Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Катчынын сыя кутусу бар киши бүгүнкү күндө Иса Машаякты билдирет. Ал аман кала тургандарга белги коёт

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Жезекиел пайгамбар көргөн аяндагы катчынын сыя кутусу бар киши жана колунда кыйратуучу куралы бар алты киши кимдерди билдирет?

Алар Иерусалимдин кыйратылышына катышкан жана Армагедондо Шайтандын ыймансыз дүйнөсүн жок кылууга катыша турган асмандагы рухий жаратууларды билдирет. Ыйык Китептеги бул үзүндүнү жаңыча түшүндүрүү эмне үчүн зарыл болду?

Жахаба Жезекиел пайгамбарга аян аркылуу Иерусалим б.з.ч. 607-жылы кыйратылар алдында эмнелер болорун көрсөткөн. Аянда пайгамбар ал жерде жасалып жаткан ыпылас иштерди, ошондой эле колунда кыйратуучу куралы бар алты кишини жана «белине катчынын сыя кутусун кыстарган зыгыр кийимчен кишини» көргөн (Жез. 8:6—12; 9:2, 3). Жахаба зыгыр кийимчен кишиге: «Иерусалим шаарын аралап, андагы бардык жийиркеничтүү иштерден улам үшкүрүнүп, онтоп жаткан кишилердин маңдайына белги коюп чык»,— деген. Андан соң кыйратуучу куралы бар кишилерге маңдайында белгиси жоктордун баарын өлтүрүү буйрук кылынган (Жез. 9:4—7). Бул аянда бизге тиешелүү кандай ойлор камтылган? Катчынын сыя кутусу бар киши кимди билдирет?

Бул пайгамбарлык б.з.ч. 612-жылы айтылган. Анын биринчи аткарылышы Иерусалимдин ошондон беш жыл өткөндөн кийин талкаланганына тиешелүү болгон. Иерусалимди жалган кудайларга сыйынган бабылдыктар талкалашкан. Бирок, чынында, Жахаба аларды өзүнүн өкүмүн ишке ашыруу үчүн куралы катары колдонгон (Жер. 25:9, 15—18). Ошентип, андан четтеп кеткен элин жазалаган. Бирок Жахаба баарын ылгабай эле жазалай берген эмес. Ырайымдуу болгондуктан ал адил адамдарды ыймансыздар менен кошо жок кылып салбастан, жийиркеничтүү иштерден улам үшкүрүнгөндөрдүн өмүрүн сактап калган.

Адил адамдарга белги коюуга жана өкүмдү ишке ашырууга Жезекиел пайгамбар эмес, периштелер катышмак. Бул аян асманда кандай окуялар болгонун билүүгө жардам берет. Жахаба периштелерине ыймансыздарды жок кылууну буйругандан тышкары, адил адамдарды аман алып калууну да буйруган *.

Буга чейин пайгамбарлыктагы сыя кутусу бар зыгыр кийимчен киши бүгүнкү күндө Исанын майланган жолдоочуларынын жердеги калдыгын билдирет деп түшүндүрүлүп келген. Ал эми адамдардын биз айтып жаткан жакшы кабарга кулак какканы маңдайына белги коюларын билдирет деп эсептелип келген. Бирок акыркы жылдары бул түшүнүктү кайра карап чыгуу зарыл экени айкын болгон. Матай 25:31—33-аяттардан адамдарды соттоого Иса Машаяктын дайындалганын биле алабыз. Ал муну улуу алаамат учурунда кылат. Ошол убакта ал акыркы өкүмдү чыгарып, кой мүнөздүү адамдарды аман алып калат, эчки мүнөздүү адамдарды болсо жок кылат.

Ушул жаңы түшүнүккө ылайык, Жезекиел көргөн аяндан эмнелерди биле алабыз? Мындан, бери дегенде, беш нерсени билебиз.

  1. Иерусалим талкаланар алдында, Ышая сыяктуу эле, Жезекиел пайгамбар Жеремия пайгамбар менен бирге «күзөтчү» катары кызмат кылган. Бүгүнкү тапта Жахаба майланган кызматчыларынын чакан тобу аркылуу өз элин рухий тамак менен камсыз кылып, башкаларга улуу алааматтын жакындап келатканын жарыялап жатат. Ал эскертүүнүн айтылышына Машаяктын үйүндөгүлөрүнүн баары катышууда (Мт. 24:45—47).

  2. Жезекиел пайгамбар аман кала тургандарга белги коюуга катышкан эмес, Жахабанын бүгүнкү күндөгү эли да ал ишке катышпайт. Алар тек гана Жахабанын кабарын жарыялап, алдыда эмнелер болорун эскертишет. Ал иш периштелердин жетекчилиги астында жүрүп жаткан кабар айтуу ишине кирет (Аян 14:6).

  3. Жезекиел пайгамбардын күндөрүндө эч кимдин маңдайына сөздүн түз маанисинде белги коюлган эмес. Азыр да ошондой. Маңдайына каймана мааниде белги коюлушу үчүн, адамдар эмне кылышы керек? Алар айтылып жаткан жакшы кабарга кулак кагышы, Иса Машаякка мүнөздүү сапаттарды өрчүтүшү, өмүрүн Жахабага арнашы жана Машаяктын бир туугандарын берилгендик менен колдошу талап (Мт. 25:35—40). Эгер ушуларды кылышса, аларга аман каларын билдирген белги коюлат.

  4. Катчынын сыя кутусу бар киши бүгүнкү күндө Иса Машаякты билдирет. Ал аман кала тургандардын маңдайына белги коёт. Белги кой мүнөздүү деп табыла турган эбегейсиз көп адамдарга улуу алаамат учурунда коюлат. Бул алардын жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун билдирет (Мт. 25:34, 46) *.

  5. Кыйратуучу куралы бар алты киши болсо Иса Машаяктын асман аскерлерин билдирет. Аларды Иса Машаяк өзү баштап келет. Алар жакында ыймансыз адамдарды жана бүт жамандыкты жок кылышат (Жез. 9:2, 6, 7; Аян 19:11—21).

Бул пайгамбарлыктын маанисин билгенибиз Жахабанын адил адамдарды мыйзамсыздар менен бирге жок кылып салбай турганына эч шектенбөөгө жардам берет (2 Пет. 2:9; 3:9). Ошондой эле бүгүнкү күндө жүрүп жаткан кабар айтуу ишинин абдан маанилүү иш экенин эсибизге салат. Ооба, дүйнөнүн акыры келгенге чейин бул эскертүүнү ар бир киши угушу керек (Мт. 24:14).

^ 6-абз. Аман калгандардын арасында Жеремия пайгамбардын катчысы Барух, эфиопиялык Эбетмелек, Рехаптын уулдары болгон. Алардын маңдайына сөздүн түз маанисинде эмес, каймана мааниде белги коюлган (Жер. 35:1—19; 39:15—18; 45:1—5). Бул алардын аман каларын билдирген.

^ 12-абз. Ишенимдүү кызмат кылган майлангандар аман калышы үчүн аларга белги коюу зарыл эмес. Анткени аларга өлөр алдында же улуу алаамат башталар алдында соңку мөөр басылат (Аян 7:1, 3).