Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

21-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахаба бизди күч-кубатка толтурат

Жахаба бизди күч-кубатка толтурат

«Алсыз болгонумда күчтүүмүн» (2 КОР. 12:10).

73-ЫР: Кайраттуу кыла көр

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Көптөгөн ишенимдештерибиз кандай кыйынчылыктарга туш болот?

ЭЛЧИ Пабыл Тиметейди, анын ичинде Исанын жолдоочуларынын баарын, кызматын толугу менен аткарганга үндөгөн (2 Тим. 4:5). Биз так ошондой кылганга аракет кылабыз. Бирок бул кээде оңойго турбайт. Мисалы, көптөргө кабар айткандын өзү эле кыйын (2 Тим. 4:2). Себеп дегенде айрым боордошторубуз ишибиз чектелген же атүгүл тыюу салынган өлкөлөрдө жашайт. Алар кабар айтыш үчүн эркиндигин садага чапканга да даяр.

2 Жахабанын эли ындынды сууткан толгон токой көйгөйлөр менен алпурушуп келет. Алсак, көптөр күнүмдүк нанын таап үй-бүлөсүн багыш үчүн эле бир күн кечке кара жанын карч уруп иштейт. Алар көбүрөөк эле кызмат кылайын дейт, бирок жуманын аягында ырп этерге дарманы жок калат. Башкалары болсо өнөкөт оорунун же карылыктын айынан көп нерсеге кудурети жетпей калат, атүгүл үйдөн чыга албай калат. Жахабанын алдында өзүн татыксыз сезип кыйналгандар да бар. Ортоңку Чыгышта жашаган Мэри * мындай дейт: «Жаман ойлор басканда, ошолор менен алышып жатып эле чарчап калам. Бул бүт убактымды, күчүмдү алып койгондуктан кызмат кыла албай калам. Анан өзүмдү күнөөлүү сезем».

3. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Жагдайыбыз кандай болбосун, Жахаба кыйынчылыктарыбыз менен күрөшкөнгө күч-кубат берет. Ошонун аркасында ага колубуздан келишинче кызмат кыла алабыз. Жахаба бизге кантип жардам берерин карап чыгардан мурун анын Пабыл менен Тиметейге эч нерсеге карабай кызматын уланта бергенге кантип кубат бергенине токтололу.

КАБАР АЙТА БЕРГЕНГЕ КҮЧ БЕРЕТ

4. Пабылдын кандай кыйынчылыктары болгон?

4 Элчи Пабыл башынан түрлүү кыйынчылыктарды өткөргөн. Далай жолу таяк жеген, таш бараңга алынып, түрмөгө отурган. Ошондой учурларда Кудайдын жардамына өзгөчө зар болгон (2 Кор. 11:23—25). Ал көңүлү чөккөн учурлары болгонун да жашырган эмес (Рим. 7:18, 19, 24). Андан тышкары, денедеги «тикен» сыяктуу оорунун азабын тартып, андан арылтышын Кудайдан жалбарып суранган (2 Кор. 12:7, 8).

Пабылга кызматын аткарганга эмне жардам берген? (5, 6-абзацтарды карагыла) *

5. Кыйынчылыктарга кабылса да, Пабыл кандай иштерге жараган?

5 Башында ар кыл кыйынчылык турса да, Жахаба Пабылга кызматын аткарганга өзү күч берген. Анда Пабылдын кандай иштерге жараганын карап чыгалы. Алсак, Римде үй камагында отурганда жүйүттөрдүн арасындагы таасирдүү кишилерге жана, сыягы, эл бийлеген аткаминерлерге да бүт ынтасы менен жакшы кабар айткан (Элч. 28:17; Флп. 4:21, 22). Ошондой эле императордун көптөгөн сакчыларына жана дегеле, ага келип-кеткендердин баарына кабар айткан (Элч. 28:30, 31; Флп. 1:13). Ошол эле учурда Кудайдын жетеги менен көптөгөн каттарды жазган. Алардын пайдасын Исанын чыныгы жолдоочулары ушу күнгө дейре көрүп келишет. Андан тышкары, Пабылдын үлгүсү Римдеги жыйналыштарга бир топ дем-күч берген. Ошонун аркасында алар «Кудайдын сөзүн мурдагыдан да кайраттуулук менен коркпой айтышкан» (Флп. 1:14). Ооба, кээде Пабылдын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгон. Ошентсе да колунан эмне келсе, ошону кыла берген. Ошенткенинин аркасында «жакшы кабардын» көбүрөөк таратылышына да шарт түзүлгөн (Флп. 1:12).

6. 2 Корунттуктар 12:9, 10го ылайык, Пабыл кызматын эмненин аркасында толугу менен аткара алган?

