Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алмаздан алда канча баалуу сапат

Алмаздан алда канча баалуу сапат

Алмаз тээ илгертен эле кымбат баалуу таштардын бири болуп эсептелет. Айрымдарынын баасы атүгүл миллиондогон долларга чейин жетет. Бирок Кудайдын көз алдында алмаздан же дагы башка асыл таштардан алда канча кымбат нерсе бар.

Арменияда жашаган Хайгануш деген чөмүлө элек жарчы бир жолу үйүнүн жанынан паспорт таап алат. Ичин ачса — бир нече төлөм карточкасы жана чоң суммадагы акча бар экен. Хайгануш ал тууралуу жолдошуна айтат. Ал да чөмүлө элек жарчы болчу.

Алар карыз болуп, акча жагынан кыйналып жатышкан эле. Ошого карабай паспорттогу дарек боюнча акчаны ээсине алып барып беришет. Ошондо акчасын жоготкон киши да, анын үй-бүлөсү да абдан таң калышат. Хайгануш менен күйөөсү аларга Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында чынчыл болууга үйрөнүшкөнүн айтып беришет. Ооба, алар чынчылдык менен иш кылуу маанилүү экенин түшүнүшкөн жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал үй-бүлөгө Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө айтып, адабият таштап кетүүнү туура көрүшкөн.

Үй-бүлө ыраазычылык катары Хайганушка акча сунуш кылат, бирок ал албай коёт. Эртеси күнү акчасын жоготкон кишинин жубайы Хайгануштардын үйүнө барат да, ага үй-бүлөсүнүн атынан алмаз көздүү шакек белек кылып, алып коюшун суранат.

Хайгануш менен жолдошунун чынчылдыгына башкалардын да таң калмактыгы шексиз. Ал эми Жахабачы? Ал буга кандай караган? Алардын чынчылдыгынын акыбети кайтканбы?

БАЙЛЫКТАН АРТЫК САПАТТАР

Жогорудагы суроолордун жообу айдан ачык. Анткени Жахабанын кызматчылары алмаз, алтын сыяктуу баалуу таштарга, дүнүйө-мүлккө караганда ага жаккан сапаттарды чагылдыруу анын көз алдында алда канча маанилүү экенине ишенишет. Ырас, Жахабанын баалуулукка карата болгон көз карашы көптөрдүкүнөн абдан эле айырмаланат (Ыш. 55:8, 9). Анын кызматчылары үчүн ага мүнөздүү сапаттарды тийиштүү деңгээлде чагылдыруу чоң жетишкендик болуп эсептелет.

Муну кыраакылык менен акылмандык жөнүндө жазылган аяттардан билүүгө болот. Мисалы, Накыл сөздөр 3:13—15-аяттарда: «Акылмандыкты тапкан, кыраакылыкка ээ болгон киши бактылуу, анткени акылмандыкка ээ болуу күмүшкө ээ болуудан артык, ал алтынга караганда көбүрөөк пайда алып келет. Ал маржандан кымбат, сага ырахат тартуулаган нерселердин бири да ага тең келбейт»,— деп жазылган. Мындан Жахабанын ушу сыяктуу сапаттарды материалдык нерселерге караганда жогору баалаары айкын көрүнүп турат.

Чынчылдык тууралуу эмне айтууга болот?

Жахаба — чынчыл Кудай, ал «жалган сүйлөй албайт» (Тит 1:2). Ошондуктан ал 1-кылымда элчи Пабылга: «Биз үчүн тиленгиле, анткени бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан биз абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз»,— деген сөздөрдү жаздырган (Евр. 13:18).

Чынчыл болуу жагынан Иса Машаяк да жакшы үлгү көрсөткөн. Буга байланыштуу бир мисалга токтололу. Башкы дин кызматчы Каяпа андан: «Тирүү Кудайдын аты менен карганып, айт бизге, Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби?» — деп сураганда, Иса чынчылдык менен жооп берген. Ал чындыкты айтса, жүйүттөрдүн жогорку соту аны Кудайга акарат кылды деп айыптап, өлүм жазасына тартарын билген. Ошентсе да өзүнүн Машаяк экенин айткандан корккон эмес (Мт. 26:63—67).

Биз да дайыма чындыкты айтабызбы? Пайда көрүш үчүн анча-мынча нерсени жашырып же бурмалап койбойбузбу?

ЧЫНЧЫЛ БОЛУУ ОҢОЙБУ?

Азыркы акыркы күндөрдө «өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн» адамдар көбөйүп бараткандыктан, чынчыл болуу оңой эмес (2 Тим. 3:2). Каржы каатчылыгы, жумушсуздук сыяктуу көйгөйлөр чынчылдыкка катуу сокку урууда. Ушундан улам айрымдар уурдаганын, алдамчылыкка жаткан иштерге барганын оңой эле актап коюшат. Мындай көз караш кеңири жайылгандыктан, пайда көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, көптөр чынчылдык жөнүндө ойлоп да коюшпайт. Атүгүл Кудайдын кээ бир кызматчылары да «арам жол менен пайда көрүүгө» азгырылып, жыйналыштагы жакшы атын булгап алышкан (1 Тим. 3:8; Тит 1:7).

