Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба»

«Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба»

«Ук, Ысрайыл, Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба» (МЫЙЗ. 6:4).

ЫРЛАР: 138, 112

1, 2. а) Мыйзам 6:4төгү сөздөр канчалык белгилүү? б) Муса пайгамбар ал сөздөрдү эмне үчүн айткан?

ЖҮЙҮТТӨР көптөгөн кылымдардан бери Кудайга кайрылганда Мыйзам 6:4төгү сөздөрдү кайталап келишет. Алты еврей сөзүнөн турган ал өзгөчө тиленүү «Шма» деп аталат. «Шма» деген аталыш аяттагы биринчи сөздөн алынган. Динине бек карманган жүйүттөрдүн көбү ал тиленүүнү күн сайын эртең менен жана кечинде кайталашат. Алар Кудайга болгон берилгендигин ошентип көрсөтүшөт.

2 Ал тиленүү Муса пайгамбардын б.з.ч. 1473-жылы Маап түздүгүндө ысрайыл элине кайрылганда айткан сөздөрүнөн алынган. Ысрайылдыктар Кудай убада кылган жерге кириш үчүн Иордан дарыясынын аркы өйүзүнө өтөйүн деп турган (Мыйз. 6:1). 40 жылдан бери жол башчы болуп келген Муса пайгамбар аларды алдыдагы кыйынчылыктарга тике кароого үндөгүсү келген. Ал эл Жахабага таянып, ага гана берилгендик сакташы керек болчу. Муса пайгамбардын ошондо айткан соңку сөздөрү элдин жүрөгүн козгогону күмөнсүз. Жахабанын ысрайылдыктарга берген Он осуяты жана башка көрсөтмөлөрү тууралуу сөз кылгандан кийин ал Мыйзам 6:4, 5те камтылган таасирдүү сөздөрдү айткан. (Аяттарды оку.)

3. Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Муса пайгамбар менен бирге Маап түздүгүнө чогулган ысрайыл эли Жахабанын жалгыз Кудай экенин билчү эмес беле? Албетте, билишкен. Ишенимдүү ысрайылдыктар ата-бабаларынын — Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын — Кудайы болгон жалгыз Жахабаны жакшы таанып-билип, ага гана сыйынып келишкен. Анда Муса пайгамбар эмне үчүн Жахабанын жалгыз Кудай экенин алардын эсине салган? Жахабанын жалгыз Кудай экенин билүүнүн жана аны бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт күчүбүз менен сүйүүнүн ортосунда кандай байланыш бар? Мыйзам 6:4, 5теги сөздөр биз үчүн кандай мааниге ээ?

ЖАХАБА — ЖАЛГЫЗ ЧЫНЫГЫ КУДАЙ

4, 5. а) «Жалгыз» деген сөз кандай маанилерди камтыйт? б) Жахаба башка элдердин кудайларынан эмнеси менен айырмаланат?

4 Теңдешсиз. «Жалгыз» деген сөз еврей жана башка тилдерде «бир» деген эле маанини эмес, андан башка да маанилерди камтыйт. Ал «теңдешсиз», «кайталангыс», «жападан жалгыз» дегенди да билдирет. Муса пайгамбар ал сөздөрдү үч беттүү кудай жөнүндөгү жалган окууларды жокко чыгаруу максатында айткан эмес. Жахабанын асман-жерди жаратканы, ааламдын Эгедери экени талашсыз. Андан башка чыныгы, тирүү Кудай жок (2 Шем. 7:22). Демек, Муса пайгамбар ысрайылдыктарга Жахабага гана сыйынып, толук баш ийиши керектигин айткысы келген. Алар ар кандай жалган кудайларга сыйынган тегерегиндеги элдерди туурабашы керек болчу. Ал элдер өздөрү сыйынган кудайлардын айрымдарын табият күчтөрүн бийлейт деп эсептешчү. Башкаларын көп бөлүктөн турган кудайдын бир бөлүгү деп ишенишчү.

5 Алсак, мисирликтер Ра деп аталган күн кудайына, асман кудайы Нутка, жер кудайы Гебге жана Нил кудайы Хапиге жана башка ыйык деп эсептелген толтура жан-жаныбарларга сыйынышчу. Жахаба Мисирге он жаза жиберип, ошол жалган кудайлардын эч нерсеге жарабаган кудайлар экенин далилдеген. Ал эми канаандыктардын эң көрүнүктүү кудайы Баал болгон. Ал түшүмдүүлүктүн, асмандын, жамгырдын, шамалдын кудайы деп эсептелчү. Көп жерлерде эл Баалды колдоочусу катары да көрчү (Сан. 25:3). Мына ошондуктан ысрайылдыктар өздөрүнүн Кудайы Жахабанын жалгыз «чыныгы Кудай» экенин эсинен чыгарбашы керек эле (Мыйз. 4:35, 39).

