Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Исанын жолун жолдогонго силерге бир нерсе тоскоол болуп жатабы?

Исанын жолун жолдогонго силерге бир нерсе тоскоол болуп жатабы?

«[Мага] мүдүрүлбөгөн адам бактылуу» (МТ. 11:6, шилт.).

54-ЫР: «Мына жол»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Ыйык Китептеги кабарды алгачкы жолу башкаларга айтканыңарда эмне таң калыштуу болду эле?

ЧЫНДЫКТЫ тапканыңарды эң алгачкы жолу түшүнгөн учуруңар эсиңердеби? Ошондо Ыйык Китептеги окуулардын туура экени силер үчүн айдан ачык болгондур! Ошондуктан аларды башкалар да силердей эле болуп кабыл алат деп ойлогондурсуңар. Ыйык Китептеги кабар алардын жашоосун маңыздуу кылып, келечекке да үмүт байлатарына кенедей да шектенген эместирсиңер (Заб. 119:105). Анан кубанычыңарды койнуңарга батыра албай жакшы кабарды досторуңардын, тууган-туушкандарыңардын баарына айткан чыгарсыңар. Бирок таң калыштуусу, көптөр айткандарыңарды четке кагып койгон.

2, 3. Элдин көпчүлүгү Исага кандай караган?

2 Айткан кабарыбызды башкалар укпай койгондо таң калбашыбыз керек. Себеби Иса көптөгөн кереметтерди жасап, Кудай аны колдоп жатканын далилдесе да, элдин көпчүлүгү аны кабыл албай койгон. Мисалы, ал Лазар деген кишини тирилткен. Андай кереметти эч ким тана алмак эмес. Ошентсе да Жүйүттүн жетекчилери Исаны Машаяк катары кабыл алышкан эмес. Атүгүл экөөнү тең өлтүрүүнү көздөшкөн (Жкн. 11:47, 48, 53; 12:9—11).

3 Иса көпчүлүктүн анын Машаяк экенине ишенбей турганын билген (Жкн. 5:39—44). Ал Чөмүлдүрүүчү Жакандын шакирттерине: «Менден шектенбеген [мага мүдүрүлбөгөн *] адам бактылуу»,— деген (Мт. 11:2, 3, 6, шилт.). Бирок эмне үчүн көптөр аны четке кагып коюшкан?

4. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

4 Ушул жана кийинки макалада 1-кылымда эмне үчүн көптөр Исага ишенишпегенинин бир нече себебин талдап чыгабыз. Буга бүгүнкү күндө эмне себеп болуп жатканын да билебиз. Баарынан маанилүүсү, мүдүрүлбөш үчүн эмне үчүн Исага бекем ишенишибиз керектигин билебиз.

1) ИСАНЫН ТЕГИ

Көптөр Исанын тек-жайынан улам мүдүрүлүшкөн. Бүгүнкү күндө айрымдар ушул эле нерселерге кандайча мүдүрүлүшү мүмкүн? (5-абзацты карагыла) *

5. Айрымдар Исанын Машаяк экенине эмне үчүн ишенбеши мүмкүн эле?

5 Көптөр Исаны тек-жайы үчүн четке кагып коюшкан. Алар анын залкар, чыгаан устат экенин жана керемет жасай ала турганын моюнга алышкан. Бирок ал алар үчүн тек гана карапайым жыгач устанын уулу болгон. Анын үстүнө, ал чыккан Назарет деген шаар эч нерсеси менен өзгөчөлөнбөгөн жөнөкөй эле шаар болгон. Атүгүл Исанын шакирти Натанаел да башында: «Назареттен жакшы бир нерсе чыкмак беле?» — деген (Жкн. 1:46) Ал, сыягы, Иса жашаган шаарды жактырбаса керек. Же балким, Микей 5:2де Машаяктын Назаретте эмес, Бетлехемде төрөлөрү алдын ала айтылганын билип ошентип айтса керек.

6. Исанын күндөрүндөгү эл анын Машаяк экенин кантип аныктай алмак?

