Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Ындынымды суутпоого чечкиндүүмүн

Ындынымды суутпоого чечкиндүүмүн

«АТА», «БАЙКЕ». Бейтелдеги көп жаштар мага адатта ушинтип кайрылышат. Жашым 89да болгондуктан, бул мага аябай жагат. Алардын мага карата ушундай ынак сезимдерди туйганын 72 жыл толук убакыт кызмат кылганым үчүн Жахабадан алган баталарымдын бири деп эсептейм. Кудайга кызмат кылууда топтогон тажрыйбамдан улам ал жаштарга: «Эгер ындыныңарды өчүрбөсөңөр, кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар»,— деп чын жүрөктөн айта алам (2 Жылн. 15:7).

АТА-ЭНЕМ МЕНЕН БИР ТУУГАНДАРЫМ

Ата-энем Украинадан Канадага жер которуп барган. Алар Манитоба провинциясындагы Россберн шаарына отурукташып калышкан. Апам 8 уул, 8 кыз төрөгөн, бирок арабызда эгиз жок. Мен он төртүнчү баласымын. Атам Ыйык Китепти абдан жакшы көрчү. Жекшемби күндөрү эртең менен аны бизге окуп берер эле. Бирок динди элден акча өндүрүүнүн жолу деп эсептечү. Ал: «Элге кабар айтып, окутканы үчүн Исага ким төлөдү болду экен?» — деп көп тамашалачу.

Бир туугандарымдын сегизи: төрт байкем менен төрт эжем чындыкты кабыл алышты. Роуз деген эжем өмүрүнүн аягына чейин пионер болуп кызмат кылды. Көз жумарына аз калганда ал ар бир кишини Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга көңүл бурууга үндөп: «Сенин жаңы заманда жашашыңды каалайм»,— деп айтып жатты. Ал эми Тед байкем мурун тозок оту жөнүндө кабар айтчу. Жекшемби сайын эртең менен радиодон угуучуларына күнөөкөрлөрдүн тозок отунда түбөлүккө кыйналарын кайра-кайра баса белгилеп, ушунчалык ынтызарлык менен айтчу. Кийин ал Жахабанын ишенимдүү, ынталуу кызматчысы болду.

ТОЛУК УБАКЫТ КЫЗМАТТЫ БАШТАШЫМ

1944-жылы июнда бир күнү үйгө келсем, ашканадагы үстөлдүн үстүндө «Жакындап келаткан кайра жаралуу доору» * деген китепче туруптур. Мен анын биринчи бетин, анан экинчи бетин окудум, анан токтоно албай аягына чейин окуп чыктым. Китепчени толугу менен окуп бүткөндөн кийин Исага окшоп Жахабага кызмат кылгым келе баштады.

Ал китепче биздин үйгө кандайча келип калган? Стив байкем үйгө китепчелерди жана китептерди «саткан» эки киши келгенин айтты. Анан: «Мен ушуну сатып алдым, анткени 5 эле цент турат экен»,— деди. Ал кишилер кийинки жекшембиде кайра келип, Жахабанын Күбөлөрү экенин, суроолорго Ыйык Китептин негизинде жооп берерин айтышты. Бул бизге абдан жакты, себеби ата-энебиз бизди Кудайдын Сөзүн баалоого үйрөткөн болчу. Ошондой эле алар жакында Виннипег шаарында Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйыны болорун айтышты. Ал шаарда Элси деген эжем жашачу. Мен жыйынга барып келейин деп чечтим.

Велосипедимди тээп алып өңгүл-дөңгүл жерлер менен 320 километр жол жүрүп Виннипег шаарына бардым. Бирок ал жакка баратканда жолдон Келвуд шаарына тийип, биздин үйгө келип кеткен баягы эки Жахабанын Күбөсүнүкүнө токтодум. Ал жерден жыйналышка катышып, жыйналыш деген эмне экенин билдим. Ошондой эле ар бир киши: аялбы, эркекпи, жашпы Исадай болуп үйдөн үйгө кабар айтышы керектигин да түшүндүм.