6 Пабыл, Кудай колдобосо, ошонун баарын кылганга өзүнүн кубаты келмек эмес экенин моюнга алган. Ал Кудайдын күчү «алсыздык аркылуу жеткилең болорун» баамдаган. (Окугула: 2 Корунттуктар 12:9, 10.) Куугунтукталганына, камалганына жана дагы башка кыйынчылыктарга тушукканына карабай, Жахаба ыйык руху аркылуу Пабылга кызматын толугу менен аткарганга кубат берген.

Тиметейге кызматын аткарганга эмне жардам берген? (7-абзацты карагыла) *

7. Тиметейдин кызматын толугу менен аткарышына кандай тоскоолдуктар болгон?

7 Пабылдын шериги Тиметей да кызматын аткара алышы үчүн Кудайдын күчүнө таянышы керек болчу. Ал жаш болсо да, Пабылды узакка созулган миссионердик сапарларында коштоп жүргөн. Пабыл анын өзүн да дем-күч бериш үчүн ар кайсы жыйналыштарга жөнөткөн (1 Кор. 4:17). Тиметей ал ишке өзүн жөндөмсүз сезсе керек. Мына ошондуктан Пабыл ага: «Эч ким сени жаш деп тоготпой койбосун»,— деп айткан чыгар (1 Тим. 4:12). Тиметейдин өзүнүн да «тикени» болгон, башкача айтканда, ал көп сыркоологон (1 Тим. 5:23). Бирок Тиметей жакшы кабар тарата алышы үчүн жана ишенимдештерине кызмат кыла алышы үчүн Жахабанын кубаттуу ыйык руху аны күчкө толтурарын билген (2 Тим. 1:7).

ИШЕНИМДЕН ТАЙБАГАНГА КҮЧ БЕРЕТ

8. Жахаба өз элин кантип күчкө толтурат?

8 Бүгүнкү күндө Жахаба өз элине ишенимден тайбаш үчүн «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Кор. 4:7). Эмесе келгиле, бизди күчкө толтурган жана ишенимден тайбаганга жардам берген төрт нерсени карап чыгалы. Алар: тиленүү, Ыйык Китеп, боордошторубуз жана кызматыбыз.

Жахаба бизге тиленүү аркылуу күч-кубат берет (9-абзацты карагыла)

9. Кудайдан тиленүү кантип жардам берет?

9 Тиленүү. Эфестиктер 6:18де жазылгандай, элчи Пабыл бизди «ар дайым... тиленгенге» үндөгөн. Кудай бизге тилегибизге жооп берип жардам берет. Боливияда жашаган Жони үстөкө-босток кайгы басканда Жахабанын жардамын сезген. Анын жубайы да, атасы да, апасы да бир учурда катуу ооруп калган. Ал үчөөнү тең карашы керек болуп айласы алты кеткен. Тилекке каршы, апасы кайтыш болуп калган. Ал эми жубайы менен атасы бир топтон кийин араң барып жакшы болушкан. Жони: «Жаным төрт чарчы болуп кыйналып турган ошол кезде Жахабага эмнеге зар болуп жатканымды так айтып тиленгеним аябай жардам берген»,— дейт. Жахаба ага сыноого сынбаганга күч-кубат берген. Боливиялык Роналд деген аксакал болсо апасынын рак болуп калганын билген. Апасы ошондон бир ай өтүп-өтпөй каза болуп калган. Ошондой оор учурда ага эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Жахабадан тиленгенде көкүрөгүмө мелт-калт болуп толгон сезимдеримди төккөндөй эле болом. Жахабачалык мени эч ким жакшы түшүнө албасын билем. Ал мени атүгүл өзүмдөн да жакшы түшүнөт». Кээде кыйынчылык менен алышып жатып алыбыз калбай калгандай сезилген же эмне деп тиленишти билбей калган учурлар болот. Бирок Жахаба ал тургай ой-сезимдерибизди сөз менен жеткире албай калган учурларда да ага кайрылганга үндөйт (Рим. 8:26, 27).

Жахаба бизге Ыйык Китеп аркылуу күч-кубат берет (10-абзацты карагыла)

10. Еврейлер 4:12ге ылайык, Ыйык Китепти окуганыбыз, ой жүгүрткөнүбүз эмне үчүн ушунчалык маанилүү?

10 Ыйык Китеп. Ыйык Китепти окуганы Пабылды жубатып, күч-кубат берген. Бул бизге да так эле ушундай жардам берет (Рим. 15:4). Кудайдын Сөзүн окуп, ой жүгүртсөк, ал окугандарыбызды өзүбүздүн жагдайда кантип колдонушту түшүнгөнгө ыйык руху аркылуу жардам берет. (Окугула: Еврейлер 4:12.) Роналд мындай дейт: «Ыйык Китепти күнүгө кечинде окуганды адат кылып алганыма аябай сүйүнөм. Жахабанын сапаттары, кызматчыларына көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө көп ойлоном. Ошондо кадимкидей кубаттанып калам».

