Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сенде жетиштүү далил барбы?

Сенде жетиштүү далил барбы?

«Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат» (НАКЫЛ 18:13).

ЫРЛАР: 126, 95

1, 2. а) Кудайдын кызматчылары эмне кылууга үйрөнүшү керек жана эмне үчүн? б) Бул макалада эмнелерди талкуулайбыз?

КУДАЙДЫН кызматчылары катары биз маалыматты кылдат иликтеп, туура жыйынтык чыгарууга үйрөнүшүбүз керек (Накыл 3:21—23; 8:4, 5). Болбосо Шайтан менен анын дүйнөсү ой жүгүртүүбүздү оңой эле бурмалап коёт (Эф. 5:6; Кол. 2:8). Бизде жетиштүү далил болгондо гана туура жыйынтык чыгара алабыз. Накыл сөздөр 18:13тө: «Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат»,— делет.

2 Бул макалада далилдердин тактыгын аныктап, туура тыянакка келүүгө тоскоолдук кылган айрым нерселерди карап чыгабыз. Ошондой эле Ыйык Китептеги принциптерди жана мисалдарды талкуулайбыз. Алар бизге маалыматтын тактыгын аныктаганга үйрөнүүгө жардам берет.

«АР БИР СӨЗГӨ ИШЕНЕ БЕРБЕ»

3. Эмне үчүн Накыл сөздөр 14:15теги принципти колдонушубуз керек? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Бүгүнкү күндө маалымат туш-туштан жаап жатат. Мисалы, алар Интернеттеги веб-сайттар, телевизор жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берилүүдө. Андан сырткары, көптөргө достору, тааныштары электрондук почта, SMS жана социалдык тармактар аркылуу жакшы эле ой менен ар кандай маалыматтарды байма-бай жөнөтүп турушат. Учурда жалган маалыматтарды атайлап таратуу жана далилдерди бурмалоо кеңири кулач жайып бараткандыктан, сак болуп, уккан нерселерибизди кылдат талдай билишибиз керек. Мындай кылууга Ыйык Китептеги кайсы принцип жардам берет? Накыл сөздөр 14:15те: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп жазылган.

4. Филипиликтер 4:8, 9да жазылгандар окуй турган маалыматты ылгай билүүгө кандайча жардам берет жана маалыматтын так болгону эмне үчүн маанилүү? (« Так маалымат алууга жардам берген булактар» деген кутучаны да кара.)

4 Туура чечим чыгаруу үчүн жүйөлүү далилдер болушу керек. Андыктан окуй турган маалыматты ылгай билгенибиз абдан маанилүү. (Оку: Филипиликтер 4:8, 9.) Биз шектүү сайттардагы жаңылыктарды көрүүгө же социалдык тармактар аркылуу таратылган жана чындык экени далилденбеген маалыматтарды окууга убактыбызды коротпошубуз керек. Өзгөчө, чындыктан четтегендердин веб-сайттарынан жаа бою качышыбыз зарыл. Алардын көздөгөнү — Кудайдын кызматчыларынын ишенимин алсыратып, чындыкты бурмалоо. Туура эмес маалымат туура эмес чечим чыгарууга алып келет. Адаштырган маалыматтардын акылыңа жана жүрөгүңө күчтүү таасир этерин такыр эсиңден чыгарба (1 Тим. 6:20, 21).

5. Ысрайылдыктар кандай жалган маалымат угушкан жана ал аларга кандай таасир эткен?

5 Жалган нерселерге ишенүү кесепеттүү болушу мүмкүн. Мисалы, Муса пайгамбардын убагында болгон бир окуяга токтололу. Убадаланган жерди чалгындап келүүгө жиберилген 12 кишинин 10у жаман кабар айтып келишкен (Сан. 13:25—33). Алар уккан-көргөндөрүн көбүртүп-жабыртып, терс маанайда айтышкандыктан, Жахабанын элинин үрөйү учуп, ындыны өчкөн (Сан. 14:1—4). Эмне үчүн? Кыязы, эл чалгынчылардын көбү жаман кабар алып келгендиктен, алардыкы туура деп ойлосо керек. Ошондуктан ишеничтүү эки кишинин, Жашыя менен Калептин, айткандарын укпай коюшкан (Сан. 14:6—10). Далилдерге көңүл буруп, Жахабага ишеним арткандын ордуна, ысрайылдыктар жалган сөзгө ишенип калышкан. Бул кандай гана акылсыздык болгон!

6. Жахабанын эли тууралуу терс нерселерди укканда эмне үчүн таң калбашыбыз керек?

