Улуу Карапачынын калыпташына канчалык моюн сунуп жатасың?
«Силер менин колумда карапачынын колундагы чоподойсуңар» (ЖЕР. 18:6).
ЫРЛАР: 60, 22
1, 2. Кудай Даниелди эмне үчүн «абдан сүйүктүү киши» деген жана Жахабага карата кандай көз карашта болушубуз керек?
ЖҮЙҮТТӨР сүргүнгө айдалган Бабыл буркандарга жык толгон болчу жана тургундарын жин-перилер бийлеп алган эле. Бирок ишенимдүү жүйүттөр, алсак, Даниел менен анын үч досу бабылдыктардын таасирине алдырган эмес (Дан. 1:6, 8, 12; 3:16—18). Алар Улуу Карапачысы Жахабага гана берилгендик сактоого чечкиндүү болушкан жана ошол чечкиндүүлүгүнөн жазышкан эмес. Даниел калган өмүрүнүн баарын Бабылда өткөрсө да, ишенимдүүлүгүн сактагандыктан, Кудайдын периштеси аны «абдан сүйүктүү киши» деп айткан (Дан. 10:11, 19).
2 Карапачылар чопону ийлеп, көңүлүнө жаккан идиш жасаш үчүн аны калыпка келтиришет. Улуу Карапачыбыз Жахабанын да ааламдын Эгедери катары адамдарды, бүтүндөй элдерди калыптоого бийлиги бар. (Оку: Жеремия 18:6.) Ал ар бирибизди өз-өзүнчө калыптоого да укуктуу. Бирок биздин чечим чыгаруу эркиндигибизди сыйлайт жана ага өз ыктыярыбыз менен баш ийишибизди каалайт. Андыктан мындан ары да жумшак чопо болушубуз үчүн төмөнкү үч суроону карап чыкканыбыз маанилүү: 1) Жүрөгүбүз катууланып, Кудайдын кеңештерин четке кагууга алып бара турган нерселерден кантип качсак болот? 2) Жумшак чопо бойдон калууга өбөлгө түзгөн сапаттарды өрчүтүүгө эмне жардам берет? 3) Ата-энелер балдарын калыптап жатканда Кудайга баш иерин кантип көрсөтүшөт?
ЖҮРӨГҮҢДҮН КАТУУЛАНЫП КЕТИШИНЕН САК БОЛ
3. Жүрөгүбүздүн катууланып кетишине эмнелер себеп болот? Мисал келтир.
3 Накыл сөздөр 4:23тө: «Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булактары чыгат»,— делген. Жүрөгүбүздүн катууланып кетишине текебердик, күнөө кыла берүү, ишенимдин жетишсиздиги себеп болот. Булар баш ийбестикке, козголоңчулдукка алып барат (Дан. 5:1, 20; Евр. 3:13, 18, 19). Мисалы, Жүйүт падышасы Узия убакыттын өтүшү менен текебердиктин торуна түшүп калган. (Оку: 2 Жылнаама 26:3—5, 16—21.) Ал башында «Жахабанын көз алдында туура иштерди кылып», ага «кызмат кылып» жүргөн. «Бирок күчтүү болгондон кийин, анын жүрөгү менменсинип кеткен». Ал өзүнө күчтү Жахаба берип жатканын унутуп калган. Атүгүл ибадатканага кирип, Арундун тукумдарынан чыккан дин кызматчылар гана кылышы керек болгон ишти аткарууга — жыпарзат түтөтүүгө — батынган. Дин кызматчылар аны токтотууга аракет кылышканда, каары кайнап чыккан. Анын кесепетинде Кудайдын алдында «кыйрап», пес оорусунан каза тапкан (Накыл 16:18).
4, 5. Жүрөгүбүздө текебердиктин өрчүп кетишине жол берип койсок, кесепети кандай болот? Мисал келтир.
