Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба сага кам көрөт

Жахаба сага кам көрөт

ЖАХАБАНЫН сага кам көрөрүнө эмне үчүн шектенбесең болот? Мунун бир себеби Ыйык Китепте бул тууралуу айкын-так жазылган. Алсак, 1 Петир 5:7де: «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— делет. Кудайдын сенин жыргалчылыгыңды көздөөрүнө кандай далилдер бар?

ЖАШООГО ЗАРЫЛ НЕРСЕЛЕР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛАТ

Бизге үлгү көрсөткөн Жахаба камкор жана берешен

Жахаба Кудай эң мыкты доско мүнөздүү сапаттарга ээ. Бири-бирине жылуу-жумшак мамиле кылып, кам көргөн, бири-биринен эч нерсесин аябаган адамдар, адатта, ынак достордон болуп калышат. Жахаба болсо, өзүбүз көрүп жүргөндөй, адам баласына күн сайын берешендик менен кам көрүп келет. Мисалы, Матай 5:45те: «Ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат»,— деп жазылган. Күндүн нуру менен жамгырдын бизге кандай пайдасы бар? Башкасын айтпаганда да, Жахаба алар аркылуу бизге «тамак-ашты мол берип», жүрөгүбүздү «кубанычка толтуруп келет» (Элч. 14:17). Ооба, ал кам көргөндүктөн, жер мол түшүм берип, дүйүм тамактан даам сызып, ыракат алып жатабыз.

Анда эмне үчүн көптөр ачарчылыктын азабын тартууда? Анткени башкаруучулар элдин жашоосун жакшырткандын ордуна, көбүнчө бийликке, байлыкка умтулушат. Ач көздүктүн айынан болуп жаткан ал көйгөйдү чечүү үчүн Жахаба жакында саясий түзүлүштү толугу менен кыйратат жана азыркы өкмөттөрдүн ордуна Машаяк башкарган Падышалык бийлик жүргүзөт. Ал убакта эч ким ачкачылыктан жапа чекпейт. Ошол заман келгенге чейин, Кудай ишенимдүү кызматчыларын калтырбай, жашоого зарыл нерселер менен камсыз кыла берет (Заб. 37:25). Бул анын бизге кам көрөрүнүн далили эмеспи?

УБАКТЫСЫН АЯБАЙТ

Бизге үлгү көрсөткөн Жахаба убактысын аябайт

Жакшы дос сенден убактысын аябайт. Ал сени менен чер жазыша сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Ошондой эле көйгөйлөрүңдү, жүрөгүңдү өйүгөн нерселериңди айтып берип жатканда, бүт дити менен угат. Ал эми Жахаба тууралуу эмне айтууга болот? Ал биздин тиленүүлөрүбүздү кунт коюп угат. Ошондуктан Ыйык Китепте үзгүлтүксүз тиленүүгө чакырылабыз (Рим. 12:12; 1 Тес. 5:17).

Жахаба тиленүүңдү угууга канча убакыт бөлөт? Бул суроого Ыйык Китептеги бир окуядан жооп таба алабыз. Элчилерин тандаардын алдында Иса Машаяк «Кудайдан түнү бою тиленип чыккан» (Лк. 6:12). Сыягы, ошондо ал көп шакирттерин атынан атап, Атасына алардын жакшы жактары менен алсыздыктары жөнүндө майда-баратына чейин айтып, андан туура чечим чыгарууга жардам сураса керек. Таң атканда, ал элчилик кызматты аткарууга жарактуу шакирттерди тандаганына ынанып, көңүлү жай ала түшкөн. Бул окуядан көрүнүп тургандай, «тиленүүлөрдү Угуучу» Жахаба чын жүрөктөн чыккан тиленүүлөрүбүздүн баарын угууга даяр (Заб. 65:2). Жан дүйнөбүзгө бүлүк салган нерселерди айтып, бир канча саат бою тиленсек да, ал убакытты эсептебей, кунт коюп уга берет.

