Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»

«Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла»

«Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды... чөмүлдүргүлө, ошондой эле аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө» (МТ. 28:19, 20).

ЫРЛАР: 141, 97

1, 2. Иса Машаяктын Матай 24:14төгү сөздөрүнө байланыштуу кандай суроолор туулат?

АЙТЫП жаткан кабарыбызга айрымдар кулак какса, башкалары аябай каршы болушат. Анткен менен кабар айтуу иши менен белгилүү экенибизди четке каккандар чанда жолугат. Балким, силер да кабар айтып жүргөндө биз ишенген нерселерге ишенбеген, бирок аткарып жаткан ишибизди баалаган кишилерге кезиккендирсиңер. Биз билгендей, Иса Машаяк Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын дүйнө жүзү боюнча жарыяланарын алдын ала айткан (Мт. 24:14). Кабар айтканыбыз менен ошол пайгамбарлыктын аткарылышына катышып жатканыбызды кайдан билебиз? Иса тапшырган ишти биз аткарып жатабыз деп эсептегенибиз аша чапкандыкка жатпайбы?

2 Негизи, көптөгөн диндер жакшы кабарды жарыялап жатабыз деп ойлошот. Бирок алар көбүнчө өздөрүнүн Иса жөнүндө кантип билгенин башкаларга айтып бергени, чиркөөгө келгендерге сөз сүйлөгөнү, телевизор же Интернет аркылуу маалымат бергени менен эле чектелишет. Кээ бир диндер болсо өздөрүнүн кайрымдуулук иштери же медицина жана билим берүү тармагына көрсөткөн жардамы тууралуу көп айтышат. Бирок алар ошондой иштерди кылуу менен Иса Машаяктын шакирттерине берген буйругун аткарып жатышабы?

3. Матай 28:19, 20га ылайык, Исанын жолдоочулары кайсы төрт нерсени кылышы керек?

3 Иса пайгамбардын жолдоочулары, адамдар өздөрү келмейинче, күтүп олтура беришчү беле? Албетте, жок! Ал тирилгенден кийин жүздөгөн шакирттерине: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды... чөмүлдүргүлө, ошондой эле аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— деп айткан (Мт. 28:19, 20). Демек, бизден төрт нерсе талап кылынат. Биз шакирт даярдашыбыз, аларды чөмүлдүрүшүбүз жана үйрөтүшүбүз керек. Бирок биринчи кезекте эмне кылышыбыз кажет? Иса: «Баргыла»,— деген. Бул буйрук тууралуу Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу: «Көчөнүн аркы бетине өтөбү же деңиздин ары жагынабы, Кудайга ишенген ар бир адам „баргыла“ деген тапшырманы аткарышы керек»,— деп айткан (Мт. 10:7; Лк. 10:3).

4. «Адам уулоочу» деген сөздөр эмнени эске салган?

4 Иса жакшы кабарды жолдоочуларынын ар бири өз-өзүнчө жарыялашы керектигин айтканбы же алардын уюшкандыкта иш жүргүзүшүн каалаганбы? Жалгыз киши «бардык элдерге» жете албагандыктан, ал ишти көп адамдар уюшкандыкта аткарышы керек. Бул Исанын шакирттерине: «Мен силерди адам уулоочу кылам»,— деп айткан сөздөрүнөн көрүнүп турат. (Оку: Матай 4:18—22.) Анын айткандары кайырмакты салып коюп, балыктын түшүшүн күтүп отура берген жалгыз балыкчынын эмес, чогуу-чараан тор салып, жан алакетке түшкөн көп балыкчынын иш-аракетин эске салган (Лк. 5:1—11).

5. Кабар айтуу ишине байланыштуу кайсы төрт суроого жооп алганыбыз маанилүү?

5 Кимдер Иса айткан пайгамбарлыктын аткарылышына катышып жатканын аныкташ үчүн төмөнкү төрт суроого жооп алганыбыз маанилүү:

  • Эмне жөнүндө кабар айтылышы керек?

  • Ниетибиз кандай болушу кажет?

  • Кандай ыкмалар колдонулушу зарыл?

  • Кабар канчалык деңгээлде жана канча убакыт айтылышы керек?

Бул суроолордун жообу бизге адамдардын өмүрүн сактай турган ишти кимдер аткарып жатканын аныктоого көмөк кылат. Ошондой эле ал ишти туруктуулук менен аткара берүүгө түрткү берет (1 Тим. 4:16).

ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ КАБАР АЙТЫЛЫШЫ КЕРЕК?

6. Иса айткан кабарды Жахабанын Күбөлөрү жарыялап жатат деп эмне үчүн айта алабыз?

6 Оку: Лука 4:43. Иса Машаяк «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» жарыялаган жана жолдоочуларынын да ошол кабарды жарыялашын каалаган. Ал кабарды кимдер «бардык элдерге» айтып жатат? Жахабанын Күбөлөрү гана. Муну атүгүл бизге каршы болгондор да мойнуна алышат. Мисалы, бир дин кызматчы ишенимдешибизге өзүнүн көп өлкөлөрдө жашаганын жана ал жактагы Жахабанын Күбөлөрүнөн эмне жөнүндө кабар айтышарын сураганын айткан. Анан: «Ушунчалык баштары айланып калгандыктан, баары тең: „Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды“,— деп жооп беришкен»,— деген. Бирок ишенимдештерибиз «башы айлангандыктан» эмес, Машаяктын чыныгы жолдоочулары катары бир эле кабарды жарыялагандыктан ошентип жооп беришкен (1 Кор. 1:10). Ошондой эле алар айткан кабар «Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт» деген журналда камтылган кабарга шайкеш келген. Бүгүнкү күндө «Күзөт мунарасы» 254 тилге которулуп, ар бир саны 59 миллиондой нускада басылып чыгат жана дүйнөдөгү эң кеңири таралган журнал болуп эсептелет.

7. Христиан дүйнөсүндөгү диний жетекчилердин Иса жарыялаган кабарды айтпай турганы эмнеден көрүнүүдө?

7 Христиан дүйнөсүндөгү диний жетекчилер Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды айтышпайт. Ал эми Падышалык тууралуу сөз кылганда көптөрү аны адамдын жүрөгүндөгү нерсе деп түшүндүрүшөт (Лк. 17:21). Алар башкаларга Кудайдын Падышалыгы Иса Машаяк башкарган, адамзаттын бардык көйгөйлөрүн чече турган асмандагы өкмөт экенин жана анын жакында жер жүзүнөн бүт жамандыкты түп-тамыры менен жок кыларын түшүнүүгө жардам беришпейт (Аян 19:11—21). Исаны Рождество же Пасха майрамында эле эстешет. Сыягы, диний жетекчилер Исанын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары эмнелерди ишке ашырарын билишпейт. Эгер алар кайсы кабарды айтыш керектигин билбесе, аны кандай ниет менен айтышты кайдан билмек эле?

НИЕТИБИЗ КАНДАЙ БОЛУШУ КАЖЕТ?

8. Жакшы кабарды кандай ниет менен айтуу туура эмес?

8 Биз жакшы кабарды кандай ниет менен айтышыбыз керек? Ал иш акча чогултуу же заңгыраган имараттарды куруу максатында жүргүзүлбөшү керек. Иса Машаяк шакирттерине: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деп айткан (Мт. 10:8). Ооба, биз «Кудайдын сөзүн сатып пайда көрбөйбүз» (2 Кор. 2:17). Жакшы кабарды жарыялаганыбыз үчүн да акча албайбыз. (Оку: Элчилер 20:33—35.) Иса айкын көрсөтмө берсе да, көптөгөн чиркөөлөр өздөрүн материалдык жактан камсыз кылыш үчүн жана диний жетекчилери менен башка жумушчуларына акы төлөш үчүн акча чогултууга басым жасашат. Натыйжада христиан дүйнөсүндөгү диний жетекчилердин көбү аябагандай чоң байлык топтоодо (Аян 17:4, 5).

9. Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу ишин туура ниет менен аткарып жатканы эмнеден көрүнүүдө?

9 Жахабанын Күбөлөрү тууралуу эмне айтууга болот? Алардын иши ыктыярдуу тартуулар менен каржыланат (2 Кор. 9:7). Алар Падышалык залдарында же жыйындарда элден акча чогултушпайт. Ошого карабай өткөн жылы эле Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишине 1 миллиард 930 миллиондой саат жумшап, ай сайын 9 миллиондон ашуун ыйык китептик изилдөө өткөрүшкөн. Таң калыштуусу, алар мунун баарын акысыз кылгандан сырткары, чыгымдарын өздөрү жабышат. Жахабанын Күбөлөрүнүн иши жөнүндө айтып жатып бир изилдөөчү: «Алардын негизги максаты — кабар айтуу жана окутуу»,— деген. Анан аларда акы алган диний жетекчилердин жок болгондугу чыгымды бир топ азайтарын айткан. Эгер акча албасак, ал ишти кандай ниет менен кылуудабыз? Биз Жахабаны жана жакындарыбызды сүйгөндүктөн ал ишти өз ыктыярыбыз менен аткарабыз. Кудайдын элинин ушундай маанайы Забур 110:3төгү пайгамбарлыктын аткарылып жатканын тастыктап турат. (Аятты оку.)

КАНДАЙ ЫКМАЛАР КОЛДОНУЛУШУ ЗАРЫЛ?

Биз эл жүргөн жердин баарында кабар айтабыз (10-абзацты карагыла)

10. Иса менен шакирттери кабар айтууда кандай ыкмаларды колдонушкан?

10 Иса менен шакирттери кабар айтууда кандай ыкмаларды колдонушкан? Алар эл жүргөн жердин баарында: көчөлөрдө, базарларда жана башка жерлерде кабар айтышчу. Кабар айтуу иши өз ичине үйдөн үйгө кыдырып, татыктууларды издөөнү да камтыган (Мт. 10:11; Лк. 8:1; Элч. 5:42; 20:20). Ушундай ыкма жакшы кабарды бардык адамдарга жеткирүүгө шарт түзгөн.

11, 12. Христиан дүйнөсүнүн жана Жахабанын Күбөлөрүнүн жакшы кабарды жарыялоого жумшаган аракети тууралуу эмне айтууга болот?

11 Христиан дүйнөсүндөгү чиркөөлөр ушундай ыкмаларды колдонуп жатышабы? Адатта, диний жетекчилер чиркөөгө келгендерге эле кабар айтышат жана ал үчүн акы алышат. Алар «адам уулоочу» болбой эле, колдорунда бар «балыктарды», тактап айтканда, чиркөөгө келгендерди сактап калуу менен алек. Ырас, кээде айрым диний жетекчилер кандайдыр бир жолдор менен кабар айтууга аракет кылышат. Мисалы, 2001-жылдын башында папа Иоанн Павел II бир катында мындай деп жазган: «Көптөгөн жылдардан бери мен жакшы кабар айтууга кайра-кайра чакырып келем. Азыр да ошого чакырам... Биз: „Жакшы кабарды айтпасам, мага кайгы“,— деп айткан элчи Пабылдай болуп жалындашыбыз керек». Анан ал кабар айтуу ишине атайын үйрөтүлгөн бир нече эле киши эмес, чиркөөнүн бардык мүчөлөрү катышышы керек экенин айткан. Бирок анын чакырыгына саналуу эле киши жооп кайтарган.

12 Ал эми Жахабанын Күбөлөрү тууралуу эмне айтууга болот? Иса Машаяктын 1914-жылдан тартып падышалык кылып жатканын алар гана жарыялоодо. Исанын буйругуна ылайык, алар кабар айтуу ишине абдан чоң маани беришет (Мр. 13:10). Бир китепте: «Жахабанын Күбөлөрү үчүн кабар айтуу иши эң биринчи орунда турат»,— деп жазылган. Анан бир ишенимдешибиздин сөзү келтирилгенден кийин мындай делген: «Алар ачка, жалгызсыраган, ооруган адамдарды кезиктиришсе, жардам беришет,.. бирок бул дүйнөнүн акыры жакындап калганын, куткарылууга умтулуу зарыл экенин кабарлоо эң маанилүү иш экенин унутушпайт» («Pillars of Faith—American Congregations and Their Partners»). Чынында эле, Жахабанын Күбөлөрү Иса менен шакирттери колдонгон ыкмаларды колдонуп, ошол ишти улантууда.

КАБАР КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ ЖАНА КАНЧА УБАКЫТ АЙТЫЛЫШЫ КЕРЕК?

13. Кабар канчалык деңгээлде айтылышы керек?

13 Иса пайгамбар: «Жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча... таратылат»,— деп айтканда ал иштин канчалык деңгээлде кулач жаярын көрсөткөн (Мт. 24:14). Ал жолдоочуларына «бардык элдерден» шакирт даярдоону буйруган (Мт. 28:19, 20). Бул кабар айтуу ишинин төгөрөктүн төрт бурчунда жүргүзүлөрүн билдирген.

14, 15. Жахабанын Күбөлөрүнүн Исанын дүйнө жүзү боюнча кабар айтылары жөнүндөгү пайгамбарлыгын аткарып жатышканы эмнелерден көрүнүүдө? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

14 Жахабанын Күбөлөрү Исанын дүйнө жүзү боюнча кабар айтылары жөнүндөгү пайгамбарлыгын кандайча аткарып жатышканын түшүнүү үчүн айрым далилдерди карап көрөлү. Кошмо Штаттарда христиан дининин ар кайсы агымындагы диний кызматкерлердин баары биригип 600 000дей эле болсо, Жахабанын Күбөлөрү 1 200 000дей болот. Бүт жер жүзү боюнча Рим-католик чиркөөсүндөгү дин кызматчылардын саны 400 000ден бир аз көбүрөөк. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 240 өлкөдө Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялап жаткан Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 8 000 000дон ашат. Алардын кылып жаткан иши Кудайдын даңкталып-макталышына өбөлгө түзүүдө (Заб. 34:1; 51:15).

15 Жахабанын Күбөлөрү катары биз бул дүйнөнүн акыры келгенге чейин жакшы кабарды мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга жеткиргибиз келет. Ошол себептен Ыйык Китепке негизделген адабияттарды которууга жана басып чыгарууга көп күч жумшайбыз. Миллиондогон китептер, журналдар, баракчалар, жыйынга жана Эскерүү кечесине чакыруу баракчалары акысыз таратылат. Андай адабияттар 700дөн ашык тилде жарык көрөт. Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» 130дан ашуун тилде 200 миллиондон ашык нускада басылган. Өткөн жылды эле алганда, Ыйык Китепке негизделген адабияттарды төрт жарым миллиарддай нускада басып чыгардык. Ал эми расмий веб-сайтыбыз 750дөн ашуун тилге которулат. Дагы кайсы диний уюм ушундай ишти кылууда?

16. Жахабанын Күбөлөрүндө ыйык рух бар экенин кайдан билебиз?

16 Кабар айтуу иши канча убакытка созулушу керек? Иса айткандай, жакшы кабар «дүйнө түзүлүшүнүн акыры» келгенге чейин жарыяланышы керек (Мт. 24:14). Ушул акыркы күндөрдө кайсы диний уюм кабар айтуу ишин жүргүзүүдө? Кызматтан жолуктурган кээ бир адамдар: «Бизде ыйык рух бар»,— деши мүмкүн. Бирок алар кабар айтып жатышабы? Ал эми Жахабанын Күбөлөрү ушул акыркы оор күндөрдө да күбөлөндүрүү ишин токтотпой аткарып келатышат. Бул аларда Кудайдын ыйык руху бар экенин далилдеп турган жокпу?! (Элч. 1:8; 1 Пет. 4:14). Мезгил-мезгили менен башка диндегилер биз кылганды кылууга аракеттенишсе да, көбүнчө алардын аракетинен эч кандай майнап чыкпайт. Кээ бирлери болсо миссионердик ишти баштап көрүшкөн, бирок көп узабай эле кайрадан күнүмдүк турмушу менен алек болуп кетишкен. Айрымдар атүгүл үймө-үй кыдырууга аракет кылышат, бирок Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтышпайт. Андыктан аларды Иса баштаган ишти кылып жатат деп айтууга болбойт.

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ КИМДЕР ЖАКШЫ КАБАРДЫ ЖАРЫЯЛООДО?

17, 18. а) Падышалык жөнүндөгү кабарды Жахабанын Күбөлөрү жарыялап жатат деп эмне үчүн ишенимдүү түрдө айта алабыз? б) Бул ишти эмненин аркасында кылуудабыз?

17 Демек, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды кимдер жарыялап жатат? Ишенимдүү түрдө: «Жахабанын Күбөлөрү»,— деп айта алабыз. Эмне үчүн? Анткени биз Иса айткан кабарды — Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды — жарыялоодобуз. Адамдарга өзүбүз баруу менен туура ыкмаларды колдонуп жатабыз. Биз ал ишти туура ниет менен — пайда көрүш үчүн эмес, сүйүүбүздөн улам — аткаруудабыз. Жакшы кабарды бардык улуттарга, ар кайсы тилде сүйлөгөн адамдарга жеткирип, дүйнө жүзү боюнча жарыялап жатабыз. Бул ишти дүйнөнүн акыры келгенге чейин токтотпой аткара беребиз.

18 Кудайдын элинин азыркы жүрөк толкутарлык учурда кылып жаткан иши таң калтырбай койбойт. Алар муну эмненин аркасында кылып жатышат? Бул суроого элчи Пабылдын: «Кудай, өзүнүн эркине ылайык иш кылышыңар үчүн, силерге каалоо да, күч да берип, иш-аракет кылууга түрткү берет»,— деген сөздөрү жооп боло алат (Флп. 2:13). Кызматыбызды толугу менен аткарышыбыз үчүн, мээримдүү Атабыз бизге мындан ары да иш-аракет кылууга түрткү бере берсин (2 Тим. 4:5).