Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

«Башкалардан көп нерсени үйрөндүм»

«Башкалардан көп нерсени үйрөндүм»

КӨЗГӨ сайса көрүнгүс караңгы түн. Алжирде согуш өзгөчө күч алып турган кез. Мен кызмат өтөгөн Франциянын бир аскер бөлүгү Алжирдин тоолорунда жайланышкан. Кум толтурулган мүшөктөрдүн артында автоматчан жалгыз күзөттө тургам. Айлана жымжырт. Бир маалда эле бирөө басып келаткандай дабыш угулду. Катып туруп калдым. Ал кезде боз улан элем. Эч кимди өлтүргүм келген эмес. Өзүм да өлгүм келген эмес. Жүрөгүм оозума тыгылып, эмне кыларымды билбей: «Оо, Кудай!» — деп зарлап жибердим.

Ошол түндөн тартып жашоом түп-тамыры менен өзгөрдү. Себеби ошондон тартып өмүрүмдө биринчи жолу Жаратканды издей баштагам. Ошол түнү андан ары эмне болгонун айтардан мурда бала кезимде мага эмне таасир эткенин, Кудайды таанып-билгенге эмне түрткү бергенин айтып берейин.

АТАМ БЕРГЕН ТААЛИМ-ТАРБИЯ

Мен 1937-жылы Франциянын түндүгүндөгү Генен деп аталган шахтёрлордун шаарчасында туулгам. Атам көмүр казып иштечү. Мен да бала кезимен эмгекти сүйгөндү үйрөнгөм. Атам адилеттикти сүйгөн калыс киши болчу. Ошол жагынан атамды тартыптырмын. Ал начар шарттарда иштеген көмүрчүлөрдүн таламын талашчу. Алардын шартын бир аз да болсо да жакшыртыш үчүн көмүрчүлөрдүн укуктарын жактаган профсоюздарга мүчө болгон. Жергебиздеги дин кызматчылардын эки жүздүүлүгүн көрүп да кыжырданчу. Алар кадыресе жакшы жашашса да, маңдай терин төгүп, эптеп күн көргөн көмүрчүлөрдөн тамак-аш, акча сурашчу. Атам дин кызматчылардын ошонусуна иренжип, мага динге байланыштуу эч нерсе айтчу эмес. Атүгүл Кудай жөнүндө бир да жолу сүйлөшкөн эмеспиз.

Чоңоюп эр жеткен сайын мен да адилетсиздикти жек көрө баштадым. Маселен, тегерегимдеги айрым кишилер Францияга көчүп келген бөтөн жерликтерге бейкалыс мамиле кылышчу. Мага ошонусу жакчу эмес. Мен болсо алардын балдары менен футбол ойногонду, чогуу жүргөндү жакшы көрчүмүн. Анын үстүнө, өзүмдүн апам да француз эмес, поляк болчу. Улут аралык теңдикти, тынчтыкты самачумун.

ЖАШОО-ТУРМУШ ЖӨНҮНДӨ КАТУУ ОЙЛОНО БАШТАШЫМ

Аскердик кызмат өтөп жүргөнүм

1957-жылы аскерге чакырылдым. Башында кеп кылганымдай, Алжирдин тоолоруна ошентип барып калгам. «Оо, Кудай!» деп кыйкыргандан кийин карасам, мага жакындап келаткан душман эмей эле, жапайы эшек экен. Жүрөгүм ылдыйлай түштү. Анткен менен ошол окуя, согуштун өзү жашоонун маңызы жөнүндө катуу ойлонгонго себеп болду. «Адам баласы эмне максат менен жашайт? Кудай бизге кам көрөбү? Деги тынчтык боло турган күн келеби?» — деп ойлоно баштадым.