АЙКӨЛДҮК МЕНЕН КЕЧИРЕТ

Бизге үлгү көрсөткөн Жахаба айкөлдүк менен кечирет

Атүгүл жан кыйышпас досторго да кээде бири-бирин кечирүү кыйынга турат. Өкүнүчтүүсү, ушунун айынан кээ бирлер көп жылдардан бери ынак болуп келаткан досу менен болгон мамилесин үзүп коюшат. Жахаба алардан кандай гана айырмаланат! Ал «айкөлдүк менен кечиргендиктен», Ыйык Китепте жүрөгү таза адамдардын баары андан кечирим суроого чакырылат (Ыш. 55:6, 7). Жахаба күнөөлөрүбүздү эмне үчүн айкөлдүк менен кечирет?

Себеби ал бизди абдан жакшы көрөт. Сүйүүсү ушунчалык күчтүү болгондуктан, Кудай адамзатты күнөөдөн жана анын кесепеттеринен толугу менен арылтуу үчүн өзүнүн Уулун — Иса Машаякты — кун катары берген (Жкн. 3:16). Андан тышкары, Кудай ошол кундун негизинде өзү жакшы көргөн адамдардын күнөөсүн кечирип келет. Элчи Жакан: «Күнөөлөрүбүздү мойнубузга алсак, Кудай ишенимдүү, адил болгондуктан, күнөөлөрүбүздү кечирип, бизди жаман нерсенин баарынан тазалайт»,— деп жазган (1 Жкн. 1:9). Жахабанын кечиримдүүлүгүнүн аркасында адамдар аны менен дос боло алат. Бул жүрөгүбүздү козгобой койбойт.

МУКТАЖ БОЛГОНУҢДА, ЖАРДАМ БЕРЕТ

Бизге үлгү көрсөткөн Жахаба муктаж болгонубузда, жардам берет

Чыныгы дос кыйынчылык учурунда дайыма жардамга келет. Жахаба жөнүндө да так ушуну айта алабыз. Ыйык Жазмада: «[Кудайдын кызматчысы] жыгылып баратса да, кулабайт, анткени Жахаба аны колунан кармап турат»,— делет (Заб. 37:24). Жахаба кызматчыларына ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтөт. Буга байланыштуу Кариб деңизинде жайгашкан Сент-Крой аралында болгон бир окуяга токтололу.

Мектепте окуган бир жаш ишенимдешибизди желекке таазим кылбаганы үчүн классташтары кысымга алышкан. Жахабадан жардам сурап тиленгенден кийин ал кыйынчылыкка тике карап, классындагыларга желекке таазим кылуу жөнүндө айтып берүүнү чечкен. Ал «Ыйык китептик аңгемелер» деген китепти колдонуп, аларга Шадрах, Мешах жана Абетнего жөнүндөгү билдирүү чечимине кандай таасир эткенин түшүндүрүп берген. Анан: «Бул үч еврей жигит бурканга табынбагандыктан, Жахаба аларды коргогон»,— деп айткан. Андан соң классташтарына китепти сунуштаганда, алардын он бири аны алгысы келерин айткан. Талаш жарата турган ошондой тема жөнүндө кабар айтууга Жахабанын күч жана акылмандык бергенине ишенимдешибиз абдан кубанган.

Эгер Жахабанын сага кам көрөрүнө шектенсең, Забур 34:17—19-аяттар, Забур 55:22 жана 145:18, 19 сыяктуу аяттар жөнүндө ой жүгүрт. Ошондой эле көп жылдан бери чындык жолунда жүргөн ишенимдештериңден Жахабанын аларга кантип колдоо көрсөтүп келгени жөнүндө сурап көр. Кудайдын жардамына муктаж болгондо, ага көйгөйүң тууралуу баарын айтып тилен. Ошондо анын сага чындап эле кам көрүп жатканына ынанасың.