Анткен менен көптөгөн ишенимдештерибиз Иса Машаяктан үлгү алышат. Алар Кудайдыкындай сапаттарды чагылдыруу байлыктын бардык түрүнөн артык экенин жакшы билишет. Ошондуктан жаш ишенимдештерибиз да жакшы баа алыш үчүн башкаларды алдашпайт (Накыл 20:23). Албетте, чынчыл болгондордун баары эле Хайганушка окшоп «сыйлык» ала бербеши мүмкүн. Бирок чынчыл болуу менен Кудайдын көз алдында туура иш кылган болобуз жана абийирибизди таза сактайбыз. Биз үчүн мындан өткөн байлык барбы?!

Муну Гажик деген ишенимдешибиздин окуясы бышыктап турат. Ал мындай дейт: «Кудайдын кызматчысы болгонго чейин бир чоң компанияда иштечүмүн. Анын ээси салык төлөгөндөн качып, түшкөн кирешенин аз эле бөлүгүн жазып койчу. Мен башкы жетекчи болгондуктан, ал менден, салыкчылар компаниянын кыңыр ишине көз жумуп коюшу үчүн, аларга пара берип, сүйлөшүп коюуну талап кылчу. Ошонун кесепетинде чынчыл эмес киши катары таанымал болуп калгам. Кийин чындыкты билгенде, жумушумдун маянасы аябай жакшы болсо да, андан баш тарттым. Анан жеке ишкана ачып, аны дароо мыйзамдуу түрдө каттатып, салыктардын баарын төлөй баштадым» (2 Кор. 8:21).

Гажик сөзүн мындай деп улайт: «Азыркы тапканым мурунку кирешемдин жарымындай эле болгондуктан, үй-бүлөмдү багуу кыйын болуп калды. Бирок азыр өзүмдү көбүрөөк бактылуу сезем. Жахабанын алдында да абийирим таза. Эки уулума жакшы үлгү көрсөткөндөн тышкары, жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерди аткарып жатам. Ошондой эле салыкчыларга жана жумушум боюнча мамилелешкен кишилерге чынчыл адам катары белгилүүмүн».

ЖАХАБА КАЛТЫРБАЙТ

Жахаба анын чынчылдыгын жана башка кереметтүү сапаттарын чагылдырып, анын «окуусун бардык жагынан көркүнө чыгарып» жаткандарды жакшы көрөт (Тит 2:10). Ал Дөөтү падышага: «Мен жаш элем, эми карыдым, бирок Кудайдын адил адамды калтырып койгонун же анын урпактарынын нан сурап жүргөнүн көргөн жокмун»,— деген сөздөрдү жаздырып, бизди өзүнүн элине кам көрөрүнө ынандырган (Заб. 37:25).

Бул сөздөрдүн калетсиз экенине байыркы убакта жашаган ишенимдүү Руттун жашоосу далил боло алат. Рут жашы өр тартып калган кайненеси Наамини таштабай, аны менен чогуу Ысрайыл жерине барган. Ал жактан чыныгы Кудайга сыйынган (Рут 1:16, 17). Ысрайылда жүргөндө, Муса пайгамбар аркылуу берилген мыйзамга ылайык, ал машак терип, ак эмгеги менен нан таап жеген. Дөөтүнү калтырбагандай эле, Жахаба Рут менен Наамини зарыл нерселерден өксүткөн эмес (Рут 2:2—18). Андан тышкары, Рутка башка жагынан да кам көргөн. Алсак, Жахаба батасын бергендиктен, Рут Дөөтү падышанын, атүгүл убада кылынган Машаяктын чоң энелеринен болуп калган (Рут 4:13—17; Мт. 1:5, 16).

Айрым ишенимдештерибиз үчүн жашоого зарыл нерселерди да табуу кыйынга турат. Ошондой болсо да, алар арам жол менен оңой акча табууга умтулбай, кара жанын карч уруп, күжүрмөн эмгектенип келишет. Муну менен алар Кудайдыкындай сапаттарды, анын ичинде чынчылдыкты материалдык нерселерге караганда жогору көрүшөрүн далилдөөдө (Накыл 12:24; Эф. 4:28).

Рутка окшоп, дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбыз Жахабанын аларга жардам берүүгө кудуреттүү экенине ишенишет. Алар анын: «Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм»,— деген убадасын аткарарына кымындай да шектенишпейт (Евр. 13:5). Жахаба дайыма чынчылдык менен иш кылган бей-бечараларды калтырбай турганын далай жолу далилдеген. Ал сөзүнө бек туруп, кызматчыларын жашоого керектүү нерселер менен камсыз кылып келет (Мт. 6:33).

Ырас, адамдар алмазды же дагы башка ушу сыяктуу нерселерди баалашат. Бирок биз асмандагы Атабыздын анын чынчылдыгын жана башка сапаттарын чагылдырып жатканыбызды асыл таштарга караганда жогору баалаарына толук ишенсек болот.

Чынчыл болсок, абийирибизди таза сактап, кызматта сөз эркиндигине ээ болобуз