Бир жолу ата-энем менен көрүшкөнү үйгө барганда Жахабанын Күбөсүн жолуктуруп калдым. Ал мага Ыйык Китептин бир котормосун берди («La Sainte Bible»). Аны Алжирге кайтып барарым менен окуй баштадым. Баарынан да, Аян 21:3, 4төгү сөздөр ойлондурду. Ал жакта: «Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот... Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти»,— деп жазылыптыр *. Окуп алып: «Чын эле ушундай болушу мүмкүнбү?!» — деп таң калдым. Себеби ошол кезде Кудай, Ыйык Китеп жөнүндө такыр эле түшүнүгүм жок болчу.

1959-жылы аскерден кайтып келдим. Анан Франсуа деген Жахабанын Күбөсүнө жолуктум. Ал мага Ыйык Китептен көп нерсе билгенге жардам берди. Мисалы, Ыйык Китептен Кудайдын ысымы Жахаба экенин көрсөтүп берди (Заб. 83:18). Ошондой эле Жахабанын жер бетине адилеттик орноторун, жер жүзүн бейишке айлантарын жана Аян 21:3, 4төгү сөздөрдү аткарарын түшүндүрүп берди.

Билген нерселерим жүйөлүүдөй сезилди, жүрөгүмдү да аябай козгоду. Ошол эле учурда дин кызматчыларга аябай ачуум келе баштады. Ыйык Китепте жазылбаган нерселерди окутканы үчүн бетин ачкым келди! Ошол кезде атамдын көз карашы дагы деле таасир этип, сабыр сактай алчу эмесмин. Баарын шак эле өзгөртүп салгым келчү!

Франсуа жана башка Жахабанын Күбөлөрү мени сабырдуу болгонго үйрөтүштү. Алар Исанын жолдоочулары катары биздин ишибиз башкаларды соттоо эмес, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялап, үмүт тартуулоо экенин түшүндүрүп беришти. Иса өзү да ошол иш менен алек болгон. Жолдоочуларына да ошол ишти тапшырган (Мт. 24:14; Лк. 4:43). Диний көз карашы кандай болбосун, бардык адамдар менен жылуу-жумшак сүйлөшкөндү үйрөнүшүм керек болду. Себеби Ыйык Китепте: «Теңирдин кулу чатакташпашы керек, тескерисинче, баарына жумшак мамиле кылышы... керек»,— деп айтылат (2 Тим. 2:24, 25).

Акыры өзгөрүп, 1959-жылы райондук жыйында чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Ал жыйындан Анжела деген кыз менен таанышып, жактырып калдым. Анан ал барган жыйналышка барып жүрдүм. Ошентип, экөөбүз 1960-жылы баш коштук. Анжела — аябай жакшы аял, асыл зайып, Жахаба берген баалуу белек (Накыл 19:14).

Үйлөнгөн күнүбүз

АКЫЛДУУ, ТАЖРЫЙБАЛУУ БАЙКЕЛЕРДЕН КӨПТҮ ҮЙРӨНҮШҮМ

Жылдар өтүп көптү көргөн, көптү билген даанышман байкелерден көп нерсени үйрөндүм. Баарынан маанилүүсү, кандай гана оор милдет артылбасын, ийгиликке жетиш үчүн момун болуш керектигин жана Накыл сөздөр 15:22деги «кеңешчилер көп болсо, [ой-максат] ишке ашат» деген сөзгө ылайык иш кылыш керектигин түшүндүм.

Францияда райондук кызматта жүргөнүбүз, 1965-жыл

1964-жылдан тартып ушул сөздөрдүн калетсиздигине көп жолу ынандым. Ошол жылы райондук көзөмөлчү болуп дайындалып, ишенимдештериме дем-күч бериш үчүн жыйналыштарды кыдыра баштадым. Ал кезде, болгону, 27 жашта болчумун. Эч кандай тажрыйбам жок болчу. Жаңылган учурларым болду. Бирок өткөн-кеткенден сабак алганга аракет кылчумун. Баарынан да, тажрыйбага бай кеңешчилердин накыл кептерин көңүлгө тутуп көп нерсени үйрөндүм.