4 Жүрөгүбүздө текебердиктин өрчүп кетишине жол берсек, өзүбүз «жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлоп», Ыйык Китептеги кеңештерди четке кага башташыбыз мүмкүн (Рим. 12:3; Накыл 29:1). Жим деген аксакалдын окуясына токтололу. Ал бир жолу башка аксакалдар менен жыйналыштын иштерин талкуулап жатканда алардын оюна каршы болгон. Жим: «Мен бир туугандарга алардын мерез экенин айтып туруп, чыгып кеттим»,— дейт. 6 айдай өткөндөн кийин, ал жакын жердеги жыйналышка которулган, бирок аксакал болуп дайындалган эмес. Ал: «Мен чоң кыйроого учурадым. Өзүмдү ушунчалык адил деп эсептегендиктен чындыктан кетип калдым»,— деп ачык айтат. Ошентип, 10 жыл жигердүү эмес болуп жүргөн. «Аябай ызаланып, болгон окуя үчүн Жахабаны күнөөлөй баштадым. Аксакалдар бир топ жыл бою мага жардам бергенге аракет кылышты, бирок жардамын такыр кабыл албай койдум»,— деп эскерет ал.
5 Бул окуядан көрүнүп тургандай, текебердик туура эмес иштерибизди актаганга, тоң моюн болуп калышыбызга себеп болот (Жер. 17:9). «Мага башкалардын кылганы туура эмес көрүнүп, ошого эле көңүл топтой бергем»,— дейт Жим. Сенин да башкалар көңүлүңдү ооруткан же сыймыктуу жоопкерчилигиңден айрылган учуруң болду беле? Эгер болсо, эмне кылдың эле? Текебердиктен улам ызаландың беле? Же эч нерсеге карабай бир тууганың менен элдешип, Жахабага берилгендик сактоого умтулдуң беле? (Оку: Забур 119:165; Колосалыктар 3:13.)
6. Күнөө кыла берүү эмнеге алып барат?
6 Күнөө кыла берүү жана аны жашырууга аракет кылуу да жүрөгүбүздүн катууланып, Кудайдын кеңештерин кабыл албай калышыбызга себеп болот. Андайда күнөө кылуу барган сайын оңой боло берет. Бир ишенимдешибиз туура эмес иш кылып жүргөнүнө бара-бара тынчсызданбай деле калганын айткан (Нас. 8:11). Порнография көрүүнү адатка айлантып алган башка ишенимдешибиз кийинчерээк: «Ошол учурда аксакалдарга карата сын көз карашты өрчүтүп алгам»,— деп айткан. Анын жаман адаты Жахаба менен болгон мамилесин талкалаган. Бактыга жараша, кийин кыңыр иши ачыкка чыгып, тийиштүү жардам көрсөтүлгөн. Албетте, баарыбыз жеткилең эмеспиз. Бирок туура эмес иш кылып алганда Кудайдан кечиришин, жардам беришин сурагандын ордуна, өзүбүздү актасак же башкаларды сындай берсек, бул жүрөгүбүздүн катууланып калганынан кабар бериши мүмкүн.
7, 8. а) Ишенимдин жетишсиздиги жүрөктүн катууланышына себеп болору ысрайылдыктардын тарыхынан кандайча көрүнүп турат? б) Алардын катасынан кандай сабак алсак болот?
7 Ишенимдин жетишсиздиги кандайча Сан. 14:1—4, 11; Заб. 78:40, 41). Жүрөктөрүнүн катууланып калганынан жана ишениминин жетишсиздигинен улам ал муун өлүп жок болгуча чөл кезип жүргөн.
