Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын бизди калыптап жатканына ыраазы бололу

Жахабанын бизди калыптап жатканына ыраазы бололу

«Оо, Жахаба, сен биздин... Карапачыбызсың. Баарыбыз сенин колуңан бүткөнбүз» (ЫШ. 64:8).

ЫРЛАР: 89, 26

1. Эмне үчүн Жахабаны Улуу Карапачы десек болот?

КЕРАМИКАДАН жасалган жана 18-кылымга таандык болгон кытай вазасы 2010-жылы ноябрда Лондондо 70 миллиондой долларга бааланган. Ырас, карапачы анча деле бааланбаган, көп эле жерде кездешчү чопону көз жоосун алган баалуу буюмга айлантып коё алат. Бирок бир да карапачы Жахабага тең келе албайт. Ал алтынчы жаратуу күнү «топурактан [чоподон]» Өзүнүн сапаттарын чагылдыра ала турган жеткилең адамды жараткан (Башт. 2:7). Топурактан жаралган адамдын «Кудайдын уулу» деп аталганы абдан жөндүү болгон (Лк. 3:38).

2, 3. Канткенде күнөөсү үчүн өкүнгөн ысрайылдыктардан үлгү алган болобуз?

2 Өкүнүчтүүсү, Адам ата Жаратканга каршы чыгып, анын уулу болбой калган. Анткен менен анын урпактарынын арасынан Жахабанын эгедерлигин жактаган «көп күбөлөр» чыккан (Евр. 12:1). Алар Кудайга момундук менен баш ийип, Шайтанга каршы турарын, ал эми Кудайды Атасы жана Карапачысы катары кабыл аларын көрсөтүшкөн (Жкн. 8:44). Алардын берилгендиги күнөөсү үчүн өкүнгөн ысрайылдыктардын: «Оо, Жахаба, сен биздин Атабызсың. Биз чопобуз, сен болсо Карапачыбызсың. Баарыбыз сенин колуңан бүткөнбүз»,— деген сөздөрүн эсибизге салат (Ыш. 64:8).

3 Бүгүнкү күндө Кудайга ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынгандар да момун, тил алчаак болууга аракет кылып жатышат. Алар Жахабага «Ата» деп кайрылууну, аны Улуу Карапачы катары көрүп, ага баш ийүүнү сыймык деп эсептешет. Сен да Кудайдын колунда жумшак чопо болуп, сенден баалуу идиш жасашы үчүн, ага моюн сунуп жатасыңбы? Ишенимдештериңдин ар бирин Кудай калыптап жаткан идиш катары көрөсүңбү? Бул жагынан төмөнкү суроолорду карап чыгуу бизге чоң жардам берет: Жахаба калыптагысы келген адамдарды кантип тандайт? Аларды эмне үчүн жана кантип калыптайт?

ЖАХАБА КАЛЫПТАГЫСЫ КЕЛГЕН АДАМДАРДЫ КАНТИП ТАНДАЙТ?

4. Жахаба өзүнө жакындаткысы келгендерди кантип тандайт? Мисал келтир.

4 Жахаба адамдарга байкоо салганда алардын сырткы көрүнүшүнө эмес, жүрөгүнө, ички дүйнөсүнө көңүл бурат. (Оку: 1 Шемуел 16:7б.) Бул, Исанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделгенде, айкын көрүнгөн. Кудай адамдык көз караш менен караганда татыксыздай көрүнгөн адамдарды өзүнө жана Уулуна жакындаткан (Жкн. 6:44). Алардын бири «мурун акарат кылуучу, куугунтуктоочу жана уятсыз киши» катары таанылган Шабыл деген фарисей болгон (1 Тим. 1:13). Бирок жүрөктөрдү изилдеген Жахаба аны жараксыз чопо деп эсептеген эмес (Накыл 17:3). Ал андан жакшы кабарды «башка элдерге, падышаларга жана Ысрайыл уулдарына жарыялоодо» колдонула турган сонун идиш жасаса болорун көрө билген (Элч. 9:15). Кудай «сыйга урунула турган» идиш катары тандап алгандардын арасында мурун аракеч, ууру болгон же адеп-ахлаксыз иштерди кылган кишилер да бар эле (Рим. 9:21; 1 Кор. 6:9—11). Алар Кудай жөнүндө так билим алып, ишеними бекемделген сайын, анын калыптаганына ылайык өзгөрүлө беришкен.

5, 6. Жахабаны Карапачыбыз катары көргөнүбүз а) аймактагы адамдарга, б) ишенимдештерибизге болгон көз карашыбызга кандай таасир этиши керек?

