Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңерби?

Билесиңерби?

Байыркы убакта папирустан кайык жасашчу беле?

Папирус өсүмдүгү

БАЙЫРКЫ Мисирде жазыш үчүн папирус деген өсүмдүктөн жасалган материал колдонулганын көптөр билишет. Гректер, ошондой эле римдиктер да папируска жазышкан *. Бирок анын жазыш үчүн эле эмес, кайык жасаш үчүн да колдонулганын билгендер аз.

Байыркы Мисирдеги мүрзөнүн ичинен табылган папирустан жасалган кайыктын эки үлгүсү

Мындан 2500 жылдан ашуун убакыт мурун Ышая пайгамбар «Эфиопия дарыяларынын аймагында» жашагандар «өкүлдөрүн суулар аркылуу, деңиз аркылуу папирус кемелер менен жөнөткөнүн» жазган. Кийинчерээк болсо Жеремия пайгамбар мадайлыктар менен персиялыктар Бабыл шаарын басып киргенде, бабылдыктар качып кетпеши үчүн, «папирус кайыктарын» өрттөй турганын алдын ала айткан (Ыш. 18:1, 2; Жер. 51:32).

Ыйык Китеп Кудайдын жетеги менен жазылган. Ошондуктан Ыйык Китепти изилдегендер байыркы убакта чынында эле папирустан кайык жасалганына археологиялык далилдер табылып жатканына таң калышпайт деле (2 Тим. 3:16). Археологдор байыркы Мисирден папирустан кайыктар жасалганына айкын далилдерди табышкан.

ПАПИРУС КАЙЫКТАР КАНТИП ЖАСАЛГАН?

Байыркы мисирликтердин мүрзөлөрүндөгү тартылган жана дубалга чегип түшүрүлгөн сүрөттөрдөн папирусту кантип чогултушканын, андан кантип кайык жасашканын билсе болот. Алгач папирусту кыйышчу, анан бир нечеден кылып боолошчу. Анан ал боолонгондорду кайра бири-бирине бириктирип байлашчу. Папирустун сөңгөгү үч бурчтуу келет. Ошондуктан боолонуп байланганда бири-бирине аябай тыгыз отурат. Байыркы Мисир жөнүндөгү бир эмгекке ылайык, папирустан жасалган кайыктардын узундугу 17 метрден ашчу. («A Companion to Ancient Egypt») Андай кайыктын бир капталына эле 10 же 12 калакчы отурчу.

Папирустан кайык жасалып жатканы көрсөтүлгөн дубалга чегип түшүрүлгөн сүрөт

ЭМНЕ ҮЧҮН ПАПИРУСТАН КАЙЫК ЖАСАШКАН?

Папирус Нил өрөөнүндө аябай көп өсчү. Анын үстүнө, папирус кайыктарды жасаш да оңой болгон. Атүгүл чоң кемелерди куруш үчүн жыгач кеңири колдонула баштаганда деле балыкчылар менен мергенчилер папирустан жасалган салдарды (калкымаларды) жана чакан кайыктарды колдоно беришкен көрүнөт.

Байыркы убактагы папирустан жасалган кайыктар көп убакытка чейин колдонулуп келген. Б.з. биринчи жана экинчи кылымынын аралыгында жашаган Плутарх аттуу грек жазуучусунун жазгандарына ылайык, папирустан жасалган салдар анын күндөрүндө да элге белгилүү болгон.

^ 3-абз. Папирус өсүмдүгү саздак жерде жана суусу жай аккан дарыяларда өсөт. Анын бийиктиги 5 метрге чейин жетет, сөңгөгүнүн түп жагындагы жоондугу 15 сантиметрдей болот.