6, 7. «Жалгыз» деген сөздүн дагы кандай мааниси бар жана Жахаба өзгөрбөгөн Кудай экенин кантип далилдеген?

6 Туруктуу, берилген Кудай. «Жалгыз» деген сөз биримдикти жана ой-максаттын, иш-аракеттин бирдиктүүлүгүн да билдирет. Жахаба улам өзгөрө берген же кандай иш кылары дайыма бүдөмүк болгон Кудай эмес. Ал — ишенимдүүлүгүн сактаган, сөзүнө турган, туруктуу жана берилген Кудай. Жахаба Ыбрайым пайгамбардын тукумдарынын убада кылынган жерди мурастай турганын айткан. Анан сөзүн аткарыш үчүн кереметтүү иштерди жасаган. Ошондон 430 жыл өткөндөн кийин да Жахабанын ою өзгөргөн эмес (Башт. 12:1, 2, 7; Чыг. 12:40, 41).

7 Кылымдар өткөндөн кийин Жахаба ысрайылдыктарга алар анын Күбөсү экенин жана «ошол эле Кудай экенин» айткан. Анан: «Менден мурун Кудай болгон эмес, менден кийин да болбойт»,— деген. Ал ой-ниетинин өзгөрүлгүс экенин да баса белгилеп: «Мен ар дайым ошол эле Кудаймын»,— деп кошумчалаган (Ыш. 43:10, 13; 44:6; 48:12). Ар дайым ишеничтүү, сөзүнө турган Жахаба Кудайга кызмат кылуу ысрайылдыктар үчүн кандай зор сыймык болгон. Бул — биз үчүн да баа жеткис сыймык! (Мал. 3:6; Жкп. 1:17).

8, 9. а) Жахаба кызматчыларынан эмнени талап кылат? б) Муса пайгамбар айткан сөздөрдү Иса Машаяк кандайча баса белгилеген?

8 Ооба, Муса пайгамбар Жахабанын кам көрүү, сүйүү көрсөтүү жагынан туруктуу жана өзгөрүлгүс экенин ысрайылдыктардын эсине салган. Андыктан алар да өз кезегинде Жахабага толук берилгендик сакташы жана эч шарт койбой, аны бүт жүрөгү, бүт жаны, бүт күчү менен сүйүшү керек болчу. Ага толук берилгендик көрсөтүү балдардан да күтүлгөн. Ан үчүн ата-энелер ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аларга Кудайдын таалим-тарбиясын бериши зарыл болгон (Мыйз. 6:6—9).

9 Жахабанын өзү да, ой-ниети да өзгөрүлгүс болгондуктан, кызматчыларынан талап кылган негизги мыйзам-принциптери бүгүнкү күндө да ошол эле бойдон. Ошондуктан, сыйынуубуз ага жагышы үчүн, биз да бир гана ага толук берилгендик көрсөтүшүбүз жана аны бүт жүрөгүбүз, бүт акылыбыз, бүт күчүбүз менен сүйүшүбүз керек. Мыйзамдагы эң маанилүү осуят кайсы экенин сураган кишиге Иса Машаяк так ушул ойду айткан. (Оку: Марк 12:28—31.) Анда эмесе, Жахабанын жалгыз Кудай экенин түшүнөрүбүздү иш жүзүндө кантип көрсөтсөк болорун карап чыгалы.

ЖАХАБАГА ТОЛУК БЕРИЛГЕНДИК КӨРСӨТӨЛҮ

10, 11. а) Жахабага толук берилгендик сактоо деген эмнени билдирет? б) Үч жаш еврей Бабылда жүргөндө Жахабага толук берилген экенин кантип далилдешкен?

10 Жахабаны жападан жалгыз Кудайыбыз катары көрөрүбүздү ага толук берилгендик сактоо менен көрсөтө алабыз. Биз андан башка бир да кудайга сыйынбайбыз жана сыйынуубузга жалган дин менен байланышы бар окууларды, ырым-жырымдарды аралаштырбайбыз. Жахабаны толгон-токой кудайлардын бири катары эмес, теңдешсиз, баарынан жогору турган, кудурети күчтүү Кудай катары көрүшүбүз керек. Сыйынуубузга Жахаба гана татыктуу. (Оку: Аян 4:11.)

11 Ыйык Китептен еврей элинен болгон Даниел, Ханания, Мишаел жана Азария деген жаш уландар жөнүндө окуйбуз. Алар Жахабага толук берилгендигин арамдалган тамакты жегенден баш тартканы менен эле эмес, Небухаданасар орноткон алтын бурканга таазим кылбаганы менен да далилдешкен. Алардын жашоосунда ким биринчи орунда турары айкын көрүнүп турган. Төртөө тең Кудайдын мыйзамын бузбоого чечкиндүү болушкан (Дан. 2:1—3:30).