5 Жогоруда айтылгандардан эмнеге үйрөнө алабыз? Жахабанын жүрөктөрдү изилдеп, тандап алган адамдарды өзүнө жакындата аларын билүү аймагыбыздагыларды да, ишенимдештерибизди да сындагандан качууга түрткү бериши керек. Майклдын окуясына токтололу. «Жахабанын Күбөлөрү үйүмө кабар айтып келгенде, эшикти тарс жаап алчумун,— дейт ал.— Кээде кагып салчумун. Кийинчерээк бир үй-бүлө менен таанышып калдым. Алардын үлгүлүү жүрүм-турумуна суктана берчүмүн. Бир күнү ал үй-бүлөнүн Жахабанын Күбөлөрү экенин билип, дал болуп калдым. Ошондо эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө терс ойдо болуп жүргөнүмдү текшерип көрөйүн дедим. Көрсө, аларды жакшы билбегенимдин, ар кандай ушак-айыңдын айынан ошондой көз карашта болуп жүргөн экенмин». Ошентип, Майкл Ыйык Китепти изилдеп көрүүнү чечкен. Убакыттын өтүшү менен чөмүлүп, толук убакыт кызмат кыла баштаган.

6 Жахабаны Карапачыбыз катары көрүү ишенимдештерибизге болгон көз карашыбызга да таасир этет. Ага окшоп, бир туугандарга жасалып бүткөн идиштей эмес, дагы деле жасалып жаткан идиштей карайсыңбы? Жахаба адамдын ички дүйнөсүн жана калыптангандан кийин кандай адам болуп чыга келерин билет. Ошондуктан кийин такыр жок боло турган кемчилик-каталарына эмес, жакшы жактарына гана көңүл топтойт (Заб. 130:3). Ишенимдештерибизге карата оң маанайда болуу менен андан үлгү алабыз. Алар рухий жактан ийгилик кылып жатканда, колдоо көрсөтсөк, Карапачыбыз менен кызматташкан болобуз (1 Тес. 5:14, 15). Бул жагынан «адам түрүндөгү белектер», аксакалдар, демилгени колго алышы керек (Эф. 4:8, 11—13).

ЭМНЕ ҮЧҮН КАЛЫПТАЙТ?

7. Жахабанын акыл-насаатын эмне үчүн баалайсың?

7 Балким, кимдир бирөөнүн: «Өзүм балалуу болгонго чейин ата-энемдин акыл-насаатын, тарбиясын баалачу деле эмесмин»,— дегенин угуп калгандырсың. Башыбыздан көп нерсе өткөн сайын, акыл-насаатты көбүрөөк баалап, ага Жахаба карагандай кароого, башкача айтканда, анын бизге көрсөткөн сүйүүсү катары кабыл алууга үйрөнө беребиз. (Оку: Еврейлер 12:5, 6, 11.) Жахаба бизди балдарындай жакшы көргөндүктөн чыдамдуулук менен калыптайт. Ал акылдуу, бактылуу болушубузду, аны жакшы көрүшүбүздү каалайт (Накыл 23:15). Ал туура эмес иш кылып, анын кесепетин тартышыбызды жана «каардын балдарынан» болушубузду — күнөөсү үчүн өкүнбөгөн адамдардай болуп өлүп калышыбызды — такыр каалабайт (Эф. 2:2, 3, шилт.).

8, 9. Жахаба бизди бүгүнкү күндө кантип окутуп-үйрөтүүдө жана ал берген билим келечекте канчалык кулач жаят?

8 Бир кезде биз «каардын балдары» болгондуктан Кудайга жакпаган сапаттарды чагылдырчубуз. Бирок Жахабанын калыптаганынын аркасында жырткыч сымал адамдардан кой мүнөздүү адамдарга айландык (Ыш. 11:6—8; Кол. 3:9, 10). Андыктан Жахаба бизди калыптап жаткан чөйрөнү улам көркүнө чыгып бараткан рухий бейиш деп айтууга болот. Ыймансыз адамдарга толгон дүйнөдө жашап жатсак да, ушундай чөйрөдө эч нерседен коркпой, өзүбүздү коопсуз сезебиз. Мурун сүйүү көрбөй чоңойгондор болсо сүйүүгө бөлөнүүдө (Жкн. 13:35). Андан тышкары, башкаларга сүйүү көрсөтүүгө да үйрөнүп жатабыз. Баарынан маанилүүсү, Жахабаны таанып-билип, анын аталык мээримин сезип келебиз (Жкп. 4:8).

9 Ал эми жаңы заманда рухий бейиштин баталарын толугу менен татабыз. Анткени ал убакта Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында сөздүн түз маанисинде да бейиште жашайбыз. Дүйнө жүзү боюнча бүт баары калыбына келе турган ал заманда Жахаба жер тургундарына азыр оюбузга да келбеген деңгээлде билим берип, калыптай берет (Ыш. 11:9). Ошондой эле анын билимин сиңирип, эркин кынтыксыз аткара алышыбыз үчүн, ал акылыбызды да, денебизди да жеткилең кылат. Андыктан Жахабанын калыптап жатканын бизге болгон сүйүүсү катары кабыл аларыбызды көрсөтүп, ага мындан ары да баш ие берели (Накыл 3:11, 12).