жүрөгүбүздүн катууланышына себеп болору Мисир кулчулугунан чыккан ысрайылдыктардын тарыхынан көрүнүп турат. Ысрайыл эли Кудайдын алар үчүн жасаган укмуштуудай кереметтерин өз көзү менен көргөн. Өкүнүчтүүсү, убада кылынган жерге кирердин алдында алардын ишеними солгундай түшкөн. Жахабага таянгандын ордуна, душмандардан коркуп, Муса пайгамбарга наалышкан. Атүгүл өздөрү кул болуп жүргөн Мисирге кайтып баргысы келген. Бул Жахабаны аябай капаланткан. Ошондуктан ал: «Бул эл мени качанкыга чейин урматтабайт?» — деген (8 Биз да азыр Кудай убада кылган жаңы дүйнөнүн босогосунда турабыз. Биздин да ишенимибиз сыналып жаткандыктан, анын сапатын текшерип турганыбыз маанилүү. Маселен, Иса пайгамбардын Матай 6:33төгү сөздөрүнө ылайык иш кылып жаткан-жатпаганың жөнүндө ойлон. Ан үчүн мындай деп ой жүгүртүп көрсөң болот: «Жашоомдо эмнени биринчи орунга койгонумдан жана чечимдеримден Исанын ал сөздөрүнө чындап ишенерим көрүнүп турабы? Көбүрөөк акча табыш үчүн жолугушууларга же кабар айтуу ишине катышпай калган жокмунбу? Жумушум убактымдын, күчүмдүн көбүн алып жатса, эмне кылам? Дүйнөнүн көз карашына ылайык калыптанып, бара-бара Жахабага кызмат кылбай калбаймынбы?»
9. Эмне үчүн ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү текшерип турушубуз керек жана муну кантип кылсак болот?
9 Ыйык Китептеги нормаларга, алсак, чөйрөнү тандоого, жыйналыштан чыгарылгандар менен мамилелешпөөгө же көңүл ачууга байланыштуу берилген принциптерге кармангысы келбеген Кудайдын кызматчысы жөнүндө ойлонуп көр. Анан: «Мен да ошондой болуп калышым мүмкүнбү?» — деп ой жүгүрт. Эгер жүрөгүңдүн катууланып баратканын байкасаң, ишенимиңдин сапатын дароо текшер. Ыйык Китепте: «Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңөрдү текшерип, өзүңөрдү сынап тургула»,— деген кеңеш берилет (2 Кор. 13:5). Ооба, Кудайдын Сөзүнүн негизинде өзүбүздү дайыма чынчылдык менен текшерип туруу ой жүгүртүүбүздүн ажырагыс бөлүгү болушу керек.
ЖУМШАК ЧОПО БОЛ
10. Жахабанын колунда жумшак чопо болууга эмне жардам берет?
10 Кудайдын колунда жумшак чопо болууга жардам берген нерселерге Ыйык Китеп, жолугушуулар, кабар айтуу кызматы кирет. Суу чопону жумшарткан сыңары, Ыйык Китепти күндө окуп, ой жүгүртүү оңой ийге келген чопо болууга көмөк кылат. Жахаба байыркы убакта Ысрайыл падышаларынан Мыйзамды көчүрүп алып, аны күн сайын окууну талап кылган (Мыйз. 17:18, 19). 1-кылымда элчилер да кызматын ийгиликтүү аткаруу үчүн Ыйык Жазманы окуп, ой жүгүртүшү керектигин жакшы түшүнүшкөн. Алар өздөрү жазган каттар менен китептерде Еврей Жазмаларынан жүздөгөн жолу үзүндү келтиришкен. Ошондой эле өздөрү кабар айткан кишилерди да аны окууга жана окугандары жөнүндө ой жүгүртүүгө үндөшкөн (Элч. 17:11). Биз да Кудайдын Сөзүн күн сайын окуунун жана окугандарыбыз жөнүндө тиленүү менен ой жүгүртүүнүн абдан зарыл экенин түшүнөбүз (1 Тим. 4:15). Бул бизге Жахабанын алдында дайыма момун болууга жана оңой ийге келген чопо болууга жардам берет.
11, 12. Жахаба ар бирибизди муктаждыгыбызга жараша калыпташ үчүн жыйналышты кантип колдонот? Мисал келтир.
