Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эски табиятты чечип, кайра кийбегенге эмне жардам берет?

Эски табиятты чечип, кайра кийбегенге эмне жардам берет?

«Эски табиятты иштери менен кошо чечкиле» (КОЛ. 3:9).

ЫРЛАР: 121, 142

1, 2. Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө башкалар эмне дешкен?

КӨПТӨР Жахабанын Күбөлөрүнүн сонун сапаттарга ээ экенин айтышат. Мисалы, Антон Жилл деген жазуучу нацисттик Германиядагы бир туугандарыбыз жөнүндө: «Нацисттер Жахабанын Күбөлөрүн аябай жек көрчү... 1939-жылга чейин алардын 6 000и [концлагерлерге] түшкөн»,— деген. Ал алардын катуу куугунтукка карабай ишеничтүү, сабырдуу, биримдүү болгонун жана берилгендигинен жазбаганын айткан.

2 Түштүк Африкада жашагандар да Жахабанын Күбөлөрүнүн башкалардан айырмаланып турарын байкашкан. Бир кездерде ал жактагы ар кайсы расадагы ишенимдештерибиз ээн-эркин бир жерге чогула алышчу эмес. Бирок 2011-жылы 18-декабрда Йоханнесбург шаарындагы чоң стадиондо өткөн жыйынга 78 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү чогулган. Ар улуттан болгон ал бир туугандар Түштүк Африканын ар кайсы жеринен жана кошуна өлкөлөрдөн келишкен. Алар жөнүндө стадиондун жетекчилеринин бири мындай деген: «Ушундай тартиптүү элди биринчи жолу көрүшүм. Баарыңар тең адептүү кийинет экенсиңер. Стадионду да таптаза кылып койдуңар. Бирок баарынан да ар улуттан болгонуңар таң калтырды».

3. Башка уюмдардан эмнебиз менен айырмаланабыз?

3 Жахабага кызмат кылбаган адамдардын ушундай сөздөрү эл аралык бир туугандыгыбыздын чынында эле өзгөчө экенин көрсөтүп турат (1 Пет. 5:9). Биздин уюм башка уюмдардан эмнеси менен айырмаланат? Биз Кудайдын Сөзүнүн, ыйык рухунун жардамы менен «эски табиятты... чечип», «жаңы табиятты кийгенге» бүт күчүбүздү жумшайбыз (Кол. 3:9, 10).

4. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз жана эмне үчүн?

4 Биз эски табиятты чечип эле койбостон, аны кайра кийбегенге да аракет кылышыбыз керек. Бул макалада эски табиятты кантип чечсек болорун, андай кылганыбыз эмне себептен маанилүү экенин талкуулайбыз. Ошондой эле туура эмес иштерге белчесинен батып калган адамдардын да өзгөрө аларын жана чындык жолунда көптөн бери жүргөндөр эски табиятты кайра кийбеш үчүн эмне кылса болорун карап чыгабыз. Буларды талкуулаганыбыз эмне үчүн маанилүү? Өкүнүчтүүсү, Жахабанын айрым кызматчылары сак болбогондуктан мурунку туура эмес иштерин кайрадан кыла башташкан. Ошондуктан ар бирибиз: «Ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун»,— деген эскертүүгө кулак кагышыбыз керек (1 Кор. 10:12).

«БУЗУКТУККА... АЗГЫРГАН» КААЛООЛОРУҢАРДЫ «ӨЛТҮРГҮЛӨ»

5. а) Эски табиятты тезирээк чечишибиз керектигин мисал менен түшүндүргүлө. (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.) б) Колосалыктар 3:5—9-аяттарга ылайык, эски табияттын иштерине эмнелер кирет?

5 Кийимиңер кир болуп калса, атүгүл жагымсыз жыттанса, эмне кылат элеңер? Мүмкүн болушунча эртерээк чечкенге аракет кылмак болушуңар керек. Ошо сыңары, Кудайга жакпаган адаттардан арылууга байланыштуу эскертүүгө дароо кулак какканыбыз маанилүү. Биз элчи Пабылдын ишенимдештерине берген: «Булардын баарынан... арылгыла»,— деген кеңешине баш ийгибиз келет. Анда эмесе, ал айтып өткөн туура эмес иштердин экөөнө: бузуктукка жана ыпыластыкка токтололу. (Оку: Колосалыктар 3:5—9.)

6, 7. а) Пабылдын сөздөрү эски табиятты чечиш үчүн чечкиндүү иш-аракет кылышыбыз керектигин кандайча көрсөтүп турат? б) Сакура кандай жашоо өткөрчү жана ага өзгөрүүгө эмне жардам берген?

6 Бузуктук. Ыйык Китептеги «бузуктук» деген сөздүн түп нускадагы маанисине ылайык, ага мыйзамдуу түрдө никеге турбаган адамдардын ортосундагы жыныстык мамиле жана гомосексуализм да кирет. Пабыл ишенимдештерине «дене мүчөлөрүн» өлтүрүшү керектигин, тагыраак айтканда, «бузуктукка... азгырган» каалоолорунан арылышы керектигин айткан. Ал колдонгон сөз күнөөгө түрткөн каалоолорду жок кылуу үчүн чечкиндүү иш-аракет кылышыбыз керектигин көрсөтүп турат. Бирок бул күрөштө жеңүүчү боло алабыз.

7 Мисалга Жапонияда жашаган Сакура * деген ишенимдешибизди алалы. Ал өспүрүм кезинде көкүрөгүн боштук ээлеп, жалгызсырай берчү. Бир аз жеңилдеш үчүн 15 жашынан тартып ар кайсы эркек менен жыныстык катнашта боло баштаган. Ал мындай дейт: «Ошонун айынан үч жолу боюман алдырдым. Башында жыныстык мамиледе болгондо өзүмдү коопсуз сезчүмүн. Анткени бирөөгө керекмин, мени жакшы көрөт деп ойлочумун. Бирок андай ишке канчалык көп барган сайын, өзүмдү ошончолук керексиз сезип, корко баштадым». Сакура 23кө чыкканга чейин ушундай жашоо өткөргөн. Анан Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Билгендери ага аябай жаккан. Жахабанын жардамы менен ал бузуктук кылганын токтоткон жана өзүн күнөөлөө, уялуу сезиминен арылган. Учурда үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылууда. Ал азыр жалгызсырабайт. «Күн сайын Жахабанын сүйүүсүнө бөлөнүп, өзүмдү чындап бактылуу сезем»,— дейт Сакура.

ЫПЫЛАС ИШТЕРДИ ТАШТОО

8. Кайсы иштерден улам Кудайдын алдында таза эмес болуп калышыбыз мүмкүн?

8 Ыпыластык. Ыйык Китептеги «ыпыластык» деген сөз түп нускада кеңири мааниге ээ. Ал жыныстык адеп-ахлаксыздыкка эле эмес, чылым чегүүгө жана адепсиз тамашаларды айтууга карата да колдонулат (2 Кор. 7:1; Эф. 5:3, 4). Ошондой эле жашыруун кылынган таза эмес иштерди, алсак, жыныстык каалоолорду козгогон китептерди окууну же порнография көрүүнү камтыйт. Мындай кылгандар мастурбациялоону адат кылып алышы мүмкүн (Кол. 3:5) *.

9. «Жыныстык кумарларды» күчөтө берүүнүн кесепети кандай болот?

9 Дайыма порнография көргөндөр «жыныстык кумарларын» ого бетер күчөтө бергендиктен, эси-дартынын баары эле жыныстык катнаш болуп калат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, порнографияга байланып калганын ачык айткан адамдардан ичкиликке, баңгизатка берилип кеткен адамдарга мүнөздүү белгилерди байкоого болот. Ошол себептен порнография көрүүнүн уялуу, жумушту жакшы аткара албоо, үй-бүлөнүн бактысыз болушу, ажырашуу, өзүн өзү өлтүрүү сыяктуу кесепеттерге алып барары таң калыштуу эмес. Порнографиядан арылганына бир жыл болгон бир киши: «Кайрадан өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болдум»,— деген.

10. Рибейро жаман адатын кантип таштаган?

