Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мамлекет кызматкерлери менен мамилелешүүдө Ыйык Китепке ылайык үйрөтүлгөн абийирибизге жетектелишибиз керек

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Кудайдын кызматчысы мамлекет кызматкерлерине белек же чай пул бергени туура болор-болбосун кантип аныктай алат?

Буга байланыштуу айрым нерселерди эске алуу керек. Эң оболу, Кудайдын кызматчысынын чынчыл болушу талап. Ал Жахабанын мыйзамдарына каршы келбеген мамлекеттик мыйзамдарга баш ийүүгө тийиш (Мт. 22:21; Рим. 13:1, 2; Евр. 13:18). Андан тышкары, жергиликтүү элдин маданиятын, сезимдерин эске алып, жакынын өзүн сүйгөндөй сүйүшү кажет (Мт. 22:39; Рим. 12:17, 18; 1 Тес. 4:11, 12). Ушул сыяктуу принциптер дүйнөнүн чар тарабында жашаган ишенимдештерибиздин белек же чай пул берүүгө карата болгон көз карашына таасир этери шексиз.

Көптөгөн өлкөлөрдө жарандардан өздөрү укуктуу болгон нерсеге ээ болуш үчүн мамлекет кызматкерлерине бир нерсе берүү талап кылынбайт. Кызматкерлер аткарган иши үчүн өкмөттөн акы алгандыктан элден кошумча бир нерсе сурашпайт жана үмүт этишпейт. Башка өлкөлөрдө болсо мамлекет кызматкерлеринин атүгүл мыйзамдуу түрдө аткарган кызматы үчүн бир нерсе алганы мыйзамды бузууга жатат. Берилген белек же акча иштин жыйынтыгына таасир этпеген күндө да, ал пара болуп эсептелет. Андай жерлерде Кудайдын кызматчысынын мамлекет кызматкерлерине бир нерсе берсе болор-болбосуна байланыштуу суроо да туулбайт. Себеби андай иш туура эмес деп саналат.

Бирок жогорудагыдай мыйзамдар жок өлкөлөрдө же андай мыйзамдар тийиштүү деңгээлде иштебеген жерлерде жагдай башкача. Андай жерлерде кызматкерлер өзүнүн абалынан пайдаланып, кыла турган иши үчүн акча же дагы башка нерсе сурашат жана сураганын алмайынча эч нерсе кылгысы келишпейт. Алсак, нике каттагандар, салыкчылар, курулуш иштерине уруксат бергендер жана башка кызматкерлер чай пул талап кылышат. Эгер кимдир бирөө чай пул бербесе, ал укуктуу болгон нерсени да жасап бербей, атайлап чоң тоскоолдуктарды жаратышат, кээде атүгүл аткарылгыс талаптарды коюшат. Бир өлкөдө өзгөчө кырдаалдарда кызмат кылган өрт өчүргүчтөрдүн адегенде көңүлүнө толорлук суммада акча алмайын өрт өчүрүүгө киришпей турганы билдирилген.

Кээде ыраазычылык иретинде бир нерсе берүү орундуу болушу мүмкүн

Ушундай жагдай өкүм сүргөн жерлерде айрымдар чай пул бербей коюу мүмкүн эмес деп ойлошот. Андай өлкөдө жашаган Кудайдын кызматчысы чай пулду кызматкердин аткарган иши үчүн берилчү кошумча акы деп эсептеши ыктымал. Бирок паракорлук кеңири кулач жайган чөйрөдө жашаган ишенимдештерибиз абдан сак болуп, Кудайдын көз алдында эмне туура, эмне туура эмес экенин айкын ажырата билиши зарыл. Мыйзамдуу түрдө укугу бар нерсе үчүн чай пул берүү менен мыйзамга каршы келген нерсе үчүн чай пул берүүнүн ортосунда чоң айырма бар. Паракорлук күч алган жактарда айрымдар укугу жок болгон нерсеге жетиш үчүн кызматкерлердин алкымын майлашат, ал эми кээ бирлери тийиштүү жазадан качыш үчүн полиция кызматкерине же инспекторго пара беришет. Албетте, кимдир бирөөгө «белек» берип, анын «ниетин бузганыбыз» же өзүбүздүн андай «белекти» кабыл алганыбыз туура эмес. Анткени эки жагдайда тең акыйкаттык бурмаланат (Чыг. 23:8; Мыйз. 16:19; Накыл 17:23).

Мамлекет кызматкерлери чай пул сураганда, абийири Ыйык Китептин негизинде тарбияланган Кудайдын кызматчыларынын көбү аны берүүнү туура көрбөйт. Себеби андай кылуу паракорлукка көз жумганга, атүгүл анын жайылышын шарттаганга жатат деп эсептешет. Ошондуктан алар, белек-бечкектин кандай түрү болбосун, берүүдөн баш тартышат.