Виннипегден Жек байкеме жолуктум. Ал жыйынга катышуу үчүн Онтарионун түндүгүнөн келген. Жыйындын биринчи күнүндө бир бир тууган чөмүлтүлүү болорун кулактандырды. Жек байкем экөөбүз ошол жыйында чөмүлүүнү чечтик. Биз чөмүлгөндөн кийин мүмкүн болушунча эртерээк пионердик кызматты баштоого чечкиндүү болчубуз. Байкем ошол жыйындан кийин эле толук убакыт кызматты баштады. Мен болсо 16 жашта болгондуктан кайра мектепке барышым керек эле. Бирок кийинки жылы мен да үзгүлтүксүз пионерлердин катарына кошулдум.

КӨП НЕРСЕГЕ ҮЙРӨНҮШҮМ

Пионердик кызматты баштап, Стан Николсон деген бир тууган менен Манитоба провинциясындагы Соурис шаарында кызмат кыла баштадым. Көп өтпөй эле пионердик кызматтын дайыма эле оңой боло бербесин түшүндүм. Акчабыз түгөнгөндөн түгөнүп баратты, бирок биз кабар айтканыбызды уланта бердик. Күндөрдүн биринде кечке кабар айтып, чөнтөгүбүздө сокур тыйыныбыз жок, өлөрчө ачка болуп үйгө келдик. Келсек, эшиктин алдында азык-түлүк салынган чоң кап туруптур! Аны ким коюп кеткени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Ошол кечте падышалардай тамактандык. Ошентип, ындыныбызды суутпаганыбыз үчүн зор сыйлык алдык! Айдын аягында таразага түшсөм, толуп калыптырмын. Өмүрүмдө анчалык салмак кошо элек болчумун.

Бир нече айдан кийин Соуристин түндүгүнөн 240 километрдей алыстыкта жайгашкан Гилберт Плейнс шаарына дайындалдык. Ал кездерде ар бир жыйналыштын сахнасында жыйналыштын ай сайынкы кызматы жазылган чоң көрсөткүч илинип турчу. Айлардын биринде жарчылардын кызматы төмөндөп кеткендиктен, бир туугандардын жакшыраак кызмат кылышы керектигин баса белгилеп, жыйналыштан сөз сүйлөдүм. Күйөөсү чындыкта болбогон жашы улуураак бир пионер эже жыйналыштан кийин мага келип: «Мен аябай аракет кылдым, бирок мындан көптү кыла албай койдум»,— деп ыйлады. Ошондо мен да ыйлап, кечирим сурадым.

Күчү ашып-ташып турган жаш бир туугандар оңой эле меникиндей ката кетирип алып, ошондон улам көңүлү чөгүп калышы мүмкүн. Андайда ындыныңды өчүргөндүн ордуна, катаңдан сабак алып, аны эсиңден чыгарбаганың жакшы экенине өз тажрыйбаман ынандым. Андан ары ишенимдүү кызмат кыла берсең, сөзсүз бата аласың.

КВЕБЕК САЛГЫЛАШЫ

1950-жылы февралда 21 жашымда Гилат мектебинин 14-классын бүтүрүү мен үчүн зор сыймык болду! Студенттердин төрттөн бир бөлүгү эли французча сүйлөгөн Квебекке жөнөтүлдү. Канаданын ал провинциясында Жахабанын Күбөлөрү диний жактан катуу куугунтукталып жаткан. Мен алтын чыккан Валдор шаарына дайындалдым. Күндөрдүн биринде бир нече бир тууган болуп жакын жердеги Вал-Сенневилл кыштагына кабар айтып бардык. Жергиликтүү бир дин кызматчы кыштактан дароо чыгып кетпесек, ур-токмокко алабыз деп коркутту. Ошондо мен доо-арыз менен сотко кайрылдым. Сот аны айып пул төлөөгө милдеттендирди *.

Ошол жана башка көптөгөн окуялар «Квебек салгылашына» кирген окуялардан болуп калды. Квебек провинциясы 300 жылдан ашуун убакыттан бери Рим-католик чиркөөсүнүн көзөмөлү алдында болуп келген. Диний жетекчилер менен алардын саясий шериктери Жахабанын Күбөлөрүн дайыма куугунтуктачу. Ал убак оңой эмес эле, биз да аз эле болчубуз. Бирок ындыныбызды өчүргөн жокпуз. Квебектин жүрөгү таза тургундары кабарыбызга кулак кагып жатышты. Мен чындыкты кабыл алган бир канча киши менен изилдөө өткөрчүмүн. Алардын арасында 10 кишиден турган бир үй-бүлө да бар эле. Кийин ал үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү Жахабага кызмат кыла башташты. Алардын кайраттуулугу башкаларга католик чиркөөсүнөн чыгууга түрткү берди. Ошентип, кабар айтканыбызды токтоткон жокпуз. Акыры, салгылашта жеңип чыктык!

БИР ТУУГАНДАРДЫ ӨЗ ТИЛИНДЕ ҮЙРӨТҮҮ

1956-жылы Гаитиге дайындалдым. Миссионерлердин көбү француз тилин үйрөнө албай кыйналчу, бирок эл аларды уга берчү. Стенли Боггэс деген миссионер: «Адамдардын бизге оюбузду жеткирүүгө жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылганына аябай таң калдык»,— деп айткан. Француз тилин Квебекте жүргөндө үйрөнүп алганымдын башында бир топ пайдасы тийди. Бирок көп өтпөй эле жергиликтүү бир туугандардын көбү креол (гаити) тилинде гана сүйлөөрүн байкадык. Ошондуктан биз, миссионерлер, жакшы натыйжага жеткибиз келсе, жергиликтүү тилди үйрөнүшүбүз керектигин түшүндүк. Анан тил үйрөнүп, жумшаган күч-аракетибиздин акыбети кайтты.

Бир туугандарга андан ары жардам бериш үчүн Жетектөөчү Кеңештен «Күзөт мунарасын» жана башка адабияттарды креол (гаити) тилине которууга уруксат алдык. Ошондон кийин бүт өлкө боюнча жыйналышка келгендердин саны дүркүрөп өстү. 1950-жылы Гаитиде 99 жарчы бар болсо, 1960-жылы 800дөн ашты. Ошол убакта Бейтелде кызмат кылууга чакырылдым. 1961-жылы болсо Падышалык кызмат мектебинде сабак берүүгө дайындалдым. Ал мектептен жыйналыштын көзөмөлчүлөрү менен атайын пионерлер, баары биригип 40 киши билим алды. 1962-жылы январда өткөн жыйында талаптарга жооп берген жергиликтүү ага-инилерди көбүрөөк кызмат кылууга үндөдүк. Натыйжада айрымдары атайын пионер болуп дайындалышты. Бул өз убагында болуптур, себеби куугунтук башталганы жаткан экен.

1962-жылы 23-январда жыйындан кийин эле Эндрю Дамико деген миссионер экөөбүздү филиалдан кармап кетишти, ошондой эле француз тилиндеги «Ойгонгула!» журналынын 1962-жылы 8-январда чыккан санынын топтомун тартып алышты. Ал «Ойгонгула!» журналында Гаитиде спиритизм менен алектенишери жөнүндө француз гезиттерине чыккан маалыматтан цитата кылынган болчу. Айрымдарга бул жаккан эмес. Алар журналдагы макала филиалда жазылган деп айтышкан. Бир нече жумадан кийин миссионерлер депортация кылынган *. Бирок үйрөтүлгөн жергиликтүү бир туугандар ишти ийгиликтүү уланта беришкен. Азыр алардын ошондо көрсөткөн туруктуулугу, ишениминин канчалык өскөнү жөнүндө ойлонгондо алар менен бирге кубанам. Учурда ал ишенимдештерибизде атүгүл креол (гаити) тилинде Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» бар. Бир кездерде бул биз үчүн тек гана кыял болчу.