6 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Ышая пайгамбар Исанын душмандары Машаяктын «ата-тегин териштирбей» турганын алдын ала айткан (Ыш. 53:8). Негизи, ушу сыяктуу көп эле нерселер алдын ала айтылган болчу. Эгер ошол адамдар бардык далилдерди талдап чыгышса, Исанын Бетлехемде төрөлгөнүн жана Дөөтү падышанын тукумунан чыкканын биле алмак (Лк. 2:4—7). Ооба, Иса чындап эле Микей 5:2де алдын ала айтылган жерде туулган. Эгер ошондой болсо, анда кеп эмнеде болгон? Кеп элдин тез эле жыйынтык чыгарып койгонунда болгон. Алар иштин бардык чоо-жайын аныкташкан эмес. Ошон үчүн мүдүрүлүп, Исаны четке кагып коюшкан.

7. Эмне үчүн бүгүнкү күндө көптөр Жахабанын элин четке кагышат?

7 Азыр да ушундайбы? Ооба. Жалпысынан Жахабанын эли тек-жайы жөнөкөй эле адамдар. Көптөр аларды «билими жок карапайым кишилер» деп эсептешет (Элч. 4:13). Айрымдар болсо алар беделдүү диний окуу жайларды бүтүрбөгөндүктөн башкаларды Кудай жөнүндө окута албайт деп ойлошот. Дагы бирөөлөр «Жахабанын Күбөлөрү америкалыктардын дини» деген ойдо. Бирок чынында дүйнө жүзү боюнча алганда алардын 14 пайыздайы гана Америкада жашайт. «Жахабанын Күбөлөрү Исага ишенишпейт» деп уккандар да бар. Андан сырткары, көптөгөн жылдардан бери аларды «коммунисттер», «Американын тыңчылары», «экстремисттер» деп айыптап келишет. Ушундай нерселерди уккан адамдарда толук маалыматы болбошу мүмкүн же ал маалыматтын бардыгын кабыл албашы ыктымал. Мына ошондуктан ишенишпейт.

8. Элчилер 17:11ге ылайык, бүгүнкү күндө Кудайдын кызматчылары ким экенин аныктагысы келгендер эмне кылышы керек?

8 Канткенде мүдүрүлбөйсүңөр? Ан үчүн далилдерди талдай билишиңер керек. Лука өзүнүн Инжилин жазганда так ушуну көздөгөн. Ал «бардыгын башынан баштап кылдат изилдеген». Анын Инжилин окугандардын Иса жөнүндө уккан нерселеринин «чындык экенине ынанышын» каалаган (Лк. 1:1—4) Байыркы Бероя шаарындагы жүйүттөр ушул жагынан Лукага окшош болгон. Алар Иса жөнүндөгү жакшы кабарды алгачкы жолу укканда чын-төгүнүн текшериш үчүн Еврей Жазмаларында жазылгандар менен салыштырышкан. (Окугула: Элчилер 17:11.) Ошол өңдүү эле, силер да далилдерди текшере билишиңер керек. Кудайдын эли окутуп-үйрөткөн нерселерди Ыйык Китепте жазылгандар менен салыштырышыңар керек. Мындан тышкары, азыркы таптагы Жахабанын эли кандай иштерди кылып жатканына көңүл бургула. Эгер алардын чындап эле кандай эл экенин жакшылап текшерип, байкасаңар, башкалардын Жахабанын эли жөнүндөгү бейкалыс пикиринин таасирине алдырбайсыңар. Ошондой эле ар кандай ушак-айыңга ишене бербейсиңер.

2) МАШАЯК ЭКЕНИН ДАЛИЛДЕШ ҮЧҮН ЭЛЕ КЕРЕМЕТ ЖАСАБАГАНЫ

Көптөр Исанын элди таасирлентиш үчүн керемет көрсөтпөгөнүнөн улам мүдүрүлүшкөн. Бүгүнкү күндө айрымдар ушул эле нерселерге кандайча мүдүрүлүшү мүмкүн? (9, 10-абзацтарды карагыла) *

9. Иса жышаан көрсөтпөй койгондо эмне болгон?

9 Айрымдар Исанын чебер окутканына алымсынбай, андан да көптү каалашкан. Алар Машаяк экенин далилдеш үчүн «асмандан жышаан көрсөтүшүн» талап кылышкан (Мт. 16:1). Балким, Даниел 7:13, 14тө айтылгандарды туура эмес түшүнгөндүктөн ошондой талап коюшкандыр. Бирок ал жакта жазылгандар келечекте, Жахаба белгилеген убакта, аткарылмак. Исанын Машаяк экенине анын кантип окутканы эле жетиштүү далил болгон. Бирок Иса жышаан көрсөтпөй койгондо, алар мүдүрүлүшкөн (Мт. 16:4).