12. Жахабага толук берилгендик көрсөтүп жатып эмнеден сак болушубуз керек?

12 Жахабага толук берилгендик көрсөтүш үчүн анын ордун башка бир нерсенин ээлеп алышына, атүгүл аны менен бир орунда турушуна жол бербешибиз керек. Аларга эмнелер кириши мүмкүн? Он осуят аркылуу Жахаба өз элине андан башка кудайлары болбошу жана буркандардын бардык түрүнөн алыс болушу керектигин эскерткен (Мыйз. 5:6—10). Азыркы күндө буркандардын ар кандай түрү бар, айрымдары оңой менен байкала бербеши мүмкүн. Бирок Жахабанын талаптары өзгөргөн жок, себеби ал дагы деле жалгыз чыныгы Кудай. Эмесе, мунун биз үчүн кандай мааниси бар экенине токтололу.

13. Биз Жахабага караганда эмнени көбүрөөк сүйө башташыбыз мүмкүн?

13 Колосалыктар 3:5тен (аятты оку) Кудайдын кызматчыларынын аны менен болгон өзгөчө мамилесине эмне доо кетириши мүмкүн экенин биле алабыз. Аяттан айкын көрүнүп тургандай, ач көздүк бурканга табынуучулукка жатат. Анткени кимдир бирөөнүн эңсеген нерсеси, мисалы, байлыкка же майкөл-сүткөл жашоого болгон каалоосу анын эси-дартын ээлеп алат. Натыйжада ошол нерсе анын кудайына айланып калат. Бирок аятка толугу менен көз жүгүртө турган болсок, күнөөгө жаткан башка иштер да ач көздүк менен, демек, бурканга табынуучулук менен тыгыз байланышта экенин дароо эле байкайбыз. Андай нерселерди көксөө Кудайга болгон сүйүүбүздү оңой эле сүрүп чыгарып, ордун ээлеп алышы ыктымал. Эгер буга жол берип койсок, Жахабаны жалгыз Кудайыбыз катары көрбөй калышыбыз мүмкүн. Биз мындай болушун такыр каалабайбыз.

14. Элчи Жакан кандай эскертүү берген?

14 Элчи Жакан да ушундай ойду баса белгилеген. Ал эгер кимдир бирөө «дене кумары, көз кумары жана колунда болгон нерселерине мактангандык» сыяктуу дүйнөдөгү нерселерди сүйсө, «Атабызды сүйбөй» турганын айткан (1 Жкн. 2:15, 16). Андыктан: «Мен дүйнөнү сүйүп бараткан жокмунбу?» — деп өзүбүздү дайыма текшерип турушубуз керек. Мунун аркасында, балким, дүйнөдөгү көңүл ачуунун түрлөрү, чөйрө жана кийим менен сырткы көрүнүшкө байланыштуу көз караш бизге таасир эте баштаганын байкайттырбыз. Же ар кандай жолдор менен, мисалы, жогорку билим аркылуу «чоң нерсеге» ээ болууга умтулуп жатышыбыз мүмкүн (Жер. 45:4, 5). Биз азыр жаңы замандын босогосунда турабыз. Ошол себептен Муса пайгамбардын сөздөрүн эсибизге түйүп алганыбыз абдан маанилүү. «Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба» экенин жакшы түшүнсөк жана ошого бекем ишенсек, ага толук берилгендигибизди сактоого бүт күчүбүздү жумшап, ага жаккандай сыйынууга аракет кылабыз (Евр. 12:28, 29).

БИРИМДИГИБИЗДИ САКТАЙЛЫ

15. Элчи Пабылдын ишенимдештерине бир эле Кудайга, Жахабага, сыйынып жатканын эскерткени эмне үчүн жөндүү болгон?

15 Жахабанын жалгыз Кудай экени биримдик жана ой-максаттын бирдиктүүлүгү менен да байланышта. Андыктан биз да анын кызматчылары катары биримдүү болуп, бир максатты көздөшүбүз керек. Иса Машаяктын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын жыйналышы жүйүттөрдөн, гректерден, римдиктерден жана башка улуттардан турган. Мурда алардын туткан дини, маданияты жана жактырган нерселери ар башка болгон. Ошондон улам айрымдарга Кудайга таптакыр башка жол менен сыйынуу же мурун кылып келген нерселеринен баш тартуу оңойго турган эмес. Андыктан элчи Пабылдын аларга бир эле Кудайга, Жахабага, сыйынып жатканын эскерткени абдан жөндүү болгон. (Оку: 1 Корунттуктар 8:5, 6.)

16, 17. а) Бүгүнкү күндө кайсы пайгамбарлык аткарылып жатат жана натыйжасы кандай болууда? б) Биримдигибизди эмне бузушу мүмкүн?

