Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Пабылдын 1 Корунттуктар 15:29дагы сөздөрү Исанын алгачкы жолдоочуларынын айрымдары өлгөндөр үчүн чөмүлгөнүн билдиреби?

Жок. Буга Ыйык Китепте да, тарыхта да эч кандай далил жок.

Айрымдар элчи Пабылдын күндөрүндө Исанын жолдоочулары өлгөндөр үчүн чөмүлүшчү деп ойлошот. Эмне үчүн? Себеби Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда бул аят ошентип которулган. Мисалы, бир котормодо: «Эгер тирилүү болбосо, өлгөндөр үчүн чөмүлтүлүп жаткандарга эмне пайда?» — деп которулган («New International Version»).

Анда Ыйык Китепти изилдеген эки окумуштуунун айткандарына көңүл бурсаңар. Алардын бири Грегори Локвуд «эгер кимдир бирөө өлгөндөр үчүн чөмүлө турган болсо, бул Ыйык Китепте да, тарыхта да жок чөмүлүүнүн түрү болуп калмактыгын» айткан. Анын сыңарындай эле, профессор Гордон Фи: «Андай чөмүлүү тарыхта болгон эмес, Ыйык Китепте да жазылган эмес. Жаңы Келишимде бул тууралуу таптакыр айтылган эмес»,— деп жазган. Ошондой эле Исанын алгачкы жолдоочуларынын учурунда да, элчилердин көзү өтүп кеткен учурда да кимдир бирөөнүн ошентип чөмүлгөндүгү жөнүндө эч кандай маалымат жок экенин да жазган.

Ыйык Китепте Исанын жолдоочулары «бардык элдерден шакирт даярдашы», аларды чөмүлтүшү жана ал буйруган нерселердин баарын аткарууну үйрөтүшү керек болгону жазылган (Мт. 28:19, 20). Чөмүлөрдөн мурун киши Жахаба Кудайды жана анын Уулун таанып-билип, аларга ишениши жана баш ийиши керек болчу. Ал эми өлгөн адамдар мунун бирин да кыла алмак эмес. Алар үчүн муну Исанын башка тирүү жолдоочулары да кыла алмак эмес (Нас. 9:5, 10; Жкн. 4:1; 1 Кор. 1:14—16).

Анда Пабылдын сөздөрүн кандай түшүнсө болот?

Корунт шаарындагы Исанын айрым жолдоочулары өлгөндөрдүн тирилерин четке кагышкан (1 Кор. 15:12). Пабыл алардын жаңылып жатканын далилдегенге аракет кылган. Ал өзүнүн өлүм менен күнүгө беттешерин баса белгилеген. Ошондой опурталдуу жагдайларда да өлгөндөн кийин Исадай болуп кубаттуу рух катары тирилеринен шектенген эмес (1 Кор. 15:30—32, 42—44).

Корунттуктар бир нерсени түшүнүшү керек болчу. Эмнени? Исанын майланган жолдоочусу күн сайын ар кыл сыноолорго кабылмак жана асмандагы жашоого тирилтилиши үчүн Кудайга берилгендигин сактап өлүшү керек болчу. Алар «Машаяк Иса менен биригүү үчүн чөмүлтүлгөндө анын өлүмүнө ортоктош болуу үчүн» да чөмүлмөк (Рим. 6:3). Алардын ушундай каймана мааниде чөмүлүшү Исадай болуп азап тартарын жана асмандагы жашоого тирилиш үчүн өлүшмөктүгүн билдирген.

Сууга чөмүлгөнүнөн эки жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин Иса элчилерине: «Мен чөмүлтүлө турган чөмүлтүлүү менен чөмүлтүлөсүңөр»,— деген (Мр. 10:38, 39). Иса ошол учурда сууга чөмүлгөн эмес. Муну менен ал анын Кудайга берилгендиги акыры өлүмгө алып барарын айткысы келген. Пабыл майлангандардын «Машаяк менен бирге даңкталыш үчүн аны менен бирге азап тартарын» жазган (Рим. 8:16, 17; 2 Кор. 4:17). Демек, алар асмандагы жашоого тирилиш үчүн өлүшү керек болмок.

Мына ушулардын негизинде Пабылдын сөздөрүн: «Тирилүү болбосо, өлүш үчүн чөмүлтүлүп жаткандарга эмне пайда? Өлгөндөр такыр тирилбей турган болсо, аларга өлүш үчүн чөмүлтүлүүнүн эмне кереги бар?» — деп которуу так болот.