10. Иса Ышая пайгамбардын Машаяк жөнүндө айткандарын кантип аткарган?

10 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Машаяк жөнүндө Ышая пайгамбар: «Ал кыйкырбайт, үнүн бийик чыгарбайт, көчөдөн үнүн угузбайт»,— деп жазган (Ыш. 42:1, 2). Иса кызматын өзүнө көңүл бурдурбай аткарган. Заңгыратып ибадатканаларды курган эмес. Диний жетекчилердей болуп, элден өзгөчөлөгөн кийимдерди кийген эмес. Өзүнө ардактуу наамдар менен кайрылышын талап кылган эмес. Атүгүл соттолуп жатканда да Ирод падышаны таасирлентиш үчүн керемет жасагандан баш тарткан (Лк. 23:8—11). Кээ бир учурларда керемет жасаса да, негизги максаты жакшы кабарды жарыялоо болгон. Ал шакирттерине: «Мен... ошон үчүн келгем»,— деген (Мр. 1:38).

11. Бүгүнкү күндө айрымдар кандай туура эмес ойдо?

11 Азыр да ушундайбы? Ооба. Бүгүнкү күндө көптөрдү заңгыраган диний имараттардагы кымбат баалуу сүрөттөр, даражалуу наамдарды алып жүргөн диний жетекчилер, башаты, мааниси эбак унутта калган диний жөрөлгөлөр таасирлентет. Бирок ошондой диний кызматтарга барган адамдар Кудай жөнүндө, ой-ниети жөнүндө жарытылуу деле эч нерсе биле алышпайт. Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына баргандар болсо Кудай бизден эмнени талап кыларын, анын эркине ылайык кантип жашаса болорун биле алышат. Ал эми биздин Падышалык залдарыбыз таза, колдонгонго ылайыктуу жана жөнөкөй жасалгаланган. Жыйналышта жетекчиликти колго алгандар болсо элден бөтөнчөлөнүп кийинишпейт, көкөлөткөн наамдар менен да аталышпайт. Биз окуткан жана ишенген нерселерибиздин баары Кудайдын Сөзүнө негизделет. Ошентсе да көптөр бизди угушпайт. Себеби кишини таасирленте турган жөрөлгөлөр менен коштолбогондуктан сыйынуубузду өтө эле жөнөкөй деп эсептешет. Аларга уккусу келгенди айтып окутпаганыбыз да жакпашы мүмкүн.

12. Еврейлер 11:1, 6да түшүндүрүлгөндөй, ишенимибиз эмнеге негизделиши керек?

12 Канткенде мүдүрүлбөйбүз? Элчи Пабыл Римде жашаган Исанын жолдоочуларына: «Ишеним сөздү уккандан кийин пайда болот, ал эми уга турган сөз Машаяк жөнүндөгү кабар аркылуу келет»,—  деген (Рим. 10:17). Ошондуктан биздин ишенимибиз Ыйык Китепти изилдегенибиздин аркасында түптөлөт. Ал, кишини канчалык суктантып таасирдүү болбосун, Ыйык Китепке дал келбеген диний жөрөлгөлөргө негизделбейт. Бизде так билимге негизделген күчтүү ишеним болушу керек. Себеби «ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес». (Окугула: Еврейлер 11:1, 6.) Демек, Кудайга жаккан жолду табыш үчүн сөзсүз эле адаттан тыш бир жышаан болот деп күтпөшүбүз керек. Ишенген нерселерибиз чын экенине шектенбей, көзүбүз жетиши үчүн Ыйык Китептеги окууларды кылдат изилдешибиз керек. Ошондо ишенимибиз бекемделет.

3) ЖҮЙҮТТӨРДҮН КААДА-САЛТТАРЫНА КАРМАНБАГАНЫ

Көптөр Исанын айрым каада-салттарга карманбаганынан улам мүдүрүлүшкөн. Бүгүнкү күндө айрымдар ушул эле нерселерге кандайча мүдүрүлүшү мүмкүн? (13-абзацты карагыла) *

13. Иса эмне үчүн көптөргө жаккан эмес?

13 Чөмүлдүрүүчү Жакандын шакирттери Исанын шакирттери эмне үчүн орозо кармабай жатканын түшүнбөй, таң калып сурашкан. Ошондо Иса ал тирүү кезде шакирттерине орозо кармаштын кереги жок экенин түшүндүргөн (Мт. 9:14—17). Анткен менен Исага каршы болгон фарисейлер жана башкалар аны каада-салттарга карманбаганы үчүн айыпташкан. Ишемби күнү оорулууларды айыктырганына аябай ачууланышкан (Мр. 3:1—6; Жкн. 9:16). Бирок Ишембиге байланышкан мыйзамды аткарабыз деп көкүрөк каккылаганы менен, элдин ибадатканада соода-сатык жүргүзүп жатканына көз жумушкан. Анан Иса ошонусу үчүн ашкерелегенде, каары кайнап чыккан (Мт. 21:12, 13, 15). Назареттеги синагогадагылар да Исага аябай ачууланышкан, себеби ал мурун болуп өткөн окуяларды мисал кылып алардын өзүмчүлдүгүн, ишениминин аздыгын ачыкка чыгарган (Лк. 4:16, 25—30). Ооба, Иса эл ойлогондой иш кылбаганы үчүн, көптөр мүдүрүлгөн (Мт. 11:16—19).

14. Иса адамдар ойлоп тапкан каада-салттарды эмне үчүн четке каккан?

14 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу: «Бул эл мага ооз учунан гана жакындап, мени оозу менен гана даңктайт; жүрөктөрү болсо менден алыс. Алар адамдардын осуятын үйрөнүп, ошону менден коркуу деп эсептешет»,— деген (Ыш. 29:13). Иса Ыйык Жазмага каршы келген каада-салттарды четке кагып туура кылган. Адамдар ойлоп тапкан эрежелерди, каада-салттарды Ыйык Жазмадан артык көргөндөр Жахабаны да, ал жиберген Машаякты да четке кагышкан.

15. Бүгүнкү күндө көптөргө Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнеси жакпайт?

15 Азыр да ушундайбы? Ооба. Көптөр Жахабанын Күбөлөрүн туулган күн, Жаңы жыл сыяктуу Ыйык Китепке каршы келген майрамдарды аларга кошулуп майрамдабаганы үчүн жаман көрүшөт. Дагы башкалары Ыйык Китепке дал келбеген улуттук майрамдарды майрамдабаганы үчүн же сөөк коюуга байланышкан каадаларга карманбаганы үчүн жактырышпайт. Ушул сыяктуу нерселерден улам мүдүрүлгөндөр өздөрүн Кудайга жаккандай сыйынып жатабыз деп чындап ойлошу мүмкүн. Бирок, чынында, Ыйык Китептеги так-айкын окууларга караганда, бул дүйнөнүн каада-салттарын туу туткан адам Кудайга жага албайт (Мр. 7:7—9).

16. Забур 119:97, 113, 163—165-аяттарга ылайык, эмне кылышыбыз керек жана эмнеден качышыбыз керек?

16 Канткенде мүдүрүлбөйбүз? Биз Жахабанын мыйзам-принциптерин чын дилден жакшы көрүшүбүз керек. (Окугула: Забур 119:97, 113, 163—165.) Эгер Жахабаны сүйсөк, ага жакпаган каада-салттарга карманбайбыз. Ага болгон сүйүүбүздү эч нерсенин муздатып коюшуна да жол бербейбиз.

4) САЯСАТКА АРАЛАШЫП, КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧКЕНГЕ ДАРОО КИРИШПЕГЕНИ

Көптөр Исанын саясий маселелерге аралашпаганынан улам мүдүрүлүшкөн. Бүгүнкү күндө айрымдар ушул эле нерселерге кандайча мүдүрүлүшү мүмкүн? (17-абзацты карагыла) *

17. Көптөр эмнени күтүп алгандыктан мүдүрүлүшкөн?

17 Исанын күндөрүндө айрымдар өлкөдөгү саясий абалдын тез аранын ичинде өзгөрүшүн каалашкан. Алар Машаяк аларды Римдин эзүүсүнөн азаттыкка чыгарат деп күтүшкөн. Ошондуктан Исаны падыша кылмакчы болушкан, бирок ал болбой койгон (Жкн. 6:14, 15). Башкалар, анын ичинде дин кызматчылар да, Иса элди Римге каршы көтөрөт деп коркушкан. Себеби диний жетекчилерге эки чылбыр, бир тизгинди так ошол Рим өкмөтү берген. Көптөгөн жүйүттөр мына ушуларды ойлоп тынчсыздангандыктан мүдүрүлүшкөн.