КАНТИП КАЛЫПТАЙТ?

10. Чыдамдуу, колундагы чопону жакшы билген Улуу Карапачыны Иса Машаяк кантип туураган?

10 Ишин мыкты билген карапачыдай болуп, Жахаба да колундагы чопонун түрүн, сапатын жакшы билет жана аны ошого жараша калыптайт. (Оку: Забур 103:10—14.) Ал алсыздыктарыбызды, чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана рухий деңгээлибизди эске алып, ар бирибизге өз-өзүнчө мамиле кылат. Жахабанын өзүнүн жеткилеңсиз кызматчыларына кандай караарын Иса Машаяк жакшы көрсөткөн. Мисалга анын элчилерине жасаган мамилесин алалы. Алар ката кетиргенде, өзгөчө, көрүнүктүү абалга умтулуп, бири-бири менен талашып-тартышканда, ал эмне кылган? Эгер сен элчилердин катуу талашканына күбө болсоң, аларды момун, жумшак адамдар деп эсептейт белең? Иса Машаяк алар жөнүндө терс ойдо болгон эмес. Ал ишенимдүү элчилерине жумшактык, чыдамдуулук менен кеңеш берип, момундук деген эмне экенин үлгүсү менен көрсөтө берген. Анткени ошондо алардын жакшы адамдардан болуп калыптанарын билген (Мр. 9:33—37; 10:37, 41—45; Лк. 22:24—27). Кийинчерээк Иса тирилип, элчилерине ыйык рух түшкөндөн кийин, алар жогорку абалга же атак-даңкка жетүүнү көздөбөй, бүт көңүлүн Мырзасы тапшырган ишти аткарууга топтошкон (Элч. 5:42).

11. Дөөтү жумшак чоподой экенин кантип көрсөткөн жана андан кандай үлгү алсак болот?

11 Жахаба бизди бүгүнкү күндө, негизинен, өзүнүн Сөзү, ыйык руху жана жыйналышы аркылуу калыптайт. Ыйык Китепти максаттуу түрдө окуп, ой жүгүртсөк жана окуп-билгендерибизди иш жүзүндө колдонууга Жахабадан жардам сурасак, анда жазылгандарга ылайык калыптанабыз. Дөөтү пайгамбар: «Төшөгүмдө жатканда сени эстейм, түнкү күзөт маалдарында сен тууралуу ой жүгүртөм»,— деп жазган (Заб. 63:6). Ошондой эле: «Мага кеңеш берген Жахабаны алкайм. Жан дүйнөм мени түнкүсүн да үйрөтүп турат»,— деген (Заб. 16:7). Ооба, Кудай акыл-насаат айтканда, атүгүл катуу кеңеш бергенде да, Дөөтү бүт жүрөгү менен кабыл алгандыктан, түпкүрдөгү ойлору, сезимдери ошого жараша калыптанган (2 Шем. 12:1—13). Ал момун болуу жана тил алуу жагынан бизге кандай сонун үлгү көрсөткөн! Сен да Кудайдын Сөзүнөн окугандарың тууралуу ой жүгүртүп, аларды кан-жаныңа сиңиргенге аракет кыласыңбы? Ал үчүн дагы эмне кылсаң болот? (Заб. 1:2, 3).

12, 13. Жахаба бизди ыйык рух жана жыйналыш аркылуу кантип калыптайт?

12 Биздин калыптанышыбызга ыйык рухтун да катыштыгы бар. Алсак, ал Машаяктыкындай сапаттарды, анын ичинде ыйык рухтун жемишине кирген сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет (Гал. 5:22, 23). Алардын бири — сүйүү. Биз Кудайды жакшы көргөндүктөн анын осуяттары пайда гана алып келерин түшүнөбүз жана ага баш ийип, бизди калыпташын каалайбыз. Мындан сырткары, ыйык рух бизге бул дүйнөнүн терс таасирине каршы туруп, анын калыпташына жол бербегенге күч берет (Эф. 2:2). Жаш кезинде жүйүттөрдүн текебер диний жетекчилеринин көз карашы боюнча калыптанган элчи Пабыл кийинчерээк: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп жазган (Флп. 4:13). Андыктан, ага окшоп, ыйык рух сураганыбызды токтотпойлу. Жахаба момун кызматчысынын жалынычына сөзсүз кулак төшөйт (Заб. 10:17).