11 Жахаба ар бирибиздин эмнеге муктаж экенибизди эң сонун билет жана ошого жараша жыйналыш аркылуу калыптайт. Жогоруда айтылган Жимге бир аксакал аябай жакшы көңүл бурган. Мунун аркасында ал акырындык менен жумшара баштаган. Жим: «Ошондой абалга жетип калганым үчүн ал мени бир да жолу күнөөлөгөн же сындаган жок. Анын
ордуна, мени дайыма бекемдечү жана чын жүрөктөн жардам бергиси келерин айтчу»,— деп эскерет. Үч айдай өткөндөн кийин, аксакал аны жыйналышка чакырган. Жим мындай дейт: «Жыйналыштагылар мени жылуу тосуп алышты. Алардын сүйүүсү оюмду өзгөртүүгө түрткү берди. Бара-бара менин сезимдеримден да маанилүү нерселер бар экенин түшүнө баштадым. Ишенимдештеримдин жана эч качан рухий жактан олку-солку болбогон жубайымдын колдоосу менен акырындап рухий жактан кайрадан бутума турдум. „Күзөт мунарасынын“ 1992-жылдын 15-ноябрындагы санына чыккан „Жахаба күнөөлүү эмес“, „Жахабага ишенимдүү кызмат кыл“ деген макалалар да бир топ күч берди».12 Убакыттын өтүшү менен Жим кайрадан аксакал болуп дайындалган. Ошондон бери өзүнүкүндөй жагдайга кабылган ага-инилерге кыйынчылыктарын жеңүүгө жана Жахаба менен болгон мамилесин чыңдоого жардам берип келет. «Мен Жахаба менен болгон мамилем абдан бекем деп ойлочумун. Көрсө, андай эмес экен. Текебердиктен улам сокур болуп, маанилүү нерселерди байкабай, башкалардын ката-кемчиликтерине эле көңүл топтой берчү экенмин»,— дейт Жим (1 Кор. 10:12).
13. Кабар айтуу кызматына катышуунун аркасында кайсы сапаттарды өрчүтөбүз жана мунун кандай пайдасы бар?
13 Ал эми кабар айтуу кызматы бизди кандайча калыптайт? Бул ишке катышуу момундукту жана ыйык рухтун жемишине кирген сапаттарды өрчүтүүгө өбөлгө түзөт (Гал. 5:22, 23). Кызматка чыгуунун аркасында кандай сонун сапаттарды өстүрүп жатканың жөнүндө ойлонуп көрсөң. Андан да маанилүүсү, Машаяктыкындай сапаттарды чагылдырсак, айткан кабарыбызды көркүнө чыгарабыз. Бул өз кезегинде үй ээсинин биз жөнүндөгү көз карашына таасир этет. Бир окуяга токтололу. Австралияда бир аял эки ишенимдешибизге ачууланып, заар сөздөр менен урушкан. Бир туугандар анын айткандарын унчукпай угуп тура беришкен. Бирок кийинчерээк ал аял кагып салганына өкүнүп, филиалга кат жазган. Анын катында: «Ушундай момун, сабырдуу адамдардын алдында адилсинип, кыйынсынып, аларга орой мамиле кылганым үчүн кечирим сурайм. Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды айтып жүргөн кишилерди кагып, туура эмес кылыптырмын»,— деген сөздөр жазылган. Эгер жарчылар, кичине болсо да, кыжырданышса, ал ушинтип жазат беле? Айтыш кыйын. Ооба, кабар айтууга катышканыбыз өзүбүзгө да, башкаларга да пайда алып келет.
БАЛДАРЫҢАРДЫ КАЛЫПТАП ЖАТКАНДА КУДАЙГА БАШ ИЙГИЛЕ
14. Балдарын калыптоодо ийгиликке жетиш үчүн ата-энелер эмне кылышы керек?