18. Көптөр Машаяк жөнүндө алдын ала айтылган кандай сөздөрдү уккусу келген эмес?

18 Ыйык Жазмада эмне деп айтылат? Ыйык Китептин көп жеринде Машаяк акыры жеңүүчү болуп чыгаары алдын ала айтылса да, башка жерлеринде анын алгач биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлүшү керектиги айтылган (Ыш. 53:9, 12). Анда эмне үчүн жүйүттөр Исадан башка нерсени күтүп алышкан? Себеп дегенде Машаяк алардын көйгөйлөрүн шак эле чече башташын каалашкан. Андан башкасын уккусу келген эмес (Жкн. 6:26, 27).

19. Бүгүнкү күндө көптөрдү эмне мүдүрүлтөт?

19 Азыр да ушундайбы? Ооба. Азыркы күндө да көптөр саясатта бейтараптуу болгонубузду жактырышпайт. Алар бизди шайлоого катышып, добуш беришибиз керек деп ойлошот. Бирок эгер биз кайсы бир адамды башкаруучу катары тандасак, анда Жахабанын алдында аны четке каккан болуп калабыз (1 Шем. 8:4—7). Дагы бирөөлөр биз мектептерди, ооруканаларды куруп, дагы башка кайрымдуулук иштерин кылышыбыз керек деген ойдо. Ошондуктан бүт көңүлүбүздү, күчүбүздү учурдагы коомчулуктун көйгөйлөрүн чечкенге эмес, кабар айтуу ишине топтогонубузду көрүп мүдүрүлүшөт.

20. Матай 7:21—23-аяттарда баса белгиленгендей, баарынан да көңүлүбүздү эмнеге топтошубуз керек?

20 Канткенде мүдүрүлбөйбүз?  (Окугула: Матай 7:21—23.) Биз бүт күчүбүздү Иса буйрук кылган ишке жумшашыбыз керек (Мт. 28:19, 20). Бул дүйнөнүн саясий жана коомдук маселелерин чечкенге эч убакта алаксыбашыбыз керек. Албетте, башкаларды жакшы көрөбүз жана алардын кыйынчылыгына кайдыгер карабайбыз. Бирок аларга жардам берүүнүн эң мыкты жолу Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтуу жана Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам берүү экенин түшүнөбүз.

21. Эмне кылганга аракет кылышыбыз керек?

21 Бул макалада 1-кылымдагы көптөгөн адамдарга Исаны Машаяк катары кабыл алганга тоскоолдук кылган 4 нерсени талдап чыктык. Ушул эле нерселер бүгүн да айрымдарга Исанын жолун жолдогонго тоскоолдук кылышы ыктымал. Бирок мындан башка да нерселер бар. Алардын төртөөнө кийинки макалада токтолобуз. Эмесе, эч нерсеге мүдүрүлбөйлү жана ишенимибизди бек сактайлы!

56-ЫР: Чындык жолунда бекем бол

^ 5-абз. Иса жер жүзүндөгү бир да адам тең келе алгыс улуу Устат болсо да, көптөр мүдүрүлүп, аны четке кагып, ишенбей коюшкан. Ушул макалада мунун төрт себебин карап чыгабыз. Ошондой эле бүгүнкү күндө көптөрдүн Исанын чыныгы жолдоочуларына эмне үчүн кулак салбай турганынын себебин билебиз. Андан да маанилүүсү, Иса көрсөткөн жолдон чыкпаш үчүн эмне үчүн ишенимибиз күчтүү болушу керектигин билебиз. Ушул жана кийинки макала Жахабанын Күбөлөрү менен аралашып жүргөн, бирок Жахабанын Күбөсү болгонго бир нерсе тоскоолдук кылып жаткандарга өзгөчө пайдалуу болот.

^ 3-абз. Ушул жана кийинки макалада кимдир бирөөнүн мүдүрүлүшү Исанын жолун жолдогонго кайсы бир нерсенин тоскоол болушуна жол берип койгонун билдирет.

^ 61-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Филиптин Натанаелге Иса жөнүндө айтып жатканы.

^ 63-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Исанын жакшы кабар айтып жүргөнү.

^ 65-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Каршылаштарынын көзүнчө колу сенек кишини айыктырып жатканы.

^ 67-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Тоого жалгыз кетип калганы.