Кудайдын жетилген кызматчылары мыйзамга туура келбеген иш үчүн кызматкерлерге белек берүүнү паракорлук катары көрүшөт. Ошентсе да айрымдар өздөрү мыйзамдуу түрдө укуктуу болгон нерсеге ээ болуш үчүн же жок жерден адилетсиз мамилеге кабылбаш үчүн, жергиликтүү жагдай-шартка жараша, ыраазычылык иретинде бир нерсе берүүнү туура көрүшү мүмкүн. Кээ бир учурларда айрым ишенимдештерибиз ооруканада бекер дарылангандан кийин медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, белек беришет. Алар аны дарыланып бүткөндөн кийин бергендиктен, эч ким алардын ниетине шектенип, башкаларга караганда жакшыраак кам көрүлүшү үчүн пара берди деп ойлобойт.

Бул макалада ар кайсы өлкөдө боло турган жагдайлардын баарын карап чыгуу мүмкүн эмес. Эң негизгиси, жергиликтүү жагдай-шарт кандай болбосун, Кудайдын кызматчысы чечим чыгарганда абийирин таза сактоого умтулушу керек (Рим. 14:1—6). Ошондой эле мыйзамга каршы иш кылуудан качышы зарыл (Рим. 13:1—7). Ал Жахабанын ысмына сөз тийгизе турган же башкаларды мүдүрүлтө турган иштердин баарынан оолак болушу кажет (Мт. 6:9; 1 Кор. 10:32). Андан тышкары, чыгарган чечимдеринен жакынын сүйөрү көрүнүп турушу керек (Мр. 12:31).

Кимдир бирөөнүн жыйналышка кайра кабыл алынганы кулактандырылганда, кубанычыбызды кантип билдирсек болот?

Лука китебинин 15-бөлүмүндө Иса Машаяктын 100 кою бар киши жөнүндө айткан жүрөк козгоорлук мисалы жазылган. Бир кою жоголуп кеткенде, ал киши 99 коюн ээн талаага калтырып коюп, жоголгон коюн тапмайынча издеген. Иса мисалын мындай деп улаган: «Тапканда аны ийнине көтөрүп алып, кубанган бойдон үйүнө келет да, достору менен кошуналарын чакырып: „Мага кошулуп кубангыла: жоголгон коюмду таптым“,— дейт». Аягында Иса: «Силерге айтып коёюн, өкүнүүгө муктаж болбогон токсон тогуз адил адамга караганда өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн асманда көбүрөөк кубаныч болот»,— деп жыйынтыктаган (Лк. 15:4—7).

Контексттен көрүнүп тургандай, Иса Машаяк ал сөздөрдү аны салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен чогуу болгону үчүн айыптаган китепчилер менен фарисейлердин оюн оңдоо максатында айткан (Лк. 15:1—3). Ал бир күнөөкөрдүн өкүнгөнүнө асманда чоң кубаныч болорун баса белгилеген. Андыктан бизде: «Күнөөкөр өкүнүп, туура эмес жолунан бурулуп, кайрадан түз жолго түшкөндө, асманда чоң кубаныч болуп жатса, жердегилер да кубанышы керек эмеспи?» — деген суроо туулат (Евр. 12:13).

Кимдир бирөө жыйналышка кайра кабыл алынганда, бизде кубанууга чоң себеп болот. Албетте, ал Кудайдын алдында андан ары да кынтыксыз бойдон калышы керек. Бирок ал кабыл алынганга чейин чындап өкүнгөнүн иш жүзүндө көрсөттү. Ошондуктан биз буга сүйүнөбүз. Андыктан аксакалдар кимдир бирөөнүн жыйналышка кабыл алынганын кулактандырып жатканда, жыйналыштагылардын өтө дүркүрөтпөй, орду менен кол чапканы орундуу эле болот.

Иерусалимдеги Бетзада көлмөсү эмнеден улам «чайпалчу»?

Иса Машаяк жерде жүргөндө, Иерусалимдин айрым тургундары Бетзада көлмөсү чайпалганда айыктыра турган касиетке ээ болуп калат деп ишенишчү (Жкн. 5:1—7). Ошондуктан ал жерге оорулуулар көп чогула турган.

Археологдор байыркы убактагы жүйүттөр тазалануу каадасын аткарган бир көлмөнү табышкан. Алар аны Бетзада көлмөсү болгон деп ойлошот. Ал көлмөнүн суусу жанаша жайгашкан суу сактагычтын эсебинен толтурулчу. Археологиялык изилдөөлөрдөн билингендей, көлмө менен суу сактагычтын ортосунда тосмо бар болчу. Тосмонун дарбазасын ачышканда, суу сактагычтан арык аркылуу суу агып барып, көлмөгө түбүнөн кошулуп калчу. Ошондой учурларда анын суусу чайпала турган.

Ыйык Китептин айрым котормолорунда Жакан 5:4тө сууну периште чайпаган деп айтылат. Бирок 4-кылымга таандык Синай кодекси сыяктуу грек тилиндеги беделдүү кол жазмаларда ал аяттын кездешпегени көңүлгө аларлык. Анткен менен Иса пайгамбар Бетзада көлмөсүнүн жанынан 38 жылдан бери ооруп жүргөн бир кишини айыктырган. Ал киши көлмөгө түшпөй эле заматта айыгып калган.