16 Бүгүнкү күндөгү жыйналыштар тууралуу эмне айтууга болот? Ышая пайгамбар абдан бийик коюлган чыныгы сыйынууга «акыркы күндөрдө» көп элдердин агылып келерин пайгамбарлык кылган. Алар: «[Жахаба] бизге өзүнүн жолдорун үйрөтөт, биз анын жолдору менен жүрөбүз»,— дешмек (Ыш. 2:2, 3). Ушул пайгамбарлыктын көз алдыбызда аткарылып жатканы бизге кандай гана кубаныч тартуулайт! Учурда расасы, маданияты, тили ар башка болгон адамдар биримдикте Жахабаны даңктап жатышат. Бирок мындай айырмачылыктар ар кандай кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн.

Жыйналыштын биримдигине салым кошуп жатасыңбы? (16—19-абзацтарды кара)

17 Мисалы, маданияты сеникинен кыйла айырмаланган ишенимдештериңе карата кандай көз караштасың? Алардын тили, кийингени, өздөрүн алып жүргөнү, тамак-ашы сага жат көрүнүшү мүмкүн. Андай ишенимдештериңен оолактап, тек-жайы сеникиндей болгон ишенимдештериң менен эле пикирлешүүгө жакын эмессиңби? Жыйналышыңдагы, районуңдагы же филиалдын аймагындагы аксакалдар жашыраак болсо же маданияты, улуту сеникинен айырмаланса, эмне кыласың? Андай нерселердин сага таасир этишине жана Жахабанын элинин арасында өкүм сүргөн биримдикти ыдыратышына жол бересиңби?

18, 19. а) Эфестиктер 4:1—3-аяттарда кандай кеңеш камтылган? б) Жыйналыштын биримдигине канткенде салым кошо алабыз?

18 Мындай тузакка түшүп калбаганга эмне жардам берет? Гүлдөп-өскөн, тек-жайы ар кандай адамдар жашаган Эфес шаарындагы ишенимдештерине элчи Пабыл буга байланыштуу жакшы кеңеш берген. (Оку: Эфестиктер 4:1—3.) Пабылдын адегенде момундук, жумшактык, чыдамкайлык жана сүйүү жөнүндө сөз кылганына көңүл бурсаң. Бул сапаттарды үйдү кармап турган түркүктөргө салыштырса болот. Бирок бекем түркүктөрдүн болгону жетишсиз. Үй урабашы үчүн, аны дайыма оңдоп-түзөп туруш керек. Ошол себептен элчи Пабыл Эфестеги ишенимдештерин «рух берген биримдикти сактоо» үчүн колунан келгендин баарын кылууга үндөгөн.

19 Жыйналыштын биримдигине салым кошууну ар бирибиз милдетибиз катары көрүшүбүз керек. Муну кантип кыла алабыз? Биринчиден, Пабыл айтып өткөн сапаттарды: момундукту, жумшактыкты, чыдамкайлыкты жана сүйүүнү өрчүтүп, аларды чагылдырышыбыз зарыл. Андан соң «тынчтыкта жашоого» бүт күчүбүздү жумшаганыбыз маанилүү. Ошондой эле ынтымагыбызга доо кетире турган келишпестиктерди дароо чечип, «жаракаларды» бүтөп турганыбыз абзел. Ошентсек, арабыздагы эч нерсеге салыштырылгыс биримдикке жана тынчтыкка өбөлгө түзөбүз.

20. «Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба» экенин түшүнөрүбүздү кантип көрсөтөбүз?

20 «Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба». Кандай гана таасирдүү сөздөр! Бул сөздөр ысрайылдыктарга Убадаланган жерге кирер алдында жана ал жакка отурукташа баштаганда туш боло турган кыйынчылыктарга туруштук берүүгө күч берген. Ошол сөздөрдү жүрөгүбүзгө түйүп алганыбыз бизди да бекемдеп, улуу алааматта боло турган кыйынчылыктарга даяр болууга жардам берет. Ошондой эле бейиште өкүм сүрө турган биримдикке, тынчтыкка салым кошууга түрткү берет. Эмесе, келгиле, Жахабаны сүйүп, бүт жүрөгүбүз менен кызмат кыла берели жана дүйнө жүзүндөгү бардык бир туугандарыбыз менен биримдикте болууга бүт күчүбүздү жумшайлы. Ошондо Жахабага толук берилгендик көрсөткөн болобуз. Эгер ушунубуздан жазбасак, Иса Машаяк кой мүнөздүү адамдарга: «Атамдан бата алгандар, келгиле, дүйнө негизделгенден бери силер үчүн даярдалган Падышалыкты мурастагыла»,— деп айта турган күндү чыдамсыздык менен күтүүгө негиз болот (Мт. 25:34).