11. Жесир калган ишенимдешибизге Ыйык Китеп кантип жардам берген?

11 Кудайдын Сөзүндө жазылгандар жөнүндө ойлонсок, кыйынчылыктарыбызга карата туура көз карашта болобуз. Күйөөсүнөн айрылып, кабыргасы кайышып турган бир аялга Ыйык Китеп кантип жардам бергенине токтололу. Бир аксакал жардам болушу үчүн ага Аюп китебин окуп чыгууну сунуштаган. Ал макул болуп, окуй баштаган. Башында туура эмес ой жүгүрткөнү үчүн Аюпка карата сын көз карашта болгон. Ичинен: «Аюп, өзүңдүн кыйынчылыктарыңды эле ойлой бересиңби?!» — деген экен. Бирок көп өтпөй эле өзүнүн да кудум эле Аюптай болуп жатканын түшүнгөн. Ошондон кийин оюн оңдоп, күйүтү менен күрөшкөнгө күчтөнүп калган.

Жахаба бизге боордошторубуз аркылуу күч-кубат берет (12-абзацты карагыла)

12. Жахаба бизди боордошторубуз аркылуу кантип колдойт?

12 Боордошторубуз. Жахаба бизге бири-бирибизди колдонуп да күч-кубат берет. Пабыл ишенимдештерин бири-бирин бекемдеш үчүн көргөнгө куштар болгонун жазган (Рим. 1:11, 12). Мэри жыйналыштагылар болуп чогулган учурду аябай баалайт. Ал мындай дейт: «Жахаба атүгүл менин кыйынчылыктарым тууралуу такыр билбеген ишенимдештерим аркылуу жардам берип коёт. Алар мага так муктаж болуп турган учурда жылуу сөз айтышчу же кат жазышчу. Мунун аркасында башынан меникиндей кыйынчылыктарды өткөргөн эжелерге ачылып, арыз-муңумду айтып, алардан көп нерсени үйрөндүм. Аксакалдар да жыйналышта баалуу ордум бар экенин сезгенге дайыма жардам берип турат».

13. Жыйналышка барганда бири-бирибизге кантип күч-кубат бере алабыз?

13 Башкаларга дем-күч бергенге эң ылайыктуу учур — жыйналышка барган убак. Жыйналышка барганда ишенимдештериңерди баалай турганыңарды, жан-дилден жакшы көрөрүңөрдү айтып кубаттандырсаңар болот. Мисалы, жыйналыш башталганга чейин Питер деген аксакал күйөөсү Жахабанын Күбөсү эмес бир энеге: «Сиздин жыйналышка келгениңиздин өзү эле бизге дем-күч берет. Алты балаңызды тең жакшынакай кылып кийинтип алып, дайыма алып келесиз, жооп бергенге да даярдайсыз»,— деген. Ошондо ал көзүнүн чарасы жашка толуп: «Ушундай жылуу сөзгө бүгүн өзгөчө зар болуп тургам»,— деген.

Жахаба бизге кызмат аркылуу күч-кубат берет (14-абзацты карагыла)

14. Кабар айтканыбыз кантип жардам берет?

14 Кызматыбыз. Башкаларга Ыйык Китептеги чындыктарды айтканда, алар угабы же укпайбы, жаныбыз сергип, кадимкидей жандана түшөбүз (Накыл 11:25). Кызматтын канчалык чыйралтарын Стейси деген бир тууганыбыз да сезип көргөн. Үйүндөгүлөрүнүн бири жыйналыштан чыгарылып калганда, ал аябай жаман болуп: «Ага көбүрөөк жардам берсем болмок экен»,— деп өзүн жемелей берген. Басса-турса да, оюнун баары ошол болуп калган. Ага эмне жардам берген? Кызмат. Кабарга чыкканда Стейси бар көңүлүн аймактагы адамдарга топтой баштаган. Ал мындай деген: «Ошол кезде Жахаба мага Ыйык Китепке аябай кызыгып, тез ийгилик кылган бирөөнү тапканга жардам берди. Бул мага тоодой дем берди. Баарынан да жашоомду тең салмакташтырып турган — бул кызмат».

15. Мэринин айткандарынан эмнеге үйрөнсөк болот?

