Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган түшүнүктөрдүн баарын талкалагыла!

Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган түшүнүктөрдүн баарын талкалагыла!

«Биз туура эмес түшүнүктөрдү жана Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган менменсингендиктин баарын талкалайбыз» (2 КОР. 10:5).

124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Элчи Пабыл майлангандарга кандай эскертүү берген?

«МЫНДАН АРЫ өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле» (Рим. 12:2). Элчи Пабыл бул сөздөрдү Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларына жазган. Ал Кудайга арналган жана ыйык рух менен майланган адамдарга эмне үчүн ушундай олуттуу эскертүү берген? (Рим. 1:7).

2, 3. Шайтан бизди Жахабадан алыстатыш үчүн эмне кылат? Акылыбыздагы бекем чеп сыяктуу түптөлүп калган ойлордон кантип толугу менен арыла алабыз?

2 Пабыл, сыягы, кээ бир ишенимдештеринин Шайтандын дүйнөсүндө кеңири жайылган туура эмес түшүнүктөрдүн, ой толгоолордун таасирине алдырып жатканына тынчсызданган (Эф. 4:17—19). Биз да ошондой таасирге алдырып коюшубуз толук мүмкүн. Бул дүйнөнүн кудайы Шайтан бизди Жахабадан алыстатыш үчүн бүт күчүн жумшап, ар кандай ыкмаларды колдонот. Мисалы, атак-даңкты жакшы көрсөк, Шайтан ошол алсыздыгыбыздан пайдаланат. Ал каалагандай ой жүгүртүшүбүз үчүн, атүгүл башыбыздан өткөн нерселердин, маданиятыбыздын, билимибиздин бизге тийгизген таасирин да колдонушу ыктымал.

3 Акылыбыздагы бекем чеп сыяктуу түптөлүп калган терс ойлордон толугу менен арылуу мүмкүнбү? (2 Кор. 10:4). Бул тууралуу Пабылдын эмне дегенине көңүл бурсаңар. Ал: «Биз туура эмес түшүнүктөрдү жана Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган менменсингендиктин баарын талкалап, бардык ойлорду Машаякка баш ийдириш үчүн туткундайбыз»,— деген (2 Кор. 10:5). Ооба, Жахабанын жардамы менен терс ойлордон, көз караштардан арыла алабыз. Уу кесер сыяктуу эле, Кудайдын Сөзү бизге Шайтандын дүйнөсүнүн «уусуна» ууланып калбаганга көмөк кылат.

«АКЫЛЫҢАРДЫ ЖАҢЫРТКЫЛА»

4. Чындыкты таанып-билгенде көптөрүбүз эмнени өзгөрткөнбүз?

4 Ыйык Китептеги чындыкты таанып-билип, Жахабага кызмат кылууну чечкенде жашооңордо эмнелерди өзгөрткөнүңөрдү эстесеңер. Көптөрүбүз жаман иштерибизди таштаганбыз (1 Кор. 6:9—11). Бизге оңолгонго жардам бергенине Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

5. Римдиктер 12:2де жазылгандай, кайсы эки нерсени кылышыбыз керек?

5 Анткен менен ушуга эле ыраазы болуп калбашыбыз керек. Олуттуу күнөө деп эсептелген иштерибизди чөмүлгөнгө чейин эле токтоткон болсок да, аларды кайра кайталап алууга себеп боло турган нерселердин баарынан дагы деле сак болушубуз зарыл. Буга эмне жардам берет? Пабыл: «Мындан ары өзүңөрдү бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербегиле. Тескерисинче,.. акылыңарды жаңыртып, өзгөргүлө»,— деген (Рим. 12:2). Мындан көрүнүп тургандай, бизден эки нерсе талап кылынат. Биринчиден, өзүбүздү «бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол бербешибиз» керек. Экинчиден, акылыбызды «жаңыртып, өзгөрүлүшүбүз» зарыл.

6. Исанын Матай 12:43—45-аяттарда жазылган сөздөрүндө кандай маанилүү ой камтылган?

6 Пабыл бул аятта кеп кылган өзгөрүү сыртыбыздан эле өзгөргөндөй болуп көрүнүп коюуну билдирбейт. Ал — бүтүндөй табиятыбызга тиешелүү өзгөрүү. (« Өзгөрүүбү же ошондой көрүнүүбү?» деген кутучаны карагыла.) Биз акылыбызды, тактап айтканда, ички сезимдерибизди, маанайыбызды, каалоолорубузду толук өзгөртүшүбүз керек. Андыктан ар бирибиз: «Машаякка окшош болуш үчүн жүрөгүмдү, акылымды өзгөртүп жатамбы же сыртыман эле өзгөргөндөй болуп көрүнүп жатамбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз кажет. Бул абдан маанилүү. Эмне кылышыбыз керектигин Исанын Матай 12:43—45-аяттарда жазылган сөздөрүнөн биле алабыз (Аяттарды окугула.) Анын сөздөрүндө төмөнкүдөй маанилүү ой камтылган: туура эмес ойлордон арылып эле коюу жетишсиз, алардын ордун Кудайга жаккан ойлор менен толтурушубуз керек.

«АКЫЛЫҢАРГА ТҮРТКҮ БЕРҮҮЧҮ КҮЧ МЕНЕН... ЖАҢЫЛАНГЫЛА»

7. Ички дүйнөбүздү кантип өзгөртө алабыз?

7 Ички дүйнөбүздү өзгөртүү мүмкүнбү? Кудайдын Сөзүндө мындай делет: «Силер акылыңарга түрткү берүүчү күч менен мындан ары да жаңыланып, Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийишиңер керек» (Эф. 4:23, 24). Ооба, ички дүйнөбүздү өзгөртө алабыз, бирок бул оңой эмес. Ан үчүн туура эмес каалоолорубузду ооздуктап, жаман иштерибизди таштаганыбыз жетишсиз. Биз акылыбызды жаңылантышыбыз зарыл. Буга каалоолорубузду, жүрүм-турумубузду, ниетибизди өзгөртүү кирет. Бул болсо талыкпай иш-аракет кылууну талап кылат.

8, 9. Ички дүйнөбүздү өзгөртүшүбүз керектиги бир ишенимдешибиздин окуясынан кандайча көрүнүп турат?

8 Мисалга мурун зөөкүр болгон бир ишенимдешибизди алалы. Ал көп ичип, көп мушташчу. Кийин ошол адаттарын жеңип, чөмүлгөн. Бул аны тааныгандарга жакшы күбөлөндүрүү болгон. Бирок чөмүлгөнүнөн бир аз убакыт өткөндөн кийин ал күтүлбөгөн жерден сыноого кабылган. Бир күнү кечинде үйүнө бир мас киши келип, аны менен мушташмакчы болгон. Башында ишенимдешибиз жакшы эле карманган. Анткен менен тиги киши Жахабанын ысмына тил тийгизе баштаганда, чыдабай кетип, сыртка чыккан да, аны сабап салган. Ал эмне үчүн ошенткен? Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында ишенимдешибиз мушташууга болгон каалоосун басканы менен, акылын жаңырткан эмес. Башкача айтканда, ички дүйнөсүн өзгөрткөн эмес.

9 Бактыга жараша, ал багынбай, аракет кыла берген (Накыл 24:16). Аксакалдар жардам бергендиктен, ийгилик кылып, акыр-аягы аксакал болуп дайындалган. Бир жолу кечинде ал так эле баягыдай жагдайга туш болгон. Бир мас киши Падышалык залынын жанына келип, аксакалдардын бирин урганы жатыптыр. Ошондо ишенимдешибиз эмне кылган? Тиги киши менен жылуу-жумшак сүйлөшүп, аны тынчтандырган да, жетелеп, үйүнө чейин жеткирип койгон. Бул жолкусунда ал эмне үчүн башкача иш кылган? Анткени акылын толугу менен өзгөрткөн. Ал чындап момун, тынчтыкты сүйгөн киши болуп калган. Бул Жахабага даңк алып келген.

10. Ички дүйнөбүз өзгөрүшү үчүн, эмне кылышыбыз керек?

10 Мындай өзгөрүү бир күндүн ичинде же өзүнөн өзү эле болуп кетпейт. Ан үчүн көп жыл бою «бүт күч-аракетибизди» жумшашыбыз керек болушу мүмкүн (2 Пет. 1:5). Жахабага узак убактан бери кызмат кылып келатсак эле ички дүйнөбүз өзгөрүп калбайт. Өзгөрүш үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз зарыл. Анда кандай негизги кадамдарды жасашыбыз керек? Келгиле, алардын айрымдарын карап көрөлү.

АКЫЛЫБЫЗДЫ КАНТИП ЖАҢЫЛАНТА АЛАБЫЗ?

11. Тиленүү акылыбызды жаңылантууга кандайча жардам берет?

11 Биринчи маанилүү кадам — тиленүү. Забурчуга окшоп: «Оо, Кудайым, мага таза жүрөк сал, ичиме жаңы, туруктуу рух сал»,— деп тиленишибиз керек (Заб. 51:10). Акылыбызды жаңылантышыбыз керектигин түшүнүп, Жахабадан жардам сурашыбыз зарыл. Анын жардам берерине эмне үчүн шектенбесек болот? Буга бизди Жахабанын Жезекиел пайгамбардын күндөрүндөгү тоң моюн ысрайылдыктарга байланыштуу берген убадасы ынандырат. Ал: «Мен аларга бир жүрөк берем, алардын ичине жаңы рух салам... Эт жүрөк берем»,— деген. Башкача сөз менен айтканда, анын жетекчилигине моюн сунууга даяр жүрөк берерин убада кылган (Жез. 11:19). Жахаба ысрайылдыктарга өзгөрүүгө жардам бергиси келгендей эле, бизге да жардам берүүнү каалайт.

12, 13. а) Забур 119:59га ылайык, эмнелер тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек? б) Кайсы суроолордун үстүнөн ой жүгүртүшүбүз зарыл?

12 Экинчи маанилүү кадам — ой жүгүртүү. Кудайдын Сөзүн күн сайын кунт коюп окуганда кайсы ойлорубузду, сезимдерибизди өзгөртүшүбүз керектигин аныкташ үчүн терең ой жүгүртүүгө убакыт бөлүшүбүз кажет. (Окугула: Забур 119:59; Евр. 4:12; Жкп. 1:25.) Дүйнөнүн ой толгоолору акылыбызга, сезимдерибизге таасир этип жаткан-жатпаганын текшеришибиз зарыл. Алсыз жактарыбызды чынчылдык менен моюнга алып, аларды жеңүүгө бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек.

13 Маселен, мындай суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көрсөк болот: Жүрөгүмдө, кенедей болсо да, көрө албастык, ичи тардык жокпу? (1 Пет. 2:1). Туулуп-өскөн жеримден, алган билимимден же дүнүйө-мүлкүмдөн улам анча-мынча болсо да бой көтөрбөймбү? (Накыл 16:5). Өзүмдү социалдык абалы төмөнүрөөктөрдөн же улуту бөлөктөрдөн жогору көрбөймбү? (Жкп. 2:2—4). Шайтандын дүйнөсү сунуш кылган нерселерге кызыкпаймбы? (1 Жкн. 2:15—17). Адеп-ахлаксыздык же зордук-зомбулук камтылган көңүл ачууларды жакшы көрбөймбү? (Заб. 97:10; 101:3; Амос 5:15). Бул суроолорго жооп берип жатып иштей турган жактарыбызды байкашыбыз мүмкүн. Кан-жаныбызга сиңип калган андай нерселерди жеңсек, асмандагы Атабызга жагабыз (Заб. 19:14).

14. Чөйрөнү туура тандоо эмне үчүн маанилүү?

14 Маанилүү кадамдардын үчүнчүсү — чөйрөнү туура тандоо. Өзүбүз байкайбызбы же жокпу, жакын мамилелешкен адамдарыбыз бизге күчтүү таасир этет (Накыл 13:20). Иштеген же окуган жерибиздегилердин бизге Кудайга жаккан нерселерди ойлоого түрткү бербеси түшүнүктүү. Ал эми жыйналыштагылар жакшы чөйрө болуп бере алат. Алар «сүйүүгө жана жакшы иштерге» түрткү беришет (Евр. 10:24, 25).

«ИШЕНИМИҢЕРДИ БЕКЕМ САКТАГЫЛА»

15, 16. Шайтан ой жүгүртүүбүздү өзгөртүүгө кантип аракет кылат?

15 Шайтандын биздин ой жүгүртүүбүздү өзгөртүүнү көздөөрүн унутпагыла. Ал Ыйык Китептин ой жүгүртүүбүзгө тийгизген жакшы таасирин жоюш үчүн ар кандай ой толгоолорду колдонот.

16 Шайтан Эйден багында Обо энеден: «Чын эле Кудай... айтты беле?» — деп сураган (Башт. 3:1). Ал бүгүнкү күндө да ошондой эле ыкманы колдонот. Анын бийлиги астында жаткан азыркы дүйнөдө шек туудурган мындай суроолорду көп угабыз: «Бир жыныстагылардын баш кошкону чындап эле Кудайга жакпайбы? Кудай чындап эле майрамдарды же туулган күндү белгилешиңерди каалабайбы? Кудайыңар чындап эле кан куйдурушуңарга каршыбы? Мээримдүү Кудай жыйналыштан чыгарылган жакыныңар менен мамилеңерди токтотушуңарды чындап эле каалайбы?»

17. Ишенген нерселерибизге шек туудурган суроолорду укканда эмне кылышыбыз керек жана Колосалыктар 2:6, 7ден көрүнүп тургандай, анын натыйжасы кандай болот?

17 Биз Ыйык Китептен окуп-билгендерибизге бекем ишенишибиз керек. Эгер маанилүү суроолорубуздун жообун тапканга аракет кылбасак, ишенген нерселерибиздин чындык экенине шектене башташыбыз мүмкүн. Андай шектенүүлөр акыр-аягы ой жүгүртүүбүздүн бурмаланышына, ишенимибиздин кыйрашына алып келет. Анда эмне кылышыбыз зарыл? Ыйык Китепте «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан, жеткилең эркин таанып-билип», ага ынаныш үчүн акылыбызды жаңыртууга чакырылабыз (Рим. 12:2). Дайыма изилдөө жүргүзүүнүн аркасында Ыйык Китептен окуп-билгендерибиздин чындык экенине, Жахабанын нормаларынын баары туура экенине толук ынанабыз. Ошондо тамырын терең жайган дарактай болуп, чындык жолунда терең тамырлап, ишенимибизди бекем сактайбыз. (Окугула: Колосалыктар 2:6, 7.)

18. Канткенде Шайтандын дүйнөсүнүн уулуу таасирине алдырбайбыз?

18 Ишенимин ар бир адам өзү гана чыңдай алат. Андыктан акылыңарга түрткү берүүчү күч менен мындан ары да жаңылана бергиле. Үзгүлтүксүз тиленгиле, Жахабадан ыйык руху менен жардам беришин сурангыла. Терең ой жүгүрткүлө, ойлоруңарды жана ниетиңерди текшерип тургула. Чөйрөнү туура тандагыла, ой жүгүртүүңөрдү өзгөртүүгө жардам бере турган адамдар менен достошкула. Ушуларды кылсаңар, Шайтандын дүйнөсүнүн уулуу таасирине алдырбай, «туура эмес түшүнүктөрдү жана Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган менменсингендиктин баарын талкалай» аласыңар (2 Кор. 10:5).

50-ЫР: Арналуу тиленүүсү

^ 5-абз. Башыбыздан өткөндөр, маданиятыбыз, алган билимибиз ой жүгүртүүбүзгө же жакшы, же жаман таасир этет. Кээде айрым туура эмес ой-түшүнүктөрдүн кан-жаныбызга терең сиңип калганын байкашыбыз мүмкүн. Бул макалада алардан кантип арыла аларыбызды талкуулайбыз.