Жахаба бизди калыпташ үчүн аксакалдарды колдонот, бирок биз өзүбүз тараптан да иш-аракет кылышыбыз керек (12, 13-абзацтарды кара)

13 Ал жыйналыш жана аксакалдар аркылуу да ар бирибизди өзүнчө калыптайт. Мисалы, аксакалдар рухий жактан алсырап баратканыбызды байкаса, жардам бергенге аракет кылышат. Бирок алар өздөрүнүн акылына таянышпайт (Гал. 6:1). Анын ордуна, момундук менен Кудайга кайрылып, түшүнүк, акылмандык сурашат. Анан тиленгенине жараша Кудайдын Сөзүн жана ага негизделген адабияттарды изилдеп, жагдайыбызга ылайык келе турган кеп-кеңештерди издешет. Ошонун аркасында бизге тийиштүү жардам көрсөтө алышат. Эгер алар сага кийимиңе байланыштуу мээримдүүлүк, жумшактык менен кеңеш беришсе, аны Кудайдын сүйүүсү катары кабыл аласыңбы? Ошентсең, оңой ийге келген чопо экениңди көрсөтөсүң. Жумшак чопо болгонуң өзүңө эле пайда алып келет.

14. Чопону каалагандай калыптоого бийлиги бар болсо да, Жахаба чечим чыгаруу эркиндигибизди сыйлаарын кантип көрсөтөт?

14 Кудайдын бизди кантип калыптаарын түшүнгөнүбүз ишенимдештерибиз менен болгон мамилебизге, аймагыбыздагы адамдарга жана Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга карата болгон көз карашыбызга таасир этет. Карапачы чопону казып алары менен эле бир нерсе жасап кирбейт. Адегенде чопону таш-паштардан тазалап, даярдап алат. Анын сыңарындай, Кудай ийилчээк адамдарды калыптаардан мурун аларды даярдайт. Ал эч кимди өзгөрүүгө мажбурлабайт. Адам жаман адаттарынан арылып, жашоосун өз эрки менен өзгөртүшү үчүн, Кудай ага өзүнүн адил нормаларын ачып берет.

15, 16. Ыйык Китепти изилдегендер Жахабанын аларды калыпташын каалаарын кантип көрсөтүшөт? Мисал келтир.

15 Австралияда жашаган Тиси деген ишенимдешибизди мисалга алалы. Аны менен Ыйык Китепти изилдеген бир тууган мындай дейт: «Тиси Ыйык Китептеги чындыкты оңой эле түшүнчү. Бирок рухий жактан көп деле ийгилик кылбай жүрдү, атүгүл жыйналышка да барчу эмес. Ошондуктан бул тууралуу Жахабага айтып, көп жолу тиленгенден кийин изилдөөнү токтотууну чечтим. Бирок мен күтпөгөн бир нерсе болду. Изилдөө өткөрүүгө акыркы жолу барганымда, ал мага жүрөгүндөгүсүнүн баарын айтып берди. Көрсө, кумар ойноп жүргөндүктөн өзүн эки жүздүү адамдай сезчү экен. Бирок ал жаман адатын таштайын деп чечиптир».

16 Ошондон көп өтпөй эле Тиси жыйналышка калтырбай баргандан тышкары, курбу-курдаштарынын шылдыңына карабай, Кудайга жаккан сапаттарды чагылдыра баштаган. Аны менен изилдеген бир тууган: «Убакыттын өтүшү менен Тиси чөмүлдү. Төрт баласы бар болсо да, кийинчерээк үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылды»,— дейт. Бул окуядан көрүнүп тургандай, адам жаман адаттарын таштап, Кудайга жаккыдай жашай баштаганда гана, ал аны өзүнө жакындатып, баалуу идиши кылып калыптайт.

17. а) Жахабанын сени калыптап жатканы сага эмнеси менен жагат? б) Кийинки макалада кайсы суроолор каралат?

17 Азыркы учурда деле айрым карапачылар чопону өз колу менен ийлеп, кооз идиштерди жасашат. Ошол сыяктуу эле, Улуу Карапачыбыз бизди өз колу менен калыптап жатат. Ан үчүн бизди чыдамдуулук менен окутуп-үйрөтүп, акыл-насаатына кандай жооп кайтарып жатканыбызга кылдат байкоо салып турат. (Оку: Забур 32:8.) Сен Жахабанын сага жекече кам көрүп жатканын сезесиңби? Анын сени мээримдүүлүк менен калыптап жатканын байкайсыңбы? Эгер ошондой болсо, мындан ары да Жахабанын колунда жумшак чопо болуш үчүн дагы кайсы сапаттарды өрчүтүшүң керек? Катуу же оңой менен ийге келбеген чопо болуп калбаш үчүн эмнелерден качышың керек? Балдарын калыптоодо ата-энелер Жахаба менен кантип кызматташа алышат? Кийинки макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.