15 Жагдай-шартынан улам кээ бирлерге аз кызмат кылып жаткандай сезилиши мүмкүн. Эгер силерге ушундай сезилип жатса, бир нерсени унутпагыла: Жахаба колуңардан келгенди кылганыңарды баалайт. Кайрадан Мэринин мисалына токтололу. Башка тилдеги аймакка көчүп барганда ага өзүнүн эч кандай деле пайдасы тийбей жаткандай сезилген. Ал: «Башында эки ооз сөз менен жооп бергенге, Ыйык Китептен аят окуп бергенге же кабар айтып жүргөндө баракча бергенге эле жарачумун»,— дейт. Ал өзүн ошол тилди суудай билгендер менен салыштырып жаман боло берчү. Бирок бара-бара оюн оңдогон. Ошол тилде эркин сүйлөй албаса да, Жахаба аны өзүнүн керегине жаратып коё аларын түшүнө баштаган. «Кишинин өмүрүн сактап кала турган Ыйык Китептеги чындыктар аябай жөнөкөй. Так ошол жөнөкөй чындыктар адамдын жашоосун өзгөртүп коё алат»,— дейт ал.

16. Үйүнөн чыга албагандарга эмнеге көңүл топтогону жардам берет?

16 Жахаба атүгүл үйдөн чыга албасак да, кызмат кылгыбыз келип жатканын көрүп турат. Ошонубузду аябай баалайт. Ал бизге доктурларга, медайымдарга кабар айтканга мүмкүнчүлүк түзүп коё алат. Эгер азыр кылып жаткандарыбызды мурун кылгандарыбыз менен салыштыра берсек, көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Анын ордуна, Жахабанын бизге учурда кантип көмөк кылып жатканына көңүл топтошубуз керек. Ошондо кандай гана кыйынчылык болбосун, аны кубанычыбызды бөксөртпөй көтөрүп кетебиз.

17. Насаатчы 11:6га ылайык, жемишин дароо албасак да эмне үчүн кызмат кыла беришибиз керек?

17 Сепкен үрөнүбүздүн кайсынысы тамыр алып, өсө баштай тургандыгын билбейбиз. (Окугула: Насаатчы 11:6.) Алсак, 80ден ашып калган Барбара деген ишенимдешибиз дайыма телефон же кат аркылуу кабар айтат. Бир жолу ал каттарынын бирине «Кудай адамзатты сүйөрүн кантип көрсөткөн?» деген макала жазылган «Күзөт мунарасын» кошуп койгон экен (1-март, 2014-жыл). Анан өзү билбей эле ал катты бир кезде Жахабанын Күбөсү болуп жүргөн жубайларга жөнөтүп алыптыр. Алар журналды бир нече жолу окуп чыгышкан. Күйөөсүнө Жахаба өзү ага сүйлөп жаткандай сезилген. Ошентип, 27 жылдан кийин ал жубайлар жыйналыштарга бара баштап, кайрадан Жахабанын Күбөсү болушкан. Каты ушундай жакшы натыйжа бергенин билгенде Барбара кандай гана сүйүнүп, дем-күчкө толгонун элестетсеңер!

Жахаба бизге 1) тиленүү, 2) Ыйык Китеп 3) боордошторубуз, 4) кызмат аркылуу күч-кубат берет (9, 10, 12, 14-абзацтарды карагыла)

18. Кудайдын күчүн сезиш үчүн эмне кылышыбыз керек?

18 Жахаба өзүнүн чексиз күч-кубатын ар кандай жолдор менен берип келет. Биз анын күчүн тиленүү, Ыйык Китеп, боордошторубуз жана кызмат аркылуу сезебиз. Ошол чаралардын баарынан пайдаланганыбызда Жахабанын жардам бергиси келерине жана жардам бергенге кудуреттүү экенине ишенерибизди көрсөтөбүз. Келгиле анда, «өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонгусу» келген асмандагы Атабызга ар дайым ишеним арталы (2 Жылн. 16:9).

61-ЫР: Алга, Күбөлөр!

^ 5-абз. Учурда биз кыйынчылыкка толгон оомалуу-төкмөлүү заманда жашап жатабыз. Бирок Жахаба бизге ушуга туруштук бергенге жардам берип келет. Бул макалада Жахабанын элчи Пабыл менен Тиметейге кыйынчылыктарына карабай кызматын уланта бергенге кантип жардам бергенин карап чыгабыз. Ошондой эле Жахаба бүгүнкү күндө бизге кайсы төрт нерсени колдонуп жардам берерин талкуулайбыз.

^ 2-абз. Ысмы өзгөртүлдү.

^ 53-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Элчи Пабыл Римде үй камакта отуруп, бир нече жыйналышка кат жазып жатат. Келип-кеткендерге да жакшы кабар айтып жатат.

^ 55-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Тиметей ар кайсы жыйналыштарды кыдырып, дем-күч берип жүрөт.