Жаңыдан райондук көзөмөлчү болгондогу бир окуя эске түшөт. Париждеги бир жыйналышка барганымда рухий түшүнүгү терең бир байке: «Сүйлөшө турган сөз бар эле»,— деп калды.

Ал менден: «Луис, доктур үйгө кимди көрүш үчүн келет?» — деп сурады.

«Оорулуу кишини да»,— деп жооп бердим.

Ошондо ал: «Туура. Бирок мен сенин көбүнчө жыйналыштын көзөмөлчүлөрү сыяктуу чындык жолунда бекем тургандарга көбүрөөк убакыт бөлүп жатканыңды байкадым. Жыйналышыбызда булардан башка көңүлү чөккөндөр, чындык жолуна жаңыдан түшкөндөр, тартынчаактар көп. Аларга көңүл буруп, дасторкон үстүндө жай отуруп сүйлөшсөң, аябай ыраазы болушмак»,— деди.

Анын айткан кеңеши ары жөндүү, ары пайдалуу болду. Ал сүйүктүү ишенимдешимдин Жахабанын койлоруна күйүп-бышып жатканын көрүп жүрөгүм козголду. Кыйын болсо да, айтканын эп көрүп, дароо ал айткандай кыла баштадым. Ушундай бир туугандарым үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын.

1969- жана 1973-жылы Коломбдогу (Париж) эки эл аралык жыйында тамак-аш менен камсыздоо бөлүмүнө көзөмөлчү болуп дайындалдым. 1973-жылкы жыйында беш күн бою 60 000дей кишинин курсагын тойгузуш керек болчу. Ошондо коркконумду айтпагыла. Анда да Накыл сөздөр 15:22де айтылганды колдонгонум жардам берди. Тамак-аш жаатында көп эмгектенип, иштин көзүн билген жана рухий жактан жетилген ишенимдештерим менен кеңештим. Алардын арасында: касапчылар, дыйкандар, ашпозчулар, камсыздоочулар бар болчу. Ошол тоодой ишти баарыбыз чогуу бүтүрө алдык.

1973-жылы аялым экөөбүз Франциядагы Бейтелге чакырылдык. Ал жактан да мага дароо эле оор милдет артылды. Мен Африкадагы Камерун өлкөсүндөгү ишенимдештерибизди адабият менен камсыз кылышым керек болчу. Ал өлкөдө 1970-жылдан 1993-жылга чейин ишибизге тыюу салынган болчу. Анда да бир топ сарсанаа болдум. Муну байкаган Франциядагы филиалдын көзөмөлчүсү: «Камерундагы боордошторубуз рухий тамакка зар болуп турат. Алардын курсагын тойгузуш керек!» — деп дем-шык берди. Биз так ошондой кылдык.

Камерундук ишенимдештерибиз менен Нигерияда өткөрүлгөн атайын жолугушуу, 1973-жыл

Камерундагы аксакалдар менен жолугуш үчүн Камерун менен чектеш өлкөлөргө бир нече жолу бардым. Ал эр жүрөк, кыраакы аксакалдар Камерунга рухий тамакты үзбөй киргизип турганга чоң жардам беришти. Жахаба баарыбыздын аракетибизге батасын берди. Жыйырма жыл ичинде Жахаба ал жактагы элин бир да «Күзөт мунарасы» журналынын санынан, бир да ай сайынкы «Падышалык кызматыбыздан» куру калтырган жок.

Анжела экөөбүздүн Нигерияда камерундук райондук көзөмөлчүлөр жана жубайлары менен жолукканыбыз, 1977-жыл

АСЫЛ ЖУБАЙЫМАН КӨП НЕРСЕНИ ҮЙРӨНҮШҮМ

Анжела менен сүйлөшүп баштагандан тартып эле жакшы сапаттарын байкай баштагам. Ал сапаттары үйлөнгөндөн кийин көбүрөөк байкала баштады. Ал баш кошкон күнү эле менден Жахабага кайрылып тиленишимди суранды. «Жахабага жубайлар катары мүмкүн болушунча көбүрөөк кызмат кылгыбыз келип жатканын айтчы»,— деди ал. Жахаба тилегибизди берди.