10 Көптөргө порнографиядан алыс болуу үчүн тынбай күрөшүүгө туура келет. Бирок Бразилияда жашаган Рибейронун окуясы көрсөтүп тургандай, аны жеңсе болот. Рибейро өспүрүм кезинде үйүнөн кетип, убакыттын өтүшү менен кагаздарды кайра иштеткен заводго жумушка орношкон. Ал жактан порнография камтылган материалдарды көрө баштаган. Ал мындай дейт: «Акырындап отуруп ага баш-отум менен кирип кеттим. Каалоом ушунчалык күчтүү болгондуктан, мени менен жашап жүргөн аял бир жакка кетери менен, порнографиялык видеолорду көргөнчө шашчумун». Бир күнү Рибейро жумушунан иштетилгени жаткан китептердин арасынан «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китепти көрүп калган. Аны алып, окуп чыккан. Аябай таасирленгендиктен Жахабанын Күбөлөрү менен изилдөөнү чечкен, бирок жаман адатын көпкө чейин таштай албай кыйналган. Ага эмне жардам берген? Ал: «Тиленүүнүн, Ыйык Китепти изилдөөнүн, билгендерим тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында Жахаба Кудайдын сапаттарына болгон ыраазычылыгым өсүп, ага болгон сүйүүм порнография көрүүгө болгон каалоомон күчтүү болуп кетти»,— деген. Ооба, Кудайдын Сөзүнүн, ыйык рухунун жардамы менен ал эски табиятты чечип, чөмүлгөн. Азыр аксакал болуп кызмат кылууда.

11. Порнографиядан алыс болууга эмне жардам берет?

11 Жаман адаты менен күрөшүү үчүн Рибейронун Ыйык Китепти изилдеп коюу менен эле чектелип калбаганын байкасаңар. Кудайдын Сөзү жүрөгүн козгошу үчүн, ал атайын убакыт бөлгөн. Тиленип, ой жүгүртүүнүн аркасында Кудайга болгон сүйүүсү артып, порнография көрүүгө болгон күчтүү каалоосун жеңе алган. Чынында эле, порнографиядан оолак болуунун эң жакшы жолу — Жахабага болгон күчтүү сүйүү өрчүтүү жана ал жек көргөн нерсени жек көрүү. (Оку: Забур 97:10.)

АЧУУДАН, КЕМСИНТЕРЛИК СӨЗДӨРДӨН, ЖАЛГАНЧЫЛЫКТАН АРЫЛАЛЫ

12. Стефанга ачуудан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылганга эмне жардам берген?

12 Ачуусу чукул адамдар кыжырданганда көбүнчө кемсинтерлик сөздөрдү айтышат. Мунун айынан үй-бүлөсүнүн азап тартары айтпаса да түшүнүктүү. Австралиядан болгон Стефан: «Аябай сөгүнүп-сагынчумун. Болбогон эле нерселерге ачуулана берчүмүн. Аялым экөөбүз үч жолу бөлөк жашадык. Мына, мына ажырашабыз деп турганбыз»,— дейт. Ошол учурда алар Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей башташкан. Стефандын Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык иш кылганынын натыйжасы кандай болгон? Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Жашообуз түп-тамыры менен өзгөрдү. Жахаба мага жардам бергендиктен, азыр жан дүйнөм тынчып, сабырдуу болуп калдым. Мурун бирөө кичине эле жиниме тийип койсо, бомбадай болуп жарылып кетчүмүн». Учурда Стефан кызмат жардамчысы, ал эми аялы бир нече жылдан бери үзгүлтүктүз пионер болуп кызмат кылат. Стефандын жыйналышындагы аксакалдар ал жөнүндө: «Стефан — аябай оор басырыктуу, эмгекчил, момун бир тууган»,— дешет. Алар анын ачууланганын такыр көрүшкөн эмес. Ушунун баарына ал өз күчү менен жеткенби? «Жахабанын жардамын кабыл алып, мени толугу менен өзгөртүшүнө жол бербесем, мындай кереметтүү баталардын бирине да ээ болмок эмесмин»,— дейт ал.

13. Ачуулануу эмне үчүн кесепеттүү жана Ыйык Китепте кандай эскертүү берилет?

13 Ыйык Китепте ачуудан, кемсинтерлик сөздөрдөн, кыйкырыктан алыс болушубуз керектиги бекеринен эскертилген эмес (Эф. 4:31). Анткени булар зордук-зомбулукка алып барат. Дүйнөдөгү адамдар ачууланууну кадимки эле нерседей көрүшү мүмкүн, бирок бул Жаратканыбызга урмат көрсөтпөгөндүккө жатат. Ошол себептен көптөгөн бир туугандарыбыз эски табиятка мүнөздүү болгон ушундай зыяндуу нерселерден арылып, жаңы табиятты кийишкен. (Оку: Забур 37:8—11.)

14. Ачуулуу адам жумшак боло алабы?

14 Австриядагы бир жыйналышта аксакал болуп кызмат кылган Ханс деген бир туугандын окуясын карап көрөлү. Жыйналышындагы аксакалдар кеңешинин координатору: «Ал — эң эле жумшак бир тууган»,— дейт. Бирок Ханс башынан эле ушундай киши болгон эмес. Өспүрүм кезинде ичкиликке берилип кеткендиктен, аябай ачуулуу болуп калган. Бир жолу катуу мас болуп калып, ачуусунан улам сүйлөшкөн кызын өлтүрүп салган. Ошонун айынан 20 жылга кесилип кеткен. Бирок түрмө аны өзгөртүп жиберген эмес. Кийинчерээк апасы бир аксакалдан аны менен байланышышын суранган. Натыйжада Ханс Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал мындай дейт: «Эски табиятты чечүү оңой болгон жок. Мага түрткү берген аяттардын айрымдары: „Ыймансыз өз жолун... таштасын“,— деген сөздөр жазылган Ышая 55:7 жана туура эмес иштерин калтыргандар жөнүндө: „Кээ бирлериңер мурун ушундай адамдардан элеңер“,— деп жазылган 1 Корунттуктар 6:11 болду. Көп жылдар бою Жахаба мага жаңы табиятты кийгенге ыйык руху аркылуу чыдамдуулук менен жардам берип келди». Ханс түрмөдөн чөмүлгөн. Ал он жети жарым жыл отургандан кийин бошотулган. «Жахабанын чексиз ырайымына, кечиримдүүлүгүнө миң мертебе ыраазымын»,— дейт Ханс.

15. Эски табияттын иштерине дагы эмне кирет жана ал жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет?

15 Эски табияттын иштерине жалганчылык да кирет. Мисалы, көптөр салык төлөгөндөн качкандыктан же жазадан корккондуктан калп айтышат. Бирок Жахаба — «чындыктын Кудайы» (Заб. 31:5). Ошондуктан ал ар бир кызматчысынан жакынына чындыкты айтышын, калп сүйлөбөшүн талап кылат (Эф. 4:25; Кол. 3:9). Демек, оор болсо да, ыңгайсыз болсо да, дайыма чындыкты айтышыбыз керек (Накыл 6:16—19).

АЛАР КАНТИП ЖЕҢИШКЕН?

16. Эски табиятты чечкенге эмнелер жардам берет?

16 Эч ким эски табиятты өз күчү менен чече албайт. Жогоруда сөз кылынган Сакура, Рибейро, Стефан жана Ханс жаман адаттарын ташташ үчүн көп күч-аракет жумшашкан. Алар жүрөгүнө жана акылына Кудайдын Сөзүнүн, ыйык рухунун таасир этишине жол бергендиктен жеңишке жете алышкан (Лк. 11:13; Евр. 4:12). Кудайдын Сөзү менен ыйык руху бизге да таасир этиши үчүн, Ыйык Китепти күн сайын окуп, ой жүгүртүшүбүз жана Кудайдан андагы кеңештерди колдонууга күч, акыл беришин сурап тиленип турушубуз керек (Жаш. 1:8; Заб. 119:97; 1 Тес. 5:17). Ошондой эле жыйналыш жолугушууларына даярданып, дайыма катышышыбыз зарыл (Евр. 10:24, 25). Андан тышкары, Кудайдын дүйнө жүзүндөгү элине ар кандай жолдор менен берилип жаткан рухий тамактан толук пайда алышыбыз кажет (Лк. 12:42).

Эски табиятты чечкенге эмнелер жардам берет? (16-абзацты карагыла)

17. Кийинки макалада эмнени карайбыз?

17 Биз Кудайдын кызматчылары чечип, кайра кийбеши керек болгон эски табиятка мүнөздүү айрым нерселерди карап чыктык. Бирок Кудайга жагыш үчүн ушул эле жетиштүүбү? Жок. Бизден жаңы табиятты кийүү да талап кылынат. Кийинки макалада дайыма кийип жүрүшүбүз керек болгон жаңы табиятка эмнелер кирерин карайбыз.

^ 7-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 8-абз. Карагыла: «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер», 1-том, 25-бөлүм.