Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкалардын кемчиликтери Жахаба менен болгон мамилеңе таасир этпесин

Башкалардын кемчиликтери Жахаба менен болгон мамилеңе таасир этпесин

«Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (КОЛ. 3:13).

ЫРЛАР: 121, 75

1, 2. Ыйык Китепте Жахабанын элинин өркүндөп-өсөрүнө байланыштуу кандай пайгамбарлык камтылган?

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨ Жахабаны жакшы көргөн, ага ишенимдүү кызмат кылган адамдардан турган өзгөчө бир уюм бар. Ал — Жахабанын Күбөлөрүнүн уюму. Жеткилеңсиз болгондуктан алар деле кемчилик-каталарды кетиришет. Ошентсе да алар ыйык рухтун жардамы менен дүйнө жүзү боюнча саны жагынан да, сапаты жагынан да өркүндөп-өсүүдө. Кел анда, Жахабанын өзүнүн жеткилеңсиз, бирок анын эркин аткарууга дилгир кызматчыларын колдонуп, кандай сонун иштерди кылып жатканын карап көрөлү.

2 1914-жылы бул дүйнөнүн акыркы күндөрү башталганда, жер бетинде Жахабанын Күбөлөрү саналуу эле болчу. Ошондой болсо да Жахаба алар жүргүзгөн кабар айтуу ишине батасын берген. Андан кийинки ондогон жылдар аралыгында миллиондогондор Ыйык Китепти изилдеп, чындык жолуна түшүшкөн. Жахаба ушундай укмуштуудай өсүш болорун тээ илгери эле алдын ала айткан. Ал: «Аздан миң, кичинеден күчтүү эл чыгат. Мен, Жахаба, муну өз убагында тездетем»,— деген (Ыш. 60:22). Бүгүн биз бул пайгамбарлыктын аткарылып жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Ырас, учурда Кудайдын элинин саны жер жүзүндөгү көптөгөн улуттардын санынан ашып түшөт.

3. Кудайдын эли кандайча сүйүү көрсөткөн?

3 Ушул акыркы күндөрдө Жахаба өзүнүн элине анын эң негизги сапаты болгон сүйүүнү мурдагыдан да көбүрөөк өрчүтүүгө жардам берип келет (1 Жкн. 4:8). Кудайдын сүйүүсүн чагылдырган Иса Машаяк жолдоочуларына: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө... Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жкн. 13:34, 35). Алардын бири-бирине сүйүү көрсөткөнү, өзгөчө, бүт дүйнө жүзүн кучагына алган кандуу согуштар тутанган убактарда абдан маанилүү болгон. Алсак, Экинчи дүйнөлүк согушта эле 55 миллиондой киши каза тапкан. Бирок Жахабанын Күбөлөрү ошол кызыл кыргынга катышуудан баш тартышкан. (Оку: Микей 4:1, 3.) Ошондуктан «эч кимдин канына забын» болушкан эмес (Элч. 20:26).

4. Жахабанын элинин өсүп жатканы эмне үчүн таң калтырат?

4 «Бул дүйнөнүн кудайы» Шайтан болсо да жана ырайымсыздык барган сайын күч алып жатса да, Жахабанын эли көбөйгөндөн көбөйүүдө (2 Кор. 4:4). Саясат жана жалпыга маалымдоо каражаттары Шайтандын бийлиги астында. Анткен менен ал жакшы кабарды таратуу ишине бөгөт коё албайт. Бирок убактысынын абдан аз калганын билгендиктен бизди чындык жолунан тайдырыш үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонот (Аян 12:12).

БЕРИЛГЕНДИКТИН СЫНАЛЫШЫ

5. Эмне үчүн башкалар көңүлүбүздү оорутуп алышы мүмкүн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

5 Жолугушууларда Жахабаны жана ишенимдештерибизди жакшы көрүшүбүз керектиги улам-улам баса белгиленип турат. Мунун маанилүүлүгүн Иса пайгамбар да айткан. Эң негизги осуят кайсы экенин сураган кишиге ал: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“. Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят. Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деп жооп берген (Мт. 22:35—39). Бирок, Ыйык Китептен билгенибиздей, Адам атанын күнөө кетиргенинин айынан баарыбызга жеткилеңсиздик тукум кууп өткөн. (Оку: Римдиктер 5:12, 19.) Ошондуктан кээде ишенимдештерибиз сөзү же иши менен көңүлүбүздү оорутушу мүмкүн. Андайда Жахабага жана бир туугандарыбызга болгон берилгендигибиз сыналат. Ошондой учурларда эмне кылабыз? Кызыктуусу, Кудайдын байыркы учурдагы кызматчылары да башкаларга кедерги боло турган иштерди кылышкан. Ал окуялардан эмнелерге үйрөнсөк болот?

Эгер сен Ысрайылда жашасаң, Эйлинин өзүнүн уулдарынын күнөөлөрүнө көз жумуп жатканына кандай карайт элең? (6-абзацты кара)

6. Эйли кандайча уулдарын жакшы тарбиялаган эмес?

6 Мисалы, башкы дин кызматчы Эйлинин эки уулу Жахабанын мыйзамына карманышкан эмес. Алар тууралуу Ыйык Китептен: «Эйлинин уулдары начар адамдар эле. Алар Жахабадан коркушчу эмес»,— дегенди окуйбуз (1 Шем. 2:12). Эйли чыныгы сыйынуунун борборунда жооптуу кызматты аткарса да, балдары аябай олуттуу күнөөлөрдү кылышкан. Муну жакшы билген Эйли аларды оңдоп, түз жолго салышы керек болчу, бирок ал туура эмес иштерине көз жумуп койгон. Ошондуктан Кудай Эйлинин бүт тукуму анын каарына каларын айткан (1 Шем. 3:10—14). Алсак, анын урпактары башкы дин кызматчы болуу сыймыгынан биротоло айрылып калышмак. Эгер сен ошол убакта жашасаң, Эйлинин өзүнүн уулдарынын күнөөлөрүнө көз жумуп жатканына кандай карайт элең? Ошондон улам мүдүрүлүп, Кудайга кызмат кылбай калат белең?

7. Дөөтү падышанын күнөөсү канчалык олуттуу болгон жана Кудай эмне кылган?

7 Жахаба Дөөтү падышаны абдан жакшы көргөн, ошондуктан аны «жүрөгүмө жаккан адам» деп атаган (1 Шем. 13:13, 14; Элч. 13:22). Бирок кийинчерээк Дөөтү падыша Батшеба менен ойноштук кылган жана Батшебанын боюна бүтүп калган. Ошол кезде анын күйөөсү Урий согуш майданында жүргөн болчу. Урий үйүнө убактылуу келгенде, Дөөтү Батшебанын боюндагы бала күйөөсүнөн бүткөндөй кылып көрсөтүш үчүн аны үйүнө жиберген. Бирок Урий үйүнө барбай койгон, ошондуктан Дөөтү аны согуш кызуу жүрүп жаткан жерге жиберип, өлтүрткөн. Дөөтү падышанын күнөөсүнүн айынан өзү да, үй-бүлөсү да азап тарткан (2 Шем. 12:9—12). Ошентсе да Кудай «таза жүрөк менен жүргөн» кызматчысына ырайым кылган (1 Пад. 9:4). Эгер ошол убакта Кудайдын элинин арасында жашасаң, ага кандай карайт элең? Дөөтү падышанын кылгандары сени чындык жолунан тайдырат беле?

8. а) Кандайча элчи Петир берген сөзүнө турган эмес? б) Эмне үчүн Жахаба элчи Петирди өзүнүн эркин аткаруу үчүн андан ары да колдоно берген?

8 Эми элчи Петирдин мисалын карап көрөлү. Иса Машаяк аны элчилеринин бири катары тандап алган. Ошондой болсо да анын ойлонбой сүйлөп же туура эмес иш кылып алган учурлары болгон. Айталы, Устаты абдан оор жагдайга туш болгондо, элчилери аны таштап кеткен. Андан мурунураак Петир ага баары баш тартып кетсе да, өзү баш тартпай турганын айткан болчу (Мр. 14:27—31, 50). Бирок душмандар Устатын кармаганы келгенде, бардык элчилери, анын ичинде Петир да аны таштап, качып кеткен. Петир атүгүл аны тааныбай турганын айтып, бир нече жолу танган (Мр. 14:53, 54, 66—72). Анткен менен ал чын жүрөктөн өкүнгөндүктөн, Жахаба аны андан ары да өзүнүн эркин аткаруу үчүн колдоно берген. Эгер сен да шакирттердин бири болсоң, Петирдин катасынан улам мүдүрүлүп, Жахабага болгон берилгендигиңен жазат белең?

9. Кудайдын дайыма адилеттүүлүк менен иш кыларына эмне үчүн ишенесиң?

9 Жогоруда башкалардын көңүлүн ооруткан бир нече эле кишинин мисалын карап чыктык. Жахабага кызмат кылып жатып туура эмес иш кылгандар жана башкалардын жүрөгүн ооруткандар өткөн кылымдарда да болгон, бүгүнкү күндө да бар. Кимдир бирөө ката кетиргенде, эмне кыласың? Жахабаны, анын уюмун жана жыйналышыңдагы бир туугандарыңды таштап кетип каласыңбы? Же Жахабанын күнөө кылган кишиге өкүнүүгө убакыт берип жатышы мүмкүн экенин түшүнүп, аны өз учурунда оңдоп-түзөөрүнө жана баарын адилеттүүлүк менен чечерине бекем ишенесиңби? Кээде олуттуу күнөө кылгандар Жахабанын ырайымын баркка албай, жардамын четке кагышат. Андай учурларда туура эмес иш кылгандарды Жахабанын адилеттүүлүк менен жазалай турганына, зарыл болсо, жыйналыштан чыгарарына толук ишенесиңби?

БЕРИЛГЕНДИГИҢДЕН ЖАЗБА

10. Иса Машаяк Жүйүттүн жана Петирдин туура эмес иш кылганына байланыштуу эмнени жакшы түшүнгөн?

10 Ыйык Китепте башкалардын олуттуу каталарына карабай Жахабага жана анын элине берилген бойдон калган кызматчылар жөнүндө да көптөгөн билдирүүлөр бар. Алсак, Иса Машаяк 12 элчисин тандаарда асмандагы Атасынан түнү бою тиленип чыккан. Жүйүт Искариот алардын бири болчу. Кийинчерээк Жүйүт аны сатып кеткенде, Исанын Атасы менен болгон мамилеси солгундап калган эмес. Петирдин баш тартып кеткени да аны Жахабага болгон берилгендигинен тайдырган эмес (Лк. 6:12—16; 22:2—6, 31, 32). Иса пайгамбар андай иштерге Жахаба да, анын эли да күнөөлүү эмес экенин жакшы билген. Айрым шакирттеринин айынан көңүл кайтыкка учураса да, ал Кудай тапшырган ишти аткара берген. Ошондуктан Жахаба аны тирилткен жана асман Падышалыгынын Падышасы болушуна жол ачып, зор сыйлык ыйгарган (Мт. 28:7, 18—20).

11. Ыйык Китепте бүгүнкү күндөгү Жахабанын кызматчылары жөнүндө алдын ала эмне деп айтылган?

11 Исанын үлгүсү Жахабага жана анын элине берилгендик сактоого түрткү берет. Берилгендик сакташыбызга көп себептер бар. Жахабанын азыркы оор күндөрдө эли аркылуу эмнелерди ишке ашырып жатканы жөнүндө ойлонгонубузда таң калбай койбойбуз. Кабар айтуу ишин дүйнө жүзү боюнча ушундай деңгээлде бир да эл аткара албайт. Анткени аларда Жахабанын жетекчилиги жок. Ал эми бизди Жахаба жетектеп жатат. Арасында биримдик өкүм сүргөн Кудайдын эли тууралуу Ышая 65:14тө: «Менин кызматчыларым жүрөгүндөгү кубанычтан улам шаттанышат»,— деп айтылган.

12. Башкалардын кемчилик-каталарына кандай көз карашта болушубуз керек?

12 Жахабанын жетекчилиги менен көп жакшы иштерди кылып жаткандыктан биз аябай бактылуубуз. Ал эми Шайтандын бийлиги астында жаткан дүйнөдөгү абал улам барган сайын оорлоп бараткандыктан, көптөр кыйналып жатышат. Ошо себептен бир нече эле ишенимдешибиздин кемчиликтеринен улам Жахабага же анын жыйналышына таарынганыбыз акылдуулукка жатпай калмак. Анын ордуна, Жахабага берилгендик сактаганга, жетекчилигине баш ийгенге жана башкалардын кемчилик-каталарына туура көз карашта болууга үйрөнгөнүбүз маанилүү.

БАШКАЛАРДЫН КЕМЧИЛИКТЕРИНЕ КАНДАЙ КАРАШЫҢ КЕРЕК?

13, 14. а) Эмне үчүн көтөрүмдүү болушубуз керек? б) Кайсы убаданы жүрөгүбүзгө түйүп алышыбыз кажет?

13 Ишенимдешибиз сүйлөгөн сөзү же кылган иши менен жүрөгүбүздү оорутканда, эмне кылганыбыз туура болот? Ыйык Китепте: «Таарынууга шашпа, анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт»,— деген жакшы принцип камтылган (Нас. 7:9). 6000 жылдай мурун Эйденде болгон окуядан кийин баарыбыз жеткилеңдиктен айрылып калганыбызды унутпашыбыз керек. Ал эми жеткилеңсиз адамдар ката кетирүүгө жакын келет. Андыктан ишенимдештерибизден өтө көптү талап кылганыбыз жана алардын кемчиликтеринен улам ушул акыркы күндөрдө Кудайдын элине кошулганыбыздын аркасында ээ болуп жаткан кубанычыбызды жоготконубуз туура эмес болуп калар эле. Баарынан да, башкалардын туура эмес иштеринин айынан Жахабанын уюмунан кетип калганыбыз чоң жаңылыштык болуп калат. Эгер ошентсек, Кудайдын эркин аткаруу сыймыгынан эле эмес, жаңы дүйнөдө жашоого болгон үмүтүбүздөн да айрылып калабыз.

14 Кубанычыбызды жоготпой, үмүтүбүздү бекем сакташ үчүн Жахабанын: «Мен жаңы асман менен жаңы жерди жаратып жатам. Мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт»,— деген жубатарлык убадасын жүрөгүбүзгө түйүп алышыбыз керек (Ыш. 65:17; 2 Пет. 3:13). Башкалардын ката-кемчиликтеринин сага кедерги болуп, ушул баталардан айрылтышына эч качан жол бербе.

15. Башкаларды кечирүүгө байланыштуу Иса Машаяк эмне деген?

15 Биз азырынча Шайтандын дүйнөсүндө жашап жаткандыктан, башкалар сөзү же кылган иши менен көңүлүбүздү оорутушу толук ыктымал. Андыктан Кудайдын андай кыйынчылыктарды чечүүгө жардам берген кеп-кеңештерин карап чыкканбыз маанилүү. Алардын бири тууралуу Иса: «Эгерде башкалардын катасын кечирсеңер, асмандагы Атаңар да силерди кечирет. Эгер алардын катасын кечирбесеңер, Атаңар да силердин катаңарды кечирбейт»,— деп айткан. Бир жолу Петир Исадан: «Мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?» — деп сураганда, ал: «Сага айтып коёюн, жети жолу эмес, жетимиш жети жолу»,— деп жооп бергенин эстесең. Ооба, Иса кечирүүгө дайым даяр болушубуз жана биринчи кезекте ушуга умтулушубуз керектигин баса белгилеген (Мт. 6:14, 15; 18:21, 22).

16. Жусуп кандай жакшы үлгү калтырган?

16 Жакып менен Рахилдин тун уулу Жусуп бизге башкалардын катасын кечирүү жагынан жакшы үлгү калтырган. Жусуп атасынын жакшы көргөн уулу болгондуктан, он агасынын ага ичи күйө берчү. Ошондуктан аны кулчулукка сатып жиберишкен. Бирок Жусуп Мисирде жүргөндө көп жакшы иштерди кылганынын аркасында фараондон кийинки эле башкаруучу болуп дайындалган. Кийин катуу ачарчылык болгондо, Жусуптун агалары тамак сатып алыш үчүн Мисирге барышкан, бирок аны таанышкан эмес. Жусуп колундагы бийлигинен пайдаланып, алардан өч ала алмак. Бирок ал анткен эмес, анын ордуна, агаларынын өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн билиш үчүн сынап көрүүнү чечкен. Анан чындап өзгөргөнүнө көзү жеткенден кийин өзүнүн ким экенин айткан. Ал эми кийинчерээк аларга: «Коркпогула. Мен силерди да, бала-бакыраңарды да тамак-аш менен камсыз кылып турам»,— деген. Андан ары Ыйык Китепте: «Ушуларды айтып, Жусуп аларды сооротуп, тынчтандырды»,— деп жазылган (Башт. 50:21).

17. Башкалар көңүлүңдү оорутканда эмне кылууну каалайсың?

17 Өзүбүздүн да жаңылып-жазарыбызды жана башкаларды таарынтып аларыбызды эстен чыгарбаганыбыз акылдуулукка жатат. Эгер бирөөнүн жүрөгүн оорутуп алсак, Ыйык Китептеги кеңешке ылайык иш кылып, андан кечирим сурашыбыз зарыл. (Оку: Матай 5:23, 24.) Башкалар катабызды кечиргенде, аларга аябай ыраазы болобуз. Анда биз да алардын каталарын кечиришибиз керек эмеспи? Колосалыктар 3:13тө: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле. Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп жазылган. Ошондой эле 1 Корунттуктар 13:5те сүйүү «таарынычын эсептей бербей» турганы айтылган. Эгер башкаларды кечирсек, Жахаба да бизди кечирет. Ырас, башкалар көңүлүбүздү оорутканда, Жахабанын бизге кандай мамиле кылышын кааласак, биз да аларга ошондой мамиле кылууну каалайбыз. (Оку: Забур 103:12—14.)