Анжела мага Жахабага толук таянганга да жардам берди. Мисалы, 1973-жылы Бейтелге чакырылганда анча көңүлдөнгөн эмесмин. Себеби райондук кызматты жакшы көрчүмүн. Ошондо Анжела өмүрүбүздү Жахабага арнаганыбызды эске салды. Анан: «Демек, анын уюму эмне тапшырса да, аткарышыбыз керек эмеспи?!» — деди (Евр. 13:17). Анын сөзүндө калет жок эле. Ошентип, Бейтелге жөнөп кеттик. Аялымдын кыраакылыгы, акыл-эстүүлүгү, бардык нерсеге Жахабаныкындай көз карашта болгону ушунча жыл бою никебизди бекемдеп, мага туура чечим чыгарганга жардам берип келет.

Франциядагы Бейтелдин бакчасында

Жашыбыз өр тартып калды. Бирок ушул күнгө дейре Анжела жакшы өмүрлүк жар болуп, мени жөлөп-таяп келет. Мисалы, уюм өткөргөн мектептердин көбү англис тилинде болгондуктан, алардан билим алыш үчүн Анжела экөөбүз тырышып англис тилин үйрөнө баштаганбыз. 70тен өтүп калсак да, экөөбүз англис жыйналышына которулдук. Франциядагы филиалдын комитетинин мүчөсү болгондуктан мага тил үйрөнгөнгө убакыт табыш оңой болгон жок. Бирок Анжела экөөбүз бири-бирибизге жардам берип турабыз. Азыр 80дин суусун ичип жатабыз. Жыйналышка англис тилинде да, француз тилинде да даярданабыз. Ошондой эле жыйналыштан мүмкүн болушунча көбүрөөк жооп бергенге, жыйналыштагылар менен көбүрөөк кызматташканга аракет кылабыз. Жахаба англис тилин үйрөнгөнгө жумшаган аракетибизге батасын берип жатат.

2017-жыл биз үчүн өзгөчө баталуу жыл болду. Анжела экөөбүз Патерсондогу (Нью-Йорк) Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборунда өткөрүлгөн Филиалдын комитетинин мүчөлөрүнүн мектебине чакырылдык. Бул биз үчүн эч нерсеге теңдешсиз сыймык болду!

Жахаба чындап эле улуу Насаатчы (Ыш. 30:20). Ошондуктан элинин, анын ичинде карылардын да, жаштардын да, эң мыкты билим алып жатканы таң калыштуу эмес (Мыйз. 4:5—8). Ооба, Жахабанын жана жашоодо көптү көргөн ишенимдештеринин айткандарын ыклас коюп уккан жаштардын рухий жактан гүлдөп-өсөрүн жана чындык жолунда бекем турган адамдардан болорун байкагам. Накыл сөздөр 9:9да айтылгандай, «насаатты акылдууга айт — ал ого бетер акылдуу болот. Адил адамды үйрөт — ал билимин арбытат».

Кээде 60 жылдай мурун Алжирдин тоолорунун койнундагы баягы көрдөй караңгы түндү эстеп калам. Ошондо алдыда кандай гана бактылуу күндөр күтүп турганы ойго да келген эмес. Мен башкалардан көп нерсени үйрөндүм. Жахаба Анжела экөөбүзгө кызыктуу күндөргө бай бак-таалайлуу өмүр берди. Биз мындан ары да асмандагы Атабыздын жана турмуштук тажрыйбасы мол кеменгер бир туугандарыбыздын акыл-насаатына дит коюп кулак төшөгүбүз келет.

^ 11-абз. Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу»