«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Июнь, 2016

Бул санда 2016-жылдын 1-августунан 28-августуна чейинки изилдөө макалалары камтылат.

Жахаба сага кам көрөт

Жахабанын сага кам көрөрүнө эмне үчүн шектенбесең болот? Буга кандай далилдер бар экенин окуп көр.

Жахабанын бизди калыптап жатканына ыраазы бололу

Кудай калыптагысы келген адамдарды кантип тандайт? Аларды эмне үчүн жана кантип калыптайт?

Улуу Карапачынын калыпташына канчалык моюн сунуп жатасың?

Кудайдын колунда жумшак чопо болууга кайсы сапаттар жардам берет?

Окурмандардын суроолору

Жезекиел пайгамбар көргөн аяндагы катчынын сыя кутусу бар киши жана колунда кыйратуучу куралы бар алты киши кимдерди билдирет?

«Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба»

Жахабанын жалгыз Кудай экени эмнени билдирет? Канткенде «жалгыз» деген сөздүн маанисине ылайык сыйынган болобуз?

Башкалардын кемчиликтери Жахаба менен болгон мамилеңе таасир этпесин

Байыркы убакта Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын сөзү же иши менен башкалардын көңүлүн ооруткан учурлары болгон. Алардан эмнеге үйрөнсөк болот?

Алмаздан алда канча баалуу сапат

Чынчыл болуу — баа жеткис байлык.

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Эмнелер эсиңде калганын текшерип көр.