6 Жахабанын эли жөнүндө ар кандай маалыматтарды укканда өзгөчө сак болушубуз керек. Ыйык Китепте Шайтан жөнүндө «бир туугандарыбызды... айыптаган айыптоочу» деп айтылганын эч качан унутпа (Аян 12:10). Иса Машаяк да каршылаштарыбыздын бизге «ар кандай жалган жалаа жабышарын» эскерткен (Мт. 5:11). Эгер ушуну эстен чыгарбасак, Жахабанын эли тууралуу терс нерселерди укканда таң калбайбыз.

7. Электрондук кат, SMS же дагы башка нерселерди жөнөтөрдөн мурун эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?

7 Сен досторуңа, тааныштарыңа электрондук кат, SMS же дагы башка нерселерди жөнөткөндү жакшы көрөсүңбү? Ошондой болсо, маалыматты биринчи болуп жеткирүүгө ашыккан журналисттей болуп, жалпыга маалымдоо каражаттарынан көргөн же кимдир бирөөдөн уккан окуяны башкаларга жөнөтүүгө шашпайсыңбы? Бирок аны башкаларга жөнөтөрдөн мурун: «Бул маалымат туурабы? Мунун чындыгын ырастаган жетиштүү далилдер барбы?» — деп ойлонуп көр. Болбосо өзүң билбей эле бир туугандарыбыздын арасына жалган маалыматтарды таратып жиберишиң мүмкүн. Шектенип жатсаң, жөнөтүү деген баскычты эмес, өчүрүү дегенди бас.

8. Айрым өлкөлөрдөгү каршылаштарыбыз эмне кылышы мүмкүн жана кандайча өзүбүз билбей эле алар менен кызматташып калышыбыз ыктымал?

8 Электрондук кат, SMS же дагы башка нерселерди дароо жөнөтүүнүн дагы бир коркунучу бар. Айрым өлкөлөрдө биздин ишибизге чектөө коюлган же такыр эле тыюу салынган. Андай жерлерде ишенимдештерибизди коркутуш үчүн же алар бири-бирине ишенбей калышы үчүн, каршылаштарыбыз атайылап туура эмес маалыматтарды таратышы ыктымал. Мурунку Советтер Союзунда эмне болгонун карап көрөлү. КГБ деп белгилүү болгон жашыруун полиция айрым көрүнүктүү бир туугандардын Жахабанын элин сатып кеткени жөнүндө жалган маалымат таратышкан *. Көптөр ага ишенип алып, натыйжада уюмдан алыстап кетишкен. Бул абдан өкүнүчтүү болгон! Кубанычтуусу, көбү кайтып келген, бирок айрымдары такыр кайрылып келген эмес. Алардын ишеними кеме сыяктуу кыйроого учураган (1 Тим. 1:19). Мындай нерсеге кабылбаш үчүн эмне кылсак болот? Терс же далилденбеген маалыматтарды таратуудан кач. Ишенчээк болбо. Жетиштүү далилдер бар экенине ынангыдай бол.

ТОЛУК ЭМЕС МААЛЫМАТ

9. Туура жыйынтыкка келүүгө дагы эмне тоскоолдук кылат?

9 Жарым-жартылай чындык камтылган билдирүүлөр же толук эмес маалыматтар да туура жыйынтыкка келүүгө тоскоолдук кылат. 10 эле пайызы чындык болгон маалымат адамды 100 пайызга адаштырат. Кичине эле чындык камтылган билдирүүлөргө алданып калбаш үчүн эмне кылсак болот? (Эф. 4:14).

10. Ысрайылдыктар кандайча бир туугандарын кырып сала жаздашкан, бирок эмнеден улам токтоп калышкан?

10 Жашыянын убагында Иордан дарыясынын батыш тарабында жашаган ысрайылдыктардын окуясын карап көрөлү (Жаш. 22:9—34). Алар дарыянын чыгыш тарабында жашаган ысрайылдыктардын (Рубейин, Гат урууларынын жана Менаше жарым уруусунун) Иордан дарыясынын жанына абдан чоң курмандык жайын курганын угушкан. Бул чындык болчу. Бирок ушул маалыматтын негизинде эле дарыянын батыш тарабындагы ысрайылдыктар аларды Жахабага каршы иш кылды деп ойлоп, алар менен согушмакчы болгон. (Оку: Жашыя 22:9—12.) Бактыга жараша, алар чабуул коёрдон мурун ишеничтүү кишилерин иштин чоо-жайын билип келүүгө жөнөтүшкөн. Алар ал жакка барганда эмнени билишкен? Рубейин, Гат уруулары жана Менаше жарым уруусу курмандык жайын курмандык чалыш үчүн эмес, эстелик катары курушкан болчу. Тагыраак айтканда, алардын да Жахабанын ишенимдүү кызматчылары экенин кийин эч ким танбашы үчүн ошентишкен. Дарыянын батыш тарабындагы ысрайылдыктар толук эмес маалыматтын негизинде кызыл кыргын салбай, адегенде баарын териштиришкенине аябай сүйүнүшсө керек.