14 Балдардын көбү жаңы бир нерселерди үйрөнгөнгө дилгир, момун болушат (Мт. 18:1—4). Ошондуктан кыраакы ата-энелер балдарынын акылы менен жүрөгүнө чындыкты сиңирип, ага болгон сүйүүсүн өстүрүүгө аракет кылышат (2 Тим. 3:14, 15). Албетте, алар ийгиликке жетиш үчүн чындыктын адегенде өздөрүнүн жүрөгүндө терең тамыр алышына кам көрүп, ага ылайык жашашы керек. Эгер ошентишсе, балдары чындык жөнүндө угуп эле койбостон, аны сүйүүгө да үйрөнүшөт. Андан сырткары, тарбиялоону ата-энесинин жана Жахабанын сүйүүсүнүн далили катары көрүүгө үйрөнүшөт.
15, 16. Баласы жыйналыштан чыгарылганда, ата-эне Кудайга таянарын кантип көрсөтө алат?
15 Кудайдын жолунда тарбияланса да, кээ бир балдар чоңойгондо чындык жолун таштап кетишет же жыйналыштан чыгарылып калышат. Бул үй-бүлөсүн да азапка салат. «Байкем жыйналыштан чыгарылганда, ал өлүп калгандай эле сезимде болгом. Жүрөгүм ушунчалык сыздаган»,— дейт Түштүк Африкада жашаган бир ишенимдешибиз. Ошондой оор учурда ал бир тууганыбыз менен ата-энеси эмне кылышкан? Кудайдын Сөзүндө жазылган көрсөтмөгө бекем карманышкан. (Оку: 1 Корунттуктар 5:11, 13.) Ата-энеси мындай дейт: «Биз Кудай айткандай иш кылуу дайыма пайда алып келерин билгендиктен Ыйык Китептеги кеңешти колдонууга чечкиндүү болчубуз. Жыйналыштан чыгарууну Жахабанын тартипке салуу чарасы деп эсептечүбүз. Мындан тышкары, ал бизди жакшы көргөндүктөн чеги менен оңдоп-түзөөрүнө ишенчүбүз. Ошондуктан уулубуз менен үй-бүлөбүзгө тиешеси бар абдан зарыл иштер болгондо гана байланышчубуз».
16 Ал эми уулу өзүн кандай сезген? Ал: «Үй-бүлөмдүн мени жаман көрбөй турганын, болгону, Жахабага жана анын уюмуна баш ийип жатышканын билчүмүн»,— деген. Ошондой эле кыйынчылык учурунда Жахабадан башка эч кимге кайрыла албай калганда анын жардамына, кечиришине ушунчалык муктаж экенин сезгенин айткан. Ал жыйналышка кайра кабыл алынганда, үй-бүлөсүнүн канчалык сүйүнгөнүн элестетсең. Ооба, Кудайды «бардык жолдорубузда» эстеп жүрсөк, натыйжасы эң сонун болот (Накыл 3:5, 6; 28:26).
17. Эмне үчүн Жахабага дайыма баш ийишибиз керек жана анын натыйжасы кандай болот?
17 Ышая пайгамбар Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөрдүн күнөөсү үчүн өкүнүп: «Оо, Жахаба, сен биздин Атабызсың. Биз чопобуз, сен болсо Карапачыбызсың. Баарыбыз сенин колуңан бүткөнбүз»,— деп айтарын пайгамбарлык кылган. Алар Жахабага: «Кылмышыбызды түбөлүккө эстей бербе. Бизге көз кырыңды сал: баарыбыз сенин элиңбиз»,— деп да жалбарышкан (Ыш. 64:8, 9). Эгер момун болуп, Жахабага дайыма баш ийсек, Даниел пайгамбарга окшоп, анын «абдан сүйүктүү кишиси» болобуз. Баарынан маанилүүсү, Жахаба бизди мындан ары да өзүнүн Сөзү, ыйык руху, уюму аркылуу калыптай берет. Мунун аркасында келечекте Кудайдын жеткилең балдары болобуз (Рим. 8:21).