарсыңар. Мунун себеби эмнеде? Ыйык Китепте: «Жахаба жыгылып бараткандардын баарына жөлөк болот, бүк түшкөндөрдүн баарын тургузат»,— делген (Заб. 41:1—3; 145:14—19).

Ошондуктан «адил адам» башка бирөөнүн кыйынчылыгына кубанбайт. Өзүн башкалар деле кыйналып жатат деп сооротпойт. Аны соороткон — таптакыр башка нерсе. Ал «чыныгы Кудайдан корккондордун жакшылык көрөрүн билет». «Анткени алар Андан коркуп жашашат» (Нас. 8:11—13; Аюп 31:3—6; Заб. 27:5, 6).