11. а) Мепибешет кандайча адилетсиздикке кабылган? б) Дөөтү адилетсиздик кылуудан канткенде кача алмак?

11 Кээде кимдир бирөө биз жөнүндө жарым чындык камтылган же толук эмес маалымат тараткандыктан, адилетсиздикке кабылып, жүрөгүбүз жараланышы мүмкүн. Дөөтү падыша менен Мепибешеттин окуясы тууралуу ойлонуп көрөлү. Дөөтү Мепибешетке мээримдүүлүк көрсөтүп, чоң атасы Шабулдун бардык жерин ага кайрып берген (2 Шем. 9:6, 7). Бирок кийин ал Мепибешет жөнүндө терс маалымат уккан. Ошондо аны текшербей туруп, Мепибешетти бүт мүлкүнөн ажыратып койгон (2 Шем. 16:1—4). Кийинчерээк Дөөтү падыша ага жолукканда өзүнүн ката кетиргенин түшүнүп, мүлкүнүн айрым бөлүгүн кайра берген (2 Шем. 19:24—29). Эгер ал толук эмес маалыматтан улам дароо иш-аракет кылып кирбей, анын чын-төгүнүн текшергенде, мындай адилетсиздик болмок эмес.

12, 13. а) Башкалар Иса пайгамбар жөнүндө жалган нерселерди айтышканда, ал эмне кылган? б) Кимдир бирөө биз тууралуу ушак таратса, эмне кылсак болот?

12 Кимдир бирөө сен тууралуу ушак таратсачы? Иса Машаяк менен Чөмүлдүрүүчү Жакан ошондой кыйынчылыкка кабылган. (Оку: Матай 11:18, 19.) Андай жагдайда Иса эмне кылган? Ал өзүн актаганга бүт күчүн, убактысын короткон эмес. Тескерисинче, башкаларды далилдерге — анын кылган иштерине, окууларына — көңүл бурууга үндөгөн. Иса: «Адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»,— деген (Мт. 11:19).

13 Андан биз маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз. Кээде айрымдар биз жөнүндө туура эмес нерселерди айтышы же сындашы мүмкүн. Андайда адилеттүүлүктү каалап, аброюбузду коргош үчүн бир нерсе кылгыбыз келиши ыктымал. Бирок эмне кылсак болот? Эгер кимдир бирөө биз жөнүндө жалган маалымат таратса, анын карандай калп экенин жашообуз менен көрсөтүшүбүз керек. Ооба, Исанын үлгүсү көрсөтүп тургандай, Кудайдын кызматчылары катары өзүбүздү үлгүлүү алып жүргөнүбүз биз жөнүндө айтылган калп аралаш маалыматты жана жалган айыптын баарын төгүнгө чыгарат.

ӨЗҮҢӨ ТАЯНБАЙСЫҢБЫ?

14, 15. Өз түшүнүгүбүзгө ишеним артканыбыз кандайча тузак болушу мүмкүн?

14 Туура жыйынтык чыгарууга далилдердин жетишсиз болгонунан тышкары, өзүбүздүн жеткилеңсиздигибиз да тоскоолдук кылат. Балким, биз Жахабага ондогон жылдардан бери ишенимдүү кызмат кылып келаткандырбыз. Ошол жылдар аралыгында туура ой жүгүртүүгө, кыраакылыкка үйрөнгөндүрбүз. Башкалар бизди акыл-эстүүлүгүбүз үчүн урматтап-сыйлашы ыктымал. Бирок бул бизге тузак болушу мүмкүнбү?

15 Ооба, эгер өз түшүнүгүбүзгө өтө эле таянсак, ошондой болушу толук мүмкүн. Андайда сезимдерибиз, жеке ойлорубуз акылыбызды бийлеп алат. Ошондуктан бизде толук маалымат жок болсо да, жагдайды жакшы билем деп ойлой башташыбыз ыктымал. Бул абдан кооптуу! Ыйык Китепте өз түшүнүгүбүзгө ишеним артпашыбыз керектиги ачык эле эскертилет (Накыл 3:5, 6; 28:26).

16. Рамис ресторандан эмнени көргөн жана ал дароо эле эмне деп ойлоно баштаган?

16 Ойдон чыгарылган мындай жагдайды элестетип көрсөң. Бир күнү кечинде Рамис деген тажрыйбалуу аксакал ресторандан Артур деген аксакалдын бир чоочун аял менен отурганын көрүп калат. Рамис алардын каткырып, көңүлдүү отурганын, бири-бирин кучактап жатканын байкайт. Ошондо ал: «Эми Артур аялы менен ажырашып кетеби? Аялы эмне болот? Балдарычы?» — деп аябай тынчсыздана баштайт. Рамис ушул сыяктуу жагдайларга мурун да кабылган. Эгер сен анын ордунда болсоң, кандай сезимде болот элең?

17. Рамис кийин эмнени билген жана мындан кандай сабак алсак болот?

17 Жыйынтык чыгарганга шашпай тур. Рамис дароо эле Артур аялына ишенимсиздик кылды деп ойлосо да, анда жетиштүү далилдер бар беле? Ошол эле кечте Рамис ага телефон чалат. Артур менен чогуу отурган аялдын анын алыста жашаган бир тууган эжеси экенин билгенде Рамистин канчалык жеңилдей түшкөнүн элестетсең. Көрсө, Артур эжеси экөө көп жылдан бери көрүшө элек экен. Эжеси өтүп баратып, бир нече эле саатка тие кеткендиктен, Артурдун аны менен ресторандан гана жолукканга мүмкүнчүлүгү болуптур. Аялы болсо кандайдыр бир себептен улам келе албай калган экен. Рамистин Артур жөнүндө ойлогондорун башкаларга айтпаганы кандай жакшы болгон. Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Кудайдын кызматчысы катары кандай тажрыйбага ээ болбойбу, жыйынтык чыгарардан мурун далилдерди жакшылап иликтеп көрүшүбүз керек.

18. Келишпестиктен улам кандайча туура эмес ой жүгүртүп алышыбыз мүмкүн?

18 Жыйналыштагы кайсы бир ишенимдешибиз менен болгон келишпестик да жагдайга туура баа бергенге тоскоолдук кылат. Эгер ортобузда болгон көйгөй тууралуу дайыма ойлоно берсек, ал ишенимдешибизге шектүү карай башташыбыз мүмкүн. Анан ал жөнүндө терс нерсе укканда дароо эле ишенип калышыбыз ыктымал. Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Бир туугандарыбызга карата терс көз карашта болсок, эч кандай далил жок болсо деле, алар жөнүндө туура эмес жыйынтык чыгарып алышыбыз мүмкүн (1 Тим. 6:4, 5). Андан качыш үчүн көрө албастыктын, ичи тардыктын жүрөгүбүздө тамырлашына жол бербешибиз керек. Андай терс сезимдерге алдырбай, бир туугандарыбызды сүйүүгө милдеттүү экенибизди жана бири-бирибизди чын жүрөктөн кечиришибиз керектигин эсибизден чыгарбайлы. (Оку: Колосалыктар 3:12—14.)

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕР КОРГОЙТ

19, 20. а) Маалыматтын тууралыгын аныктоого Ыйык Китептеги кайсы принциптер жардам берет? б) Эмки макалада эмнени талкуулайбыз?

19 Бүгүнкү күндө туура эмес маалыматтардан, жарым-жартылай чындык камтылган билдирүүлөрдөн жана өзүбүздүн жеткилеңсиздигибизден улам кайсы бир нерсе тууралуу толук маалымат алып, туура жыйынтыкка келүү бир топ кыйынга турат. Анда бизге эмне жардам берет? Биз Ыйык Китептеги принциптерди билишибиз жана аларды колдонушубуз керек. Андай принциптердин бирине ылайык, аягына чейин укпай туруп жооп берген киши акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат (Накыл 18:13). Дагы бир принциптен ар бир сөзгө ишене бербешибиз керектигин билдик (Накыл 14:15). Ошондой эле дагы башка принципке ылайык, Кудайга канча жылдан бери кызмат кылбайлы, өз түшүнүгүбүзгө ишеним артпашыбыз керек (Накыл 3:5, 6). Эгер туура жыйынтыкка келип, акылдуулук менен чечим чыгарыш үчүн маалыматты ишеничтүү булактан алсак, Ыйык Китептеги принциптер бизди коргойт.

20 Бирок кыйынчылык туудурган дагы бир нерсе бар. Биз башкаларга сырткы нерсесине карап баа берүүгө жакын келебиз. Кийинки макалада буга байланыштуу айрым тузактарды жана аларга түшпөш үчүн эмне кылсак болорун карап чыгабыз.

^ 8-абз. Кара: Жахабанын Күбөлөрүнүн 2004-жылдагы «Жылдык китеби», 111, 112-беттер жана 2008-жылдагы «Жылдык китеп», 133—135-беттер, ор.