БОРБОРДУК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КУРУЛУШ ИШИ

Гаитиде кызмат кылгандан кийин Борбордук Африка Республикасына миссионер болуп дайындалдым. Кийинчерээк ал жакта кыдыруучу көзөмөлчү, андан кийин филиалдын көзөмөлчүсү болуп кызмат кылдым.

Ошол убактарда көптөгөн Падышалык залдары өтө жөнөкөй болчу. Мен бадалдардын арасынан саман чогултуп, чатыр жасаганды үйрөндүм. Ары-бери өткөндөр бул жаңы ишти эптеп кылып жатканымды карап өтүшчү. Ошондой эле бир туугандар мени көрүп, Падышалык залдарын куруу ишине көбүрөөк катышууга, аларды күтө билүүгө түрткү алышты. Диний жетекчилер алардын чиркөөлөрүнүн чатыры калайдан экенин, биз чогулган жайдыкы андай эмес экенин айтып, шылдыңдай беришчү. Ошого карабай Падышалык залдарыбыздын чатырын самандан жасай бердик. Өлкөнүн борбор калаасы Банги шаарында катуу бороон-чапкын болгондон кийин, алар шылдыңдаганын токтотту. Себеби бороон учурунда алардын чиркөөсүнүн калай чатыры чоң жолго чейин учуп келип, талкаланып калды. Биздин Падышалык залдарыбыздын саман чатыры болсо былк эткен жок. Падышалыктын ишине жакшы көзөмөл жүргүзүү үчүн 5 эле айдын ичинде жаңы филиал жана миссионерлер үйүн курдук *.

ЫНТАЛУУ КЫЗГА ҮЙЛӨНҮШҮМ

Баш кошкон күнүбүздө

1976-жылы Борбордук Африка Республикасында ишибизге тыюу салынгандыктан, кошуна жайгашкан Чаддын борбору Нджаменага дайындалдым. Ал жакка барганымдын жакшы жери, Камерундан болгон Хэппи деген ынталуу атайын пионерди жолуктурдум. Экөөбүз 1978-жылы 1-апрелде баш коштук. Так ошол айда жарандык согуш тутанды. Ошол себептен, көптөр сыяктуу эле, өлкөнүн түштүгүнө качтык. Согуш бүткөндөн кийин, кайтып келсек, үйүбүздү аскерлердин башкы башкармалыгы кылып алышыптыр. Адабияттар эле эмес, Хэппинин турмушка чыкканда кийген көйнөгү, үйлөнгөн күнүбүздө берилген белектер да жок кылыныптыр. Бирок ындыныбызды өчүргөн жокпуз. Анткени эң негизгиси бири-бирибизден айрылган жокпуз. Экөөбүз андан аркы иштерибизге көңүл топтой бердик.

Эки жылдай убакыт өткөндөн кийин Борбордук Африка Республикасындагы ишибизге салынган тыюу жоюлду. Ал жакка кайра кайтып барып, кыдыруучулук кызматты аткара баштадык. Биздин үйүбүз ичинде бүктөмө керебети, 200 литр суу баткан бочкасы, газ менен иштеген муздаткычы, газ-плитасы бар фургон болчу. Жол жүрүү оңой эмес эле. Бир жолку сапарыбызда бизди дээрлик 117 текшерүү постунан токтотушкан.

Абанын температурасы көп учурда 50 градуска чейин көтөрүлчү. Жыйындарда чөмүлө тургандар үчүн жетиштүү суу табыш кээде кыйын боло турган. Ошондуктан бир туугандар соолуп калган дарыялардын түбүн казып, аз-аздан суу чогултушчу да, көбүнчө бочкага куюп коюшчу. Чөмүлө тургандарды ошол бочкага чөмүлдүрчүбүз.

