Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Адил адамдар эч нерсеге мүдүрүлбөйт

Адил адамдар эч нерсеге мүдүрүлбөйт

«Мыйзамыңды жакшы көргөндөрдүн тынчтыгы мол, аларды эч нерсе мүдүрүлтпөйт» (ЗАБ. 119:165).

122-ЫР: Бекем, туруктуу бололу!

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Бир жазуучу эмне деп жазган жана бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

АЗЫРКЫ ТАПТА миллиондогондор Исага ишенебиз дешет. Бирок ал окуткандай жашашпайт (2 Тим. 4:3, 4). Буга байланыштуу бир жазуучу: «Учурда арабызда Иса үйрөткөн нерселерди үйрөткөн, кудум эле Исага окшогон бирөө болсо, эки миң жыл мурун жашагандардай болуп, аны четке кагат белек? Жалпы жонунан „ооба” деп жооп берсе болот»,— деп жазган.

2 1-кылымда көптөр Исанын кантип окутканын, кандай кереметтерди жасаганын өз көзү менен көрүшкөн. Бирок ага ишенбей коюшкан. Эмне үчүн? Буга чейинки макалада алардын Исанын айткан сөздөрүнө, кылган иштерине мүдүрүлгөнүнүн төрт себебин карап чыкканбыз. Келгиле, дагы төртөөнө токтололу. Мунун аркасында азыр көптөрдүн Исанын жолдоочуларын эмне үчүн четке кагарын түшүнө алабыз. Ошондой эле канткенде өзүбүз мүдүрүлбөй турганыбызды биле алабыз.

1) БАРДЫГЫНА ТЕГИЗ КАРАГАНЫ

Көптөрдүн мүдүрүлүшүнө Исанын кимдер менен мамилелешкени себеп болгон. Азыр да ушул эле нерселер кандайча айрымдарды мүдүрүлтүшү мүмкүн? (3-абзацты карагыла) *

3. Исаны айрымдар эмнеден улам четке каккан?

3 Иса жерде жүргөндө бардык адамдарга бирдей карап, аларга көңүл бөлгөн. Мисалы, бай, кадырлуу адамдар менен бир дасторкондон даам сызган. Бей-бечаралар менен кемсинтилип-басмырлангандарды да көз жаздымында калтырган эмес. Ошондой эле «күнөөкөр» деп эсептелген кишилерге боору ооруй билген. Ушунун баарын көргөндө адилсинген кишилер мүдүрүлүшкөн. Ошондуктан алар Исанын жолдоочуларын: «Эмне үчүн силер салык жыйноочулар, күнөөкөрлөр менен ичип-жеп отурасыңар?» — деп кекетишкен. Иса буга: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж. Мен өкүнүүгө адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деп жооп берген (Лк. 5:29—32).

4. Ышая пайгамбардын алдын ала айтканына ылайык, жүйүттөр Машаяк жөнүндө эмнени билиши керек эле?

4 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Машаяк келгенге чейин узак убакыт мурун Ышая пайгамбар дүйнөнүн аны кабыл албай тургандыгын алдын ала айткан. Ал: «Эл баркка албай, андан оолактады. Анын жүзүн көрбөш үчүн көзүбүздү ала качтык. Аны баркка албай, киши ордуна көргөн жокпуз»,— деп жазган (Ыш. 53:3). Ооба, эл Машаякты баркка алмак эмес. Ошондуктан 1-кылымдагы жүйүттөр көпчүлүктүн Исаны четке какканына таң калбашы керек болчу.

5. Бүгүнкү күндө көптөр Исанын жолдоочуларына кандай карашат?

5 Азыр да ушундайбы? Ооба. Көптөгөн дин кызматчылар төбөсү көрүнгөн, бай, бул дүйнө акылдуу көргөн адамдарды бөтөнчө ардакташат. Андайлардын жүрүм-туруму көбүнчө Кудайдын талаптарына төп келбесе да, ошого көз жумуп коюшат. Ошол эле учурда Кудайга жан-дили менен кызмат кылган, түз жүргөн Жахабанын Күбөлөрүн теңине алышпайт. Анткени көпчүлүк аларды кадыр-баркы жок карапайым кишилердей көрүшөт. Бирок, элчи Пабыл айткандай, Кудай так ошол «баркка алынбагандарды тандап алган» (1 Кор. 1:26—29). Жахаба үчүн анын бардык берилген кызматчылары алтындай кымбат.

6. Канткенде Исанын Матай 11:25, 26дагы көз карашын чагылдыра алабыз?

6 Канткенде мүдүрүлбөйбүз? (Окугула: Матай 11:25, 26.) Бул дүйнөнүн Кудайдын элине болгон көз карашын жуктурбагыла. Жахаба ой-ниетин аткарганга жоош, момун адамдарды гана тандай турганын унутпагыла (Заб. 138:6). Анын бүл дүйнөдөгүлөр акылы тайкы, билими тайыз деп эсептеген адамдар аркылуу кандай тоодой иштерди бүтүрүп жатканы жөнүндө ойлонуп көргүлө.

2) ЖАЛГАН ТҮШҮНҮКТӨРДҮ АШКЕРЕЛЕГЕНИ

7. Иса фарисейлерди эмне үчүн эки жүздүү деген жана алар буга эмне дешкен?

7 Иса ошол кездеги айрым диний каада-салттардын туура эместигин тайманбай көрсөткөн. Мисалы, ата-энесине кам көргөнгө караганда, кол жуу жөрөлгөсүнө көбүрөөк маани берген фарисейлердин эки жүздүүлүгүн ашкерелеген (Мт. 15:1—11). Исанын аларга айткан сөзүнө өзүнүн шакирттери да таң калышса керек. Ошондуктан ага: «Айткан сөздөрүңдү укканда фарисейлердин кыжыры келгенин билесиңби?» — дешкен. Иса болсо: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат. Аларды жайына койгула. Алар — сокур жол көрсөтүүчүлөр. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт»,— деп жооп берген (Мт. 15:12—14). Диний жетекчилер канчалык ачууланышпасын, Иса чындыкты айткандан жалтанган эмес.

8. Иса диний окуулардын баары эле Кудайга жакпай турганын кантип көрсөткөн?

8 Иса жалган диний окууларды да ашкерелеген. Кудай диний окуулардын баарын эле туура көрөт деп айткан эмес. Тескерисинче, көптөрдүн өлүмгө алып бара турган кенен жолдо баратканын, ал эми өмүргө алып бара турган кууш жолду аз гана адам табарын айткан (Мт. 7:13, 14). Ал айрымдар Кудайга сыйынып жаткандай түр көрсөткөнү менен, чын-чынына келгенде, ага сыйынбай турганын айкын көрсөткөн. «Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар — жырткыч карышкырлар. Аларды иштеринен билесиңер»,— деп эскерткен (Мт. 7:15—20).

Көптөрдүн мүдүрүлүшүнө Исанын жалган окуулар менен каада-салттарды ашкерелегени себеп болгон. Азыр да ушул эле нерселер кандайча айрымдарды мүдүрүлтүшү мүмкүн? (9-абзацты карагыла) *

9. Иса ашкерелеген айрым жалган диний окуулар кайсылар?

9 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Ыйык Китепте Машаяктын Жахабанын үйүнө болгон ынтасы өрт менен жалын болору алдын ала айтылган (Заб. 69:9; Жкн. 2:14—17). Так ушундай ынтасынан улам Иса жалган диний окууларды жана каада-салттарды айыптаган. Алсак, фарисейлер адамдын жаны өлбөйт дегенге ишенишкен. Иса болсо өлгөн адамдын абалын уктап жаткан адамдыкына салыштырган (Жкн. 11:11). Садукейлер өлгөндөрдүн тирилерине ишенишчү эмес. Иса болсо өлүп калган досу Лазарды тирилткен (Жкн. 11:43, 44; Элч. 23:8). Фарисейлер адам Кудай тагдырына жазганды көрөт дешчү. Иса болсо, Кудайга кызмат кылабы-кылбайбы, ар бир адамдын өз эрки деп окуткан (Мт. 11:28).

10. Эмне үчүн көптөр биз окуткан нерселерге мүдүрүлүшөт?

10 Азыр да ушундайбы? Ооба. Көптөр Ыйык Китепке негизделген окуулар алардын жалган диний түшүнүктөрүн жокко чыгарганы үчүн мүдүрүлүшөт. Диний жетекчилер элди Кудай ыймансыздарды тозокто кыйнайт деп окутушат. Алар бул жалган окууну элди коркутуп, каалагандай калчаш үчүн колдонушат. Ал эми сүйүүнүн Кудайы Жахабага кызмат кылгандар катары биз бул жалган окууну төгүнгө чыгарабыз. Азыр деле диний жетекчилер адамдын жаны өлбөйт дешет. Эгер ошол чын болсо, анда өлгөндөрдү тирилтүүнүн зарылдыгы болмок эмес. Ошондуктан бул түшүнүк Ыйык Китептен эмес, жалган кудайларга сыйынуудан башат алган. Бүгүн деле көптөгөн диндер бардык нерсе адамдын бешенесине жазылган деп окутат. Биз болсо ар бир адам турмушта өзү туура көргөндөй багыт алат, Кудайга кызмат кылар-кылбасын да өзү чечет деп окутабыз. Буга диний жетекчилер кандай карашат? Көп учурда кыжырданат.

11. Исанын Жакан 8:45—47-аяттардагы сөздөрүнө ылайык, Кудай өз элинен эмнени талап кылат?

11 Канткенде мүдүрүлбөйбүз? Эгер чындыкты сүйсөк, анда Кудайдын айтканын угуп, аткарышыбыз керек (Окугула: Жакан 8:45—47.) Шайтан Ибилистен айырмаланып, биз чындык жолунда бек турабыз. Ишенген нерселерибизден тетири иш кылбайбыз (Жкн. 8:44). Кудай өзүнүн элинен, Исага окшоп, «жамандыктан жийиркенип, жакшылыкка умтулушун» талап кылат (Рим. 12:9; Евр. 1:9).

3) КУУГУНТУКТАЛГАНЫ

Көптөрдүн мүдүрүлүшүнө Исаны жаза устунуна кадалып өлгөнү себеп болгон. Азыр да ушул эле нерселер кандайча айрымдарды мүдүрүлтүшү мүмкүн? (12-абзацты карагыла) *

12. Исанын өлүмү эмне үчүн көптөгөн жүйүттөрдү мүдүрүлткөн?

12 Исанын күндөрүндөгү жүйүттөр дагы эмнеге мүдүрүлүшкөн? Элчи Пабыл: «Биз... устунга кадалган Машаяк жөнүндө кабар айтып жатабыз. Бул — жүйүттөр үчүн мүдүрүлүүгө себеп»,— деп жазган (1 Кор. 1:23). Исанын кантип өлгөнү эмне үчүн көптөгөн жүйүттөрдүн мүдүрүлүшүнө себеп болгон? Себеби Иса устунга кадалып, кылмышкер жана күнөөкөр катары өлгөн. Ошондуктан алар аны Машаяк катары кабыл алышкан эмес (Мыйз. 21:22, 23).

13. Мүдүрүлгөндөр эмнени баамдабай калышкан?

13 Исанын ошентип өлгөнүнө мүдүрүлгөндөр анын ак жерден айыпталып, адилетсиздиктин курмандыгы болгон бейкүнөө адам экенин баамдабай калышкан. Исаны соттогондор адилеттикти тебелеп-тепсешкен. Жүйүттөрдүн Жогорку соту арыдан-бери чогула калып, сот ишинин бардык жол-жоболорун бузушкан (Лк. 22:54; Жкн. 18:24). Негизи, соттор Исаны айыптагандарды, алардын келтирген далилдерин угуп, калыс териштириши керек болчу. Ошенткендин ордуна, өлүм жазасына тартыш үчүн «ага жалаа жаба тургандарды» өздөрү издешкен. Анысы ишке ашпай калганда, башкы дин кызматчы Исаны өзүнө каршы сүйлөттүрүп, айткандарын өзүнө каршы колдонгонго аракет кылган. Бул сот ишин жүргүзүүнүн жол-жобосун одоно бузгандыкка жаткан (Мт. 26:59; Мр. 14:55—64). Ал эми Иса тирилгенден кийин, жеткен адилетсиз ошол соттор Исанын мүрзөсүн кайтарган римдик жоокерлерге мүрзө эмне үчүн бош калгандыгы жөнүндө жалган сөз тараткыла деп «көп күмүш тыйын беришкен» (Мт. 28:11—15).

14. Ыйык Жазмада Машаяктын өлүмүнө байланыштуу эмнелер алдын ала айтылган?

14 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Исанын күндөрүндөгү жүйүттөрдүн көбү Машаяк өлүшү керек деп күтүшкөн эмес. Анткен менен Ыйык Жазмада алдын ала эмне деп жазылганына көңүл бурсаңар: «Жанын өлүмгө кыйды, кылмышкер катары эсептелди, көптөгөн адамдардын күнөөсүн алып кетти, кылмышкерлерге болушту» (Ыш. 53:12). Ошондуктан жүйүттөр Исанын күнөөкөр катары өлгөнүнө мүдүрүлбөшү керек эле.

15. Айрымдар Жахабанын Күбөлөрүнө тагылган кандай айыптардан улам мүдүрүлүшөт?

15 Азыр да ушундайбы? Так ушундай. Исаны жок жерден каралап, айыпка жыккандай эле, Жахабанын Күбөлөрү да адилетсиздиктин запкысын жеп келишет. Тарыхка сереп салалы. 1930- жана 1940-жылдары Кошмо Штаттарда дин тутуу эркиндигибизди чектеш үчүн кайра-кайра сот иштери козголгон. Адилеттиктен тайган айрым соттордун бизге карата бейкалыс пикирде болгону ачык эле көрүнүп турган. Квебекте (Канада) чиркөө менен өкмөт бириге калып, ишибизге бут тосушкан. Көптөгөн жарчылар башкаларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтканы үчүн эле кесилип кетишкен. Нацисттик Германияда болсо Жахабага берилген нечендеген жаш ишенимдештерибиз оозу кандуу мыкаачылардын колунан өлүм тапкан. Ал эми акыркы жылдары Орусиядагы көптөгөн боордошторубуз камакка алынып келет. Себеби алардын Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшкөнү «экстремисттик иштерге» жатат деп эсептелет. Ал тургай орус тилиндеги Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» «Жахаба» деген ысымды камтыганы үчүн эле «экстремисттик адабият» деп табылып, аны колдонгонго тыюу салынган.

16. 1 Жакан 4:1де баса белгиленгендей, Жахабанын эли жөнүндөгү жалган сөздөргө эмне үчүн ишенбешибиз керек?

16 Канткенде мүдүрүлбөйбүз? Бардык нерсенин чын-төгүнүн текшерели. Иса тоодо айткан насаатында угармандарына: «Силерге ар кандай жалган жалаа жабышат»,— деп эскерткен (Мт. 5:11). Анын артында Шайтан турат. Анын таасири астында айрымдар чындыкты сүйгөндөрдү каралап, алар жөнүндө карандай калпты жайылтышат (Аян 12:9, 10). Ошондой калпка такыр ишенбешибиз керек. Андай калптын кайратыбызды качырышына же ишенимибизди бошоңдотушуна жол бербешибиз керек. (Окугула: 1 Жакан 4:1.)

4) ТАШТАП ЖАНА САТЫП КЕТИШКЕНИ

Көптөрдүн мүдүрүлүшүнө Исанын Жүйүттүн аны сатып кеткени себеп болгон. Азыр да ушул эле нерселер кандайча айрымдарды мүдүрүлтүшү мүмкүн? (17, 18-абзацтарды карагыла) *

17. Айрымдарды Иса өлөр алдында болгон кайсы нерселер мүдүрүлтүшү мүмкүн эле?

17 Өлөрүнө аз калганда Исаны 12 элчисинин бири сатып кеткен. Дагы бир элчиси андан үч жолу баш тарткан. Анысы аз келгенсип, так өлөрүнүн алдында бардык элчилери таштап кетишкен (Мт. 26:14—16, 47, 56, 75). Иса буга таң калган деле эмес. Ал ушундай болорун атүгүл күн мурун айткан (Жкн. 6:64; 13:21, 26, 38; 16:32). Муну көрүп айрымдар: «Өзүнүн элчилери ушинтип жатса, буларга кошулбай эле койдум!» — деп ойлоп, мүдүрүлүшү мүмкүн эле.

18. Иса өлөр алдында мурун алдын ала айтылган кайсы сөздөр аткарылган?

18 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Жахаба өзүнүн Сөзүнө Машаякты 30 күмүш тыйынга сатып жиберишерин кылымдар мурун эле жаздыртып койгон (Зак. 11:12, 13). Ал саткын Исанын жакын досторунун бири болгон (Заб. 41:9). Закарыя пайгамбар да бул тууралуу: «Койчуну өлтүр, койлор туш-тушка чачырап кетсин»,— деп алдын ала жазган (Зак. 13:7). Адил кишилер буга мүдүрүлмөк эмес. Кайра, Иса жөнүндө айтылган пайгамбарлык сөздөрдүн аткарылып жатканын көрүп, ишеними чыңдалмак.

19. Жүрөгү таза, ак пейил адамдар эмнени билишет?

19 Азыр да ушундайбы? Ооба. Бүгүнкү күндө деле Жахабанын Күбөлөрүнүн арасындагы айрым таанымал кишилер Жахабага кызмат кылбай калган учурлар болот. Алар чындык жолунан четтеп, башкаларды да өз катарына кошконго аракет кылышат. Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү терс маалыматтарды, калп аралашкан чындыкты же кызылдай эле калпты маалымат каражаттары же интернет аркылуу жайылтышат. Бирок жүрөгү таза, ак пейил адамдар буга мүдүрүлүшпөйт. Алар ушундай болору мурун эле Ыйык Китепте айтылганын билишет (Мт. 24:24; 2 Пет. 2:18—22).

20. Айрымдар чындык жолунан чыгып кетсе да, канткенде мүдүрүлбөйбүз? (2 Тиметей 4:4, 5)

20 Канткенде мүдүрүлбөйбүз? Биз ишенимибизди бекем сакташыбыз керек. Ан үчүн Ыйык Китепти үзбөй изилдеп, дайыма тиленип, Жахаба тапшырган иш менен алек болушубуз керек. (Окугула: 2 Тиметей 4:4, 5.) Ишенимибиз бекем болсо, Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө терс нерселерди укканда дүрбөлөңгө түшпөйбүз (Ыш. 28:16). Ооба, Жахабаны, анын Сөзүн, боордошторубузду жакшы көрсөк, чындык жолунан чыгып кеткендерди көрүп мүдүрүлүп калбайбыз.

21. Бүгүнкү күндө көптөр айткан кабарыбызды четке какса да, эмнеден шектенбейбиз?

21 Ооба, 1-кылымда көптөрдүн мүдүрүлүп Исаны четке кагып коюшканы чын. Бирок кабыл алгандар да көп болгон. Алардын ичинде, жүйүттөрдүн Синедрионунун — Жогорку сотунун — жок эле дегенде, бир мүчөсү жана көптөгөн дин кызматчылар болгон (Элч. 6:7; Мт. 27:57—60; Мр. 15:43). Бүгүнкү күндө да мүдүрүлбөгөндөр миллиондоп саналат. Себеп дегенде алар Ыйык Китепте жазылган чындыкты билишет жана жакшы көрүшөт. Кудайдын Сөзүндө: «Мыйзамыңды жакшы көргөндөрдүн тынчтыгы мол, аларды эч нерсе мүдүрүлтпөйт»,— деп айтылат (Заб. 119:165).

124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз

^ 5-абз. Көптөр байыркы убакта Исаны четке кагып коюшкан. Бүгүнкү күндө да анын жолдоочуларын четке кагып келишет. Буга чейинки макалада мунун төрт себебин карап чыкканбыз. Бул макалада болсо дагы башка төрт себебине токтолобуз. Андан тышкары, Жахабаны сүйгөн, ичинде кири жок адамдардын эмне үчүн эч качан мүдүрүлбөй турганын талкуулайбыз.

^ 60-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Иса Матай жана башка салык жыйноочулар менен дасторкондун үстүндө отурат.

^ 62-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Иса ибадатканадан соодагерлерди кубалап жатат.

^ 64-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Иса жаза устунун жонуна артып алып сүйрөп баратат.

^ 66-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Саткын Жүйүт Исаны өөп жатат.