АФРИКАНЫН ДАГЫ БАШКА ӨЛКӨЛӨРҮНДӨГҮ КЫЗМАТЫМ

1980-жылы Нигерияга көчүп бардык. Ал жерден жаңы филиалды курууга даярдык көрүүгө 2 жарым жылдай көмөк кылдык. Бир туугандар чечилип-чогултула турган эки кабаттуу кампа сатып алышкан. Аны өзүбүздүн жерибизге курмакпыз. Бир жолу эртең менен ал кампаны чечүүгө жардам бериш үчүн анын бийик жерине чыктым. Түштөрдө ал жакка чыккан жолум менен ылдый түшүп келаткам. Бирок айрым жерлери өзгөрүп калгандыктан, туура эмес жерди басып алып, кулап түштүм. Акыбалым өтө оордой сезилген, бирок рентгенге түшүп, текшерилгенден кийин, доктур Хэппиге: «Тынчсызданбай эле койгула. Айрым байламталары эле үзүлүп кетиптир. Бир жумадай убакыттын ичинде жакшы болуп кетет»,— деди.

«Эл ташыган унаа» менен жыйынга баратабыз

1986-жылы Кот-д’Ивуарга көчүп барып, кыдыруучулук кызматка кириштик. Аны аткарууда кошуна жайгашкан Буркина-Фасого чейин барчубуз. Ал кезде Буркина кийин бир нече убакытка чейин үйүбүз болуп калат деп такыр ойлогон эмесмин.

Кыдыруучулук ишти аткарып жүргөндө фургондо жашачубуз

Канададан 1956-жылы кеткен элем. Ошондон 47 жыл өткөндөн кийин, 2003-жылы, Канаданын Бейтелине кайтып бардым. Бирок ал жолкусунда Хэппи экөөбүз бардык. Документ боюнча канадалык болгонубуз менен, жүрөгүбүздө африкалык болчубуз.

Буркина-Фасодо ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатам

2007-жылы кайрадан Африкага кеттик! Анда мен 79 жашта элем. Бизди Буркина-Фасого дайындашты. Ал жерде өлкөнүн комитетинде кызмат кылдым. Буркина-Фасодогу кеңсе алыскы котормо кеңсесине айланып, Бениндеги филиалдын көзөмөлү алдында болуп калды. Ошондуктан 2013-жылы августта Бениндеги Бейтелге дайындалдык.

Хэппи экөөбүз Бениндеги филиалда кызмат кылып жүргөндө

Ден соолугум начар болсо да, кызматты дагы деле аябай жакшы көрөм. Акыркы үч жылдын ичинде мээримдүү аксакалдардын, сүйүктүү жубайымдын жардамынын аркасында Гидион менен Фрежис деген кызыгуучуларга Ыйык Китепти изилдөөгө жана чөмүлүүгө көмөк кылып, кубаныч алдым. Учурда алар Жахабага ынтызарлык менен кызмат кылууда.

Убакыттын өтүшү менен жубайым экөөбүздү Түштүк Африкадагы филиалга которушту. Ал жактагы Бейтел үй-бүлөсү ден соолугума боорукердик менен кам көрүүдө. Түштүк Африка мен кызмат кылган Африка өлкөлөрүнүн жетинчиси. 2017-жылы октябрда өзгөчө батага ээ болдук. Тагыраак айтканда, Уориктеги (Нью-Йорк) бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктын арноо аземине катыштык. Ал эстен кеткис окуя болду!

1994-жылдагы «Жылдык китептин» 255-бетинде мындай деп жазылган: «Ишти көптөгөн жылдардан бери туруктуулук менен аткарып келаткандардын баарын буга үндөйбүз: „Кайраттуу болгула, ындыныңарды өчүрбөгүлө, анткени кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар“ (2 Жылн. 15:7)». Хэппи экөөбүз ушул чакырыкка кулак кагууга жана башкаларды да ошого үндөөгө чечкиндүүбүз.

^ 9-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан 1944-жылы чыгарылган. Учурда басылбайт.

^ 18-абз. Кара: «Ойгонгула!», 1953-жыл, 8-ноябрь, 3—5-беттер, англ.

^ 23-абз. Бул жөнүндө Жахабанын Күбөлөрүнүн 1994-жылдагы «Жылдык китебинин» 148—150-беттеринде кененирээк жазылган.

^ 26-абз. Кара: «Ойгонгула!», 1966-жыл